Ким утат? "Евровидение" сынагынын финалын утурлай сереп

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРепетиция первого полуфинала конкурса Евровидение-2021
Репетиция первого полуфинала конкурса Евровидение-2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Голландиянын Роттердамында түркүн түстүү, эч бир нерсеге салыштырылгыс "Евровидение – 2021" музыкалык сынагы башталды.
Түмөн түйшүккө салган эки жыл ичинде дүйнө Little Big тобунун Uno ырына тартылган клипте бийлеген Пухляшты (Дмитрий Красилов) жактырууга да, андан соң орус аялзаты тууралуу ыр боюнча урушуп алууга да үлгүрдү. Эми баарына чекит коюлуп, Rotterdam Ahoy аренасы ушул күндөрү Европанын эле эмес, бүт дүйнөнүн музыкалык борборуна айланып отурат.

Айран таң калтырган жасалгалар

Шейшемби, 18-майда, сынактын эки жарым финалынын бири өттү, анын жыйынтыгы боюнча, алгачкы саптагы он ырчы белгилүү болду.
"Евровидение" адаттагыдай эле көз жоосун алган жасалга, эбегейсиз телекартинасы менен өтүүдө. Кай тарапты караба, чоң экрандар илинген, лазердик нур ары-бери ойноп, 3D-проекциялар менен чагылууда. Ал эми сынактын катышуучуларын тааныштырган ар бир кыска тасма телеискусствонун өзүнчө эле бир чыгармасындай. Ал түгүл "Евровидение" сынагынын алпаруучуларынын бири Nikkie de Jager жомоктогу каармандай көрүндү, атайын эффектилер менен ойлонуштурулган анын образына "Ордо оюндарындагы" Бриенна Тарт да сук артары бышык. Ал эми катышуучулар бул жаатта алпаруучулар менен уюштуруучулардан кем калышпаптыр. Түндүк Македониянын атынан катышкан Vasil аткаруусунун эң салтанаттуу учуруна жеткенде күрмөсүнүн топчусун чече салып, роттердамдык аренаны, ага жакын кварталды кошо заматта атайын эффектилер менен жарык кылып жиберди.
Ал эми ирландиялык Lesley Roy (сахна жасалгасын орнотуудагы техникалык көйгөйлөрдөн улам кечигип да чыкты) үч мүнөткө созулган ырын баштан-аяк калың кагаздан жасалган токойлордо чуркап, кагазга сүрөтү түшүрүлгөн көчөлөрдү аралады. Анткен менен Vasil да, Lesley Roy да таасирдүү аткаруу, жагымдуу ырларына карабастан сынактын финалына илинбей калышты.
Ты супер! вокалдык конкурсунун катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Кастинг жарыяланды! Кыргызстандык жаш ырчылар эл аралык сынакка катышат
Болот кантип курчуду?
"Евровидениеде" Россияны Russian woman ("Орус аялзаты") деген ыры менен Манижа таанытууда. Ал дагы аткаруусунда атайын эффектилерди колдонбой койбоду. Сахнага көлөмдүү көйнөкчөн (жылдырылма каалга орнотулган чайниктеги куурчак-грелка формасындагы) чыгып, ырынын ортосуна жетпей андан шамдагайлык менен чыкты. Аткаруусу жалпысынан парадоксалдуу, баары аралаш: фольклордук түс, ошол эле учурда экрандарда социалдык-тармактык маани чагылдырылып, рэп да, хор да, бий да... Айтор, музыкалык эклектика, башкача айтканда, баарын жүйөсүз эле аралаштыргандай, феминисттик манифесттерди эске салгандай болду. Артыкчылыктарынын бири – орус аялзатынын умтулуусу, эрктүүлүгү жана кайраттуулугун чагылдыруусу. Манижа бүшүркөп калчу жан эмес, чындап мүнөзү бекем адам. Миллиондогон элдин алдында, түз эфирде толкунданып да, тизелери титиреп да койгон жок. Ырынын мазмунуна жараша "өйдө турду да, жөнөп кетти!" Мекенинде "жарым финалда эле утулат" деген божомолдорду жокко чыгарып, Европанын да көңүлүн ээлей алды. Мурдагы ал туурасындагы начар пикирлер, социалдык медиадагы жектеген комментарийлер акырындап жеңишти утурлаган "салюттарга" алмашты.

Сынактын "салтын" улай...

"Евровидениеге" быйыл да далайга чейин сындала турган ырчылар катышпай койбоду. Литвалык топ шиш такачан ырчысы менен чыкты. Андан кийинки швециялык ырчынын костюму да улуу муунду ыңгайсыз абалга калтырары турулуу иш. Мальталык ырчы "арыктардын ордун толуктар басты" деген мааниде обон созду.
Церемония вручения премии в области кино Золотой Орел - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
"Евровидение-2021" сынагына Россиядан тажик кызы катышат. Видео
Бирок сынактын биринчи жарым финалында европалык коомчулуктун белгилүү бир гендердик катмарынын ачык жүрүм-туруму же күчтүү жана көз карандысыз аялдардын темасы эмес, диний багытта: жарык менен караңгылыктын, жамандык менен жакшылыктын, сыйкырчылар менен суйкайган ханбийкелердин тиреши чагылдырылганы таң калтырбай койгон жок. Биринчилерден болуп кудайды словениялык ырчы даңазалап ырдаса, ага Кипрдин атынан катышкан кыз азезил тууралуу ыры менен жооп бергендей болду. Ага Норвегиянын артисти көмөктөшкөн сымал жолунан тайган периштенин формасында чыкты. Бирок ал периште словениялык ырчыга жардамдаша албады, анын ордуна укмуш татына кипрдик кыз (ыры эмне тууралуу экенин айтып өттүк) финалда ат салышмакчы.
"Периштелер менен шайтандардын айыгышкыс күрөшүндө" азербайжандык артист да, сыйкырчы Малефисентага окшош образда чыккан украиналык ырчы да байкалды. Айтмакчы, бул экөө тең финалга өттү. Алар Норвегия, Израиль, Россия, Мальта, Литва, Кипр, Швеция жана Бельгиянын намысын коргогондор менен  ушул ишембиде, 22-майда, жарышмакчы. Андыктан катышуучулардын чыгармаларында камтылган сыйынуу, дубалоо, ураан жана башка аргументтердин кайсынысы жеңип чыгары аныкталарына саналуу сутка, сааттар гана калды...
Жаңылыктар түрмөгү
0