Макгрегор жарыкка келген уулунун сүрөтүн көрсөттү

© AP Photo / Jordan StraussUFC боюнча ирландиялык мушкер Конор Макрегор. Архив
UFC боюнча ирландиялык мушкер Конор Макрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Макрегордун үй-бүлөсү бир кыз менен бир уулду тарбиялап жаткан. Спортчу жакында эле үчүнчү наристелүү болгон сүрөтүн жарыялады.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. UFC боюнча ирландиялык мушкер Конор Макрегор жаңы төрөлгөн уулунун сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына койду.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Conor McGregor Official (@thenotoriousmma)

Ал ымыркайга Райан деген ысым энчилегенин билдирди.
"Макрегорлордун кланы эми беш кишиден турат. Жакшынакай уул төрөлдү... Кудай, мага жана менин үй-бүлөмө берген жакшылыктарың үчүн ыраазымын", — деп жазган спортчу.
Макрегор менен Ди Дэвлин быйыл үй-бүлө курууга кам урган. Экөөнүн бир уул жана бир кызы бар болчу. Эми үчүнчү наристеси жарыкка келди.
Жаңылыктар түрмөгү
0