АКШда Флойдду эскерүү акциясындагы кишилер

АКШда Флойдду эскерүү акциясы талап-тоноолор менен аяктады. Видео

86
(жаңыланган 15:42 27.05.2021)
Флойдду эскерүү акциясы Лос-Анжелесте, Миннеаполисте жана Нью-Йорктун борборунда да өткөн. Бирок Портленддеги акцияга чыккандар дүкөндөрдү тоноп, тургундардын унааларын өрттөшкөн.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Портлендде полициянын колунан көз жумган афроамерикалык Жорж Флойддун жылдыгына карата өткөн акция массалык башаламандыкка айланып, талап-тоноолор менен аяктады. Бул тууралуу Fox News кабарлады.

Маалыматка ылайык, шейшемби күнү кечинде шаардык соттун имаратынын жанына 200дөй киши чогулган. Алар полицияга карата таш уруп, бөтөлкө ыргытып, имаратты өрттөөгө аракет жасашкан.

Терезелер талкаланып, дубал жана темир тосмолор жабыркаган. Акциянын катышуучулары полициянын таркап кетүү боюнча берген эскертүүсүн аткарган эмес. Кийинчерээк алар дүкөндөрдү тоноп, жергиликтүү тургундардын унааларын өрттөшкөн. 

Тартип сакчылары бул көрүнүштү Флойддун жылдыгына карата уюшулган акция эмес, бунт катары сыпаттады.

"Бул адамдардын башкы максаты — түзөтүү жайын өрттөп, Портленд шаарын талкалоо болду. Алардын аракеттери алдын-ала пландалганы көрүнүп турат. Бир түндө эле бизге 60тай чакыруу түштү. Ошондой эле бир адам көз жумду", — деген полиция лейтенанты Грег Пашлей.

Полиция акцияда ашкере активдүүлүк көрсөткөндөрдүн баарын кармап, камакка алган. Алардын так саны айтыла элек.

Флойддун каза болгондугунун бир жылдыгына карата пикеттер Лос-Анжелесте, Миннеаполисте жана Нью-Йорктун борборунда өткөн. Бул шаарларда активисттер Black lives matter кыймылын колдоп, желек көтөрүп алышкан. Алар полиция тарабынан зомбулук болбошу керектигин талап кылышкан.

Манчестерде чогулгандар тогуз мүнөткө тизе бүгүштү.

Жорж Флойд 2020-жылдын 25-майында полиция кармап күч колдонгондон кийин Миннеаполистеги (Миннесота штаты) ооруканада көз жумган.

Анын өлүмү дүйнө жүзүндө нааразычылыктын, башаламандыктын чыгышына себеп болду. Акциянын катышуучулары Флойддун өлүмүнүн себебин расизм жана полициянын өзүм билемдиги менен байланыштырууда.

86
Белгилер:
Портленд, АКШ, жылдык, өлүм, Жорж Флойд, акция
Тема боюнча
Кол жоолук кылыштыбы? Байденди жардан түрткөндөр
Москванын көчөсүндө маска кийген айдоочу менен жүргүнчү бара жатышат. Архив

Москвада чет элдик айдоочулук күбөлүк менен таксиде иштөөгө тыюу салынды

377
(жаңыланган 18:52 17.06.2021)
Мындан ары такси кызматында Россиянын же Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө болот. Мындан сырткары, орус тили расмий тил катары эсептелген мамлекеттердин жарандарына дагы таксист болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Москвада такси агрегаторлоруна чет элдик айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочуларды ишке алууга тыюу салынды. Бул тууралуу Москва мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай талапты Москва административдик жол инспекциясы (МАДИ) койгон.

"Быйыл МАДИнин инспекторлору чет элдик айдоочулук күбөлүк менен жүргөн 1,7 миң айдоочуну каттоого алышкан. Алар үч жылга жетпеген тажрыйбасы менен ири сервистерден заказ алып турушкан. Бул учурдагы мыйзамдарды бузууга жатат", — дешти МАДИден.

