HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдары. Архив

"Мурдатан ойлонуш керек эле": АКШ Россияга жооп кайтаруунун жолун тапты

322
Ыраак аралык, жогорку ыкчамдык жана таамайлыгы... Пентагондогулар жаңы артиллериялык бөлүктөрдү түзүү боюнча пландарынан бөлүштү. Сокку уруучу тутумдар азырынча иштелип чыгууда.

Вашингтондук стратегдер Россия менен Кытайга майнаптуу каршылык көрсөтүүгө армиялык артиллериясынын мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз экенин ачык моюнга алышат. Жакынкы жылдары эле муну жолго коюуну көздөп жатышат. АКШ армиясынын "ири калибрдүү" долбоорлору тууралуу ой калчаган Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

"Алыска багытталган аргументтер"

Кургактагы аскердик бөлүктөрдө алыска атылуучу заманбап куралдардын тартыштыгы америкалык командачылыктын баш оорусуна айланган. Соңку он жылдыкта Пентагон буга тийиштүү көңүл бурбай келген. Колундагы гаубица жана залптык октун реактивдүү тутуму терроризмге каршы күрөшүүгө жана жер-жерлердеги куралдуу жаңжалдарды жөнгө салууга кыйла жетиштүү эле. Маңызында стволдук артиллерия да, реактивдик да, ыкчам-тактикалык ракеталык комплекстер АКШда кансыз согуш аяктап калган кездеги абалда калган. Вашингтон Россия жана Кытай менен атаандаштыкка биротоло нук алгандан бери гана бул маселеге көңүл бурулду.

2017-жылдын декабрында таасири чоң RAND америкалык изилдөө борбору россиялык Куралдуу күчтөргө арналган докладын жарыялаган. Бул борбор мурдагы кылымдын ортосунан тарта Пентагонго консультация берип келет. Талдоочулардын пикиринде, кокус согуш чыгып кетсе душманынын жердеги күчтөрү менен түз ок атышууга кирбестен эле катуу жабыркатууга Россиянын толук кудурети жетет.

"Орустар артиллерияны болушунча ишке салат, — деп эскертишет RAND борборундагылар. — Алардын батыш армияларына караганда артыкчылыгы ушунда. Мисалга, америкалык кургактагы күчтөрдүн бригадасында жалгыз гана артиллериялык батальон бар".

Россиялык аскердик бөлүк жана бирикмелерде ок менен колдоо бөлүктөрү алда канча арбын. Үч мотоаткычтар жана бир танк батальонунан турган мотоаткычтар бригадасына көп учурда өзү жүрүүчү эки жана бир реактивдүү артиллерия батальону күч кошууга жөнөтүшөт.

Күрөштө америкалык бригада замбирек жана залптык октун реактивдүү тутумунун кыйла көп бирдигине ээ душман менен бет келишет. Алар ок-дарынын кеңири түрүн пайдаланып, узун аралыкка ок ата алат.

Дивизия үчүн артиллерия

Алдыдагыларды кубалап жетүү үчүн Пентагондогулар Кургактагы күчтөрдүн бардык деңгээлдеги – бригададан жогоркуларына чейинки уюмдук-штаттык түзүмүн олуттуу реформалоону пландоодо. Атап айтканда, танкка каршы коргонуу дивизияларында зооттолгон дивизияларда өзү жүрүүчү M1299 ERCA (Extended Range Canon Artillery — алыс аралыкка өтүүчү стволдук артиллерия) гаубицалар батальону түзүлмөкчү. Баса, бул система бачым эле иштелип чыккан. Пентагон 2019-жылдын июль айында BAE Systems компаниясы менен келишим түзгөн эле, ал эми былтыр мартта 155 миллиметрлик өзү жүрүүчү артиллерия (ӨЖА) полигондо буталарын таамай аткылап жүрдү. Ал АКШ армиясынын негизги M109 ӨЖАсынын шассисинде курулган, бирок стволу узунураак (39дун ордуна 58 калибр). Буталарын активдүү-реактивдүү дүрмөт менен 65 чакырымга чейинки – өзүнөн мурдагы үлгүсүнө салыштырмалуу дээрлик эки эсе ыраак аралыктан талкалай алат. Мындай гаубицалар менен АКШ армиясы 2023-жылы куралданып калат. Антсе да кансыз согуштун ардагерлери болгон M109 өзү жүрүүчү артиллериядан америкалыктар баш тарткысы жок. Аталган техника зооттолгон танк бригадаларынын курамында калып, 2030-жылга чейин кызмат өтөмөкчү.

Ушул тапта америкалык дивизиялык артиллериялык командачылыгынын (DIVARTY — Division Artillery Command) өзүнүн гаубица же залптык октун реактивдүү тутуму жок. Зарылдыгы чыкса, армиялык корпус же бригадалардан алып пайдаланат. Пентагондун талдоочуларынын пикиринде, дивизиялык командачылыктын алыска атылуучу өз артиллериясы болсо, үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүндөгү контрпартизандык жана антитеррордук аракеттерге караганда ири масштабдагы согуштук операцияларды майнаптуу пландап жана жүргүзүүгө мүмкүндүгү болот.

Перспективдүү ракеталар

Армиялык корпустардын командачылыгында HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдардын заманбап үлгүлөрү калтырылат, ошентсе да жаңы куралдарга ээ болмокчу. Алардын азыркы GMLRS тескелүүчү дүрмөттөрү 70 чакырым гана, ал эми азырынча сыналып жаткан ER GMLRS үлгүлөрү 140 чакырымдан сокку ура алат.

Ошол эле убакта корпустар 270 чакырымга чукул аралыктан ок атуучу ATACMS ыкчам-тактикалык ракеталардан акырындап баш тартмакчы. Precision Strike Missile (PrSM — таамай тийчү ракета) сокку уруучу тутумдары алардын ордун басары күтүлүүдө. Май айында Нью-Мексико штатындагы Уайт-Сэндс полигонунда ушул комплекс сыналды.

Lockheed Martin концернинин маалыматына таянсак, ракета 400 чакырым аралыктагы бутасын талкалап, өзүнүн былтыркы (240 чакырым) рекордун жаңыртты. Бул менен америкалыктар токтоп калгысы жок, бул куралдын ок атуу ыраактыгын кеминде эле үч эсеге көбөйтүүнү көздөшөт.

Пентагондун PrSM долбоорунан үмүтү чоң. Атап айтсак, бригадалык генерал Жон Рафферти бул ыкчам-оперативдик ракеталык комплекс Тынч океандагы россиялык С-400 "Триумф" абадан коргонуу тутумдарын жана кытайлык согуштук кемелердин "күнүн бүтүрөрүн" мактаныч менен билдирген. Жогорку штабдардын да өз артиллериясы болот. Ошентип аскердик аракеттер театрынын (Theater Command) командачылыгына көп домендүү (Multi-Domain Task Force, MDTF) ыкчам топтору – душман жөнүндө маалымат топтоочу, чалгындоо жана көзгө илинген буталарды таамай курал менен жок кылууга жооп берген бөлүктөр түз баш иймекчи.

Аталган топтордун курамы жана куралдануусу аскердик милдеттерине жараша өзгөрөт, бирок ар бирине алыска атылуучу ракеталык комплекстердин экиден батареялары кирет. Биринчиси — үндөн ылдам флоттук SM-6нын кургактагы варианты, ошондой эле 1,7 миң чакырымдан ашуун аралыктан аракет эткен үнгө чейинки Tomahawk. Экинчисин алыс аралыктагы гиперүндүү Long-Range Hypersonic Weapon (LRHW) ракеталары менен куралдандырышат. Эксперттер анын күчүнүн ыраактыгы эки миң чакырымдан ашарын белгилешет.

Армияга басым жасоо

Пентагондун көздөгөнү боюнча алдыдагы согуштарда M109 жана M1299 гаубицалары, ошондой эле ER GMLRS дүрмөттүү РСЗО HIMARS жапырт колдонуларын болжоого болот. Себеби да түшүнүктүү, бул техникалар алыска атылуучу жана татаал комплекстерге караганда бир топ арзан түшөрү айкын.

Анан да көп домендүү ыкчам топтордун PrSM тутумдары жана сокку уруучу каражаттары душмандын аскердик инфраструктурасын жана терең коргонуу тартибинин түпкүрүндөгү маанилүү буталарын даректүү жок кылууда маанилүү ролду ойнойт.

Пентагон тарабынан Кургактагы күчтөрдүн бекемделиши Вашингтон Россия