Индияда пилдердин сөөгүнүн жанында аял

Индияда 18 пил чагылган тийип өлдү. Жүрөк ооруткан сүрөттөр

306
(жаңыланган 14:16 16.05.2021)
Пилдерге чагылган тийип өлдү деп айтылганы менен айрым жаратылыш коргоочулары алар ууланышы ыктымал деп божомолдоодо.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Индияда катуу шамал болуп 18 пилге чагылган тийип өлдү. Бул тууралуу "National Geographic Россия" басылмасы жазды.

Ага ылайык, өлгөн пилдер Ассам штатындагы Гувахати аймагындагы токойдон табылган. Токой департаментинин башкы офицери Амит Сахаи шаршемби күнү кечинде токойдо катуу шамал болуп, жаныбарларга чагылган тийгенин билдирген. 14 пилдин сөөгү дөңдүн өйдө жагынан, калганы ылдый жагынан табылган.

​Токой чарба министри Паримал Суклабайдья да жаныбарлар чагылгандан өлдү деп божомолдогон. Бирок индиялык жаратылыш коргоочулардын бири Сумьядип Датта соцтармактагы сүрөттөрдө пилдер уулангандай көрүнүп жатканын айткан.

​Алардын эмнеден өлгөнү ичин ачкандан кийин гана белгилүү болору кошумчаланган.

​Аталган аймактын тургундары өлгөн жаныбарлардын жанына гүл коюп, баштарын ачыла элек гүл менен кооздоп коюшкан.

306
Белгилер:
сүрөт, чагылган, пил, Индия
Тема боюнча
Энесине эч кимди жолотпой, чаңырып кууган пилдин баласы. Ич жылыткан видео
Жаалданган пил автоунааны артка сүрүп, капотун жулуп алган. Видео
Шарап. Архив

Ашказанды бузат. Шарапты кайсы тамактар менен аралаштырбоо керектиги айтылды

35
Дарыгер ичимдик менен айрым тамактарды кошо ичүү гастрит, ашказан жарасы жана панкреатит ооруларын күчөтөрүн билдирди.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шарап менен эмнелерди аралаштырып жесе болбой турганын РИА Новостиге гастроэнтеролог Анна Денисова айтып берди.

Адис шарап сыяктуу алкоголдук ичимдик менен майлуу жана ачуу тамактарды колдонуунун зыянын эскертти.

"Куйрук май, колбаса, семга, скумбрия, маринаддалган жашылча, суши жегенде колдонгон васаби татымалын шарап менен аралаштырган болбойт. Бөтөнчө гастрити же ашказанында жарасы барлардын оорусу күчөп кетиши мүмкүн. Ичимдик менен майлуу тамак ашказанга түшкөндө панкреатит да катуу кармайт. Мындайда бейтап ооруканага түшүп, операциялык жол менен дарыланышы мүмкүн", — деген дарыгер.

Мындан тышкары, гастроэнтеролог күнүнө бир-эки гана бокал шарап ичүүнү сунуштап, көп ичүү ден соолукка зыян экенин кошумчалаган.

Ошондой эле ичимдиктин өзүн эле ичүү да кооптуу экенин билдирген.

35
Белгилер:
ден соолук, ашказан, шарап
Тема боюнча
Кофеиндүү суусундуктар менен алкоголду чогуу ичүү жүрөк ыргагын бузат
Душанбе шаары, Тажикстан. Архив

Душанбеде ШКУнун 20 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

35
Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Душанбе шаарында 29-июндан тарта 2-июлга чейин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин арасында көркөм жана телефильмдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөргө "Алтын чабалекей" сыйлыгы жана дипломдор ыйгарылат.

Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөрү айтыла элек.

Эске салсак, ушул жылдын 15-июнь күнү бирикменин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу ар кандай саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.

35
Белгилер:
тасма, фестиваль, ШКУ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Байге фонду миллион сомдук республикалык айтыш сынагы өтөт
Кыргыздын "Шамбала" тасмасы Испаниядагы кинофестивалга катышат
Акча санап жаткан кассир. Архив

Төрт айда Кыргызстандан сыртка которулган каражат рекорддук чекке жетти

17
(жаңыланган 09:36 14.06.2021)
Өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 2021-жылдын январь-апрель айларында 37 миллион доллардан көп каражат чыккан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 2021-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жактарга 169,1 миллион доллар акча которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Мында сөз жеке адамдардын акча которуу тутуму аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат. Эгерде башка жылдардагы алгачкы төрт айдын көрсөткүчтөрүн алсак, быйылкы сумма рекорддук чекке жеткен.

Төмөндө ар башка жылдардын төрт айындагы маалыматтар келтирилди (суммасы 120 миллион доллардан ашкан жылдардагы маалыматтар гана көрсөтүлдү):

2020 — 132,3 миллион;

2019 — 163,3 миллион;

2018 — 151,4 миллион;

2014 — 134,2 миллион.

17
Белгилер:
чет өлкө, Акча которуулар, Кыргызстан
Тема боюнча
Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү