Кытайда марафон учурунда аба ырайы бузулуп 21 киши каза болду

© REUTERS / STRINGERКытайдын Ганьсу провинициясында издөө иштерин жүргүзүп жаткан куткаруучулар
Кытайдын Ганьсу провинициясында издөө иштерин жүргүзүп жаткан куткаруучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Синоптиктер иш-чара өткөн 21-22-май күндөрү марафон болчу аймакта аба ырайы кескин бузулуп суук болору тууралуу уюштуруучуларга маалымат бергенин айтып жатышат.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кытайдын Ганьсу провинциясында ультрамарафон учурунда аба ырайы кескин бузулуп, жолдо 21 катышуучу каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
100 чакырым аралыкты спортчулар тоо арасында чуркап өтүшү керек эле. Катышуучулар 20-30 чакырым жүргөндө күн бүркөлүп, катуу шамал болуп, мөндүр жаап ийген. Мындан улам жүгүрүп бараткандар үшүп, суукка урунуп калышкан.
"Жарыш башталганга чейин мен денемди жибитиш үчүн эки чакырым чуркап, бирок такыр ысый албай койгом. Ошондо эле шек санай баштагам. Кийин чуркап бара жатканда буту-колумдун манжаларын, жадагалса тилимди сезбей калдым, тоңуп калдым", — деди катышуучулардын бири.
Автоунаа кум борошосун учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео
Көп өтпөй уюштуруучулар иш-чараны токтотуп, 1,2 миң куткаруучуну тоо аралатып жөнөткөн. Анткен менен жеңил кийинип жүргөн спортчулардын айрымдары аба нөл градуска чейин муздаганда тоңуп калышкан.
Байинь шаарынын мэри элден кечирим сурап, каргашанын себебин аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.
Ал эми синоптиктер иш-чара өткөн 21-22-май күндөрү аталган аймакта аба ырайы кескин бузулуп суук болору тууралуу уюштуруучуларга маалымат бергенин айтууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0