АКШнын 60 миң аскерден турган жашыруун армиясы. Newsweek иликтөө жарыялады

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШнын аскер кызматкерлери. Архив
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Макалада аскерлер өлкөнүн ичинде жана чет мамлекеттерде аскердик формачан жана жай жарандардай эле кийинип жүрүп иштешет деп жазылган. Аталган программага 130 жеке компания катышып, аларга жыл сайын 900 миллион доллар каражат сарпталары айтылган.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Акыркы 10 жыл ичинде Пентагон саны 60 миң адамга жеткен жашыруун армия түзгөн. Бул туурасында РИА Новости Newsweek басылмасына таянып жазды.
Бул эки жылдык иликтөө жүргүзгөндөн кийинки алынган маалымат экени кабарланган.
Отправка американских военных в Афганистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп
Журналдын жазганына караганда, алар ЦРУнун айтылбаган кызматкерлеринин санынан он эсеге көптүк кылат.
Макалада "жашыруун" аскерлер өлкөнүн ичинде жана чет мамлекеттерде аскердик формачан жана жай жарандардай эле кийинип жүрүп иштешет деп жазылган.
Мындан сырткары, аталган программага 130 жеке компания катышып, аларга жыл сайын 900 миллион доллар каражат сарпталары айтылган.
АКШ армиясынын атайын даярдыктагы күчтөрү жашыруун армиянын жарымысын түзөрү айтылды. Алардын максаты — кагылышуулар болгон аймакта жана касташкан өлкөлөрдөгү террорчулардын аркасынан түшүү делген.
"Иликтөөнүн авторлору бул жашыруун түзүм Вашингтонго террорчулук менен күрөшүү үчүн эле эмес, Россия, Кытай менен гибриддик согушта атаандаштык мүмкүнчүлүктү арттыруу үчүн керек деп эсептешет, — деп жазылган маалыматта.
Иликтөөдө алардын эң көп өсүп жаткан багыты жалган ысым менен жүргөн кибер аскерлер экени айтылган. Булардын интернеттен ар кыл маалыматтарды чогултары жана социалдык тармакта таасир бере алчу ар кыл кампанияларга катышып турары да маалымдалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0