Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүттү. Эрдоган элге кайрылды

© Sputnik / Сертач Каяр / Медиабанкка өтүүТүркиянын Диярбакыр шаарында көчөдө бараткан адамдар. Архив
Түркиянын Диярбакыр шаарында көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Эрдоган карантинден улам элдин чыдамы кетип турганын билерин, бирок Түркия локдаундун натыйжасынан улам пандемияны кайрадан көзөмөлдөп калганын айткан.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүткөнүн, эми мындан ары коронавирус боюнча чектөө чараларын киргизбөөгө ишеним артып турганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Эрдоган буга чейин Түркияда пандемия учурунда эң узак локдаун — 29-апрель, саат 19.00дөн тарта 17-май, саат 5:00гө чейин чектөө жарыялаган эле.
ИИМден башка бардык уюмдар менен мекемелер бул мезгил ичинде өзүнүн ишин токтоткон. Өлкөнүн ичиндеги шаар аралык каттамдар бийликтин уруксаты менен гана жүргөн. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги аталган өлкөдө сутка ичинде коронавирус чыккан учур 10 512 болгонун, бул 1-мартка караганда бир топ азайгандыгын билдирди. Ал пандемия башталгандан тарта 6 эсеге түшкөн, 16-апрелде көрсөткүч 63 082 эле.
"Биз баарынын чыдамы кетип турганын билебиз. Кабыл алынган чаралар менен локдаундун натыйжасынан улам пандемияны кайрадан көзөмөлдөй алдык. Биз эң кыйын абалдан өттүк, эми мындай катаал чаралар башка жолу киргизилбейт деп ишенем. Бирок баары өзүбүзгө байланыштуу болот. Эл тиешелүү чараларды тоготпой койбошу керек", — деген Эрдоган бүгүнкү телекайрылуусунда.
ДССУнун башкы кеңсеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
COVID-19 жуктургандар жана көз жумгандар эң жогорку чегине жетти. ДССУ билдирүүсү
Анын айтымына караганда, чектөө муну менен бүтүп калбай 1-июнга чейин уланат жана жакын арада бул боюнча маалымат берилет.
Буга чейин Түркиянын ИИМи карантин акырындап алына баштаарын, бирок 1-июнга дейре саат 21:00дөн саат 5:00гө чейинки коменданттык саат уланарын айткан. Андан сырткары, ишемби, жекшембидеги күндөрдөгү чектөө да алынган эмес.
Ал эми шаар аралык поезддик каттамдар акырындап калыбына келери, кафе-ресторандар тамакты жеткирип берүү системасы менен иштей турганы кабарланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0