UEFA "Реал", "Барселона" жана "Ювентуска" каршы иш козгоду

© REUTERS / DADO RUVIC Европалык футболдук ассоциациялар союзунун (UEFA) логотиби. Архив
 Европалык футболдук ассоциациялар союзунун (UEFA) логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Суперлигадан чыкпай жүргөн бул клубдар Европа футбол ассоциациялар союзунун нормативдик-укуктук базасын бузду деп шектелүүдө.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Европалык футболдук ассоциациялар союзу (UEFA) Суперлигадан чыгуудан баш тарткандыгы үчүн бир нече клубга дисциплинардык иш козгоду. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды.
Испаниянын "Реал", "Барселона" жана Италиянын "Ювентус" клубдарына каршы иш козгоо чечимин иликтөө иштеринен кийин этика боюнча инспекторлору кабыл алды. Суперлигадан чыкпай жүргөн бул клубдар УЕФАнын нормативдик-укуктук базасын бузду деп шектелүүдө.
Представлена официальная песня Чемпионата Европы по футболу — видеоклип - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ыры жаңырды. Видеоклип
UEFA буга чейин аталган үч клубдун ишин компетенттүү органдарга өткөрүп берерин жар салган. Анткен менен булар UEFA тараптан кысымга карабай" заманбап футболдо реформа кылуу керек экенин айтып келишет. 12-май күнү UEFA үч клубга карата дисциплинардык иликтөө жүргүзүү үчүн инспекторлорду дайындаган.
Эскерте кетсек, европалык Суперлига континенттеги 20 мыкты клубду бир лигага чогулткан долбоор болгон. Алды менен "Манчестер Юнайтед", "Арсенал", "Челси", "Тоттенхэм", "Манчестер Сити", "Ливерпуль" (баары – Англия); "Реал Мадрид", "Барселона", "Атлетико" (баары – Испания); "Интер", "Милан" жана "Ювентус" (баары – Италия) жаңы Суперлига мелдеши уюшулганын жар салышкан. Турнирди өткөрүүнүн форматы жарыяланып, 20 команданы катыштыруу пландалганы айтылган.
Мындай демилге Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) жана Европа футбол ассоциацияларынын союзу (UEFA), улуттук лигалардын, атактуу футболчулардын, машыктыруучулардын жана көпчүлүк күйөрмандардын нааразычылыгын жараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0