Мыйзам бузгандарга айып салынып, агрегаторлорго көйгөйдү жоюу талабы коюлган.

Мындан ары такси кызматында россиялык же кыргызстандык айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө болот. Андан сырткары, орус тили расмий тил катары эсептелген мамлекеттердин жарандарына дагы таксист болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген. Айдоочулук тажрыйба үч жылдан кем болбошу керек.

377
Белгилер:
кызмат, Кыргызстан, күбөлүк, такси, Москва, Россия
Тема боюнча
Путин Россияда мигранттардын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартып берди
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жалпы жарандык паспортту элчиликтен ала алат
Гаитинин курама командасынын дарбазачысы Жосуэ Дюверге оюн учурунда

Башын мыкчып... Гаитинин дарбазачысы өзүнө гол киргизип алган видео

193
(жаңыланган 16:29 17.06.2021)
Голкипердин оңтойсуз аракетинен атаандаш команда упай алып кетти. Гаити менен Канада 2022-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын алкагында беттешкен.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Гаитинин курама командасынын дарбазачысы Жосуэ Дюверге өзүнө гол киргизип алганын Eurosport жазды.

Тайпанын коргоочусу дарбазачыга топту тээп берген. Ал топту токтотом деп бутунун ортосунан өткөрүп жиберген, анан кайра аны сыртка чыгарам деп тоголонуп бараткан топко буту жетпей калган.

​Гаити Канада менен 2022-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын алкагында беттешкен. Жыйынтыгында Канада 3:0 эсеби менен утту.

193
Белгилер:
видео, гол, дарбазачы, футбол, Канада, Гаити
Тема боюнча
45 метрден тебилген гол менен дарбазачы кошо кирип... Евро–2020нын видеосу
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков. Архив

Министр: Орто-Токой суу сактагычындагы суу бир айга гана жетет

0
(жаңыланган 00:11 18.06.2021)
Министр Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып, сууну эл өзү билемдикке салып колдонбошу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Эгер суунун чыгымы азыркыдай көп болсо, анда 15-20-июлда Орто-Токой суу сактагычында суу калбай калат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.  

"Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып коюшум керек. Эгер биз аны азыркыдай иштетсек, 15-20-июлда ал жакта суу жок калат. Суу сактагыч беш дарыядан барган суу менен толот. Быйыл нормадан 50 пайызы гана келип жатат. Кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу бар. Ал график боюнча кезектешип сугаруу жана скважинаны иштетүү", — деди министр.  

Аткаминер эл сууну өзү билемдикке салып бөлүштүрбөшү керектигин эскертип, суу  чарбасы бөлүштүргөн графиктин негизинде гана иш алып барууну  белгиледи.  

Чүй облусундагы суу тартыштыгы дыйкандарды убайымга салды. Алардын эгин талаалары куурап, бир жылдык түшүмдөн кол жууп калуу кооптуулугу бар. Бийлик өкүлдөрү тоолордо күн жылыбай, мөңгүлөрдүн эрибей жатканы көйгөйдүн бирден-бир себеби экенин айтууда.
© Sputnik / Акылбек Батырбеков , Эмиль Садыров
"Эгер суу бөлүштүрүү боюнча график сакталса, суу баарына жетет. Суу ресурстары боюнча агенттикте 4 600 адам иштейт. Көбүнүн айлыгы 4600-4800 сом. Ага карабай бул адамдар каналда күнү-түнү иштеп, аракет кылып жатышат", — деди Жаныбеков.  

Буга чейин Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев июлда сугат суусу азыркыдан да тартыш болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

0
Белгилер:
министр, бөлүштүрүү, айыл чарба, суу, Орто-Токой суу сактагычы
Тема боюнча
Сабиз менен картошканы сыртка сатууга тыюу салынат
Бийлик өкүлдөрү суу эмнеге кескин азайып кеткенин түшүндүрдү