Эйнштейндин кагазга жазып кеткен формуласы абдан көп акчага сатылды. Сүрөт

© AP PhotoФизик-теоретик Альберт Эйнштейн. Архив
Физик-теоретик Альберт Эйнштейн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Физиктин аукционго коюлган эмгеги дүйнөдөгү эң белгилүү формулалардын бири болуп саналгандыктан баасы да ошончолук кымбатка бааланып келет.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Физик-теоретик Альберт Эйнштейндин E=mc2 формуласын өз колу менен жазган каты Бостондогу RR Auction аукционунда 1,2 миллион доллардан ашык акчага сатылды. Бул тууралуу аукцион үйүнүн сайтында маалымдалганын РИА Новости жазды.
Каттын баштапкы баасы 400 миң доллар менен сатыкка коюлганы айтылат.
Массанын жана энергиянын эквиваленттүүлүгүн чагылдырган E=mc2 формуласы дүйнөдөгү эң белгилүү физикалык формулалардын бири болуп саналат.
Аукцион үйү Калифорния технологиялык институтунун жана Иерусалимдеги Еврей университетинин архив кызматкерлерине таянуу менен Эйнштейн өз колу менен жазып кеткен формуланын болгону төрт эле көчүрмөсү бар экенин билдирген. Анын бир көчүрмөсү кенен чөйрөгө биринчи ирет чыгарылды. Бул баалуу кагазды сатып алган адамдын ким экени ачыкталган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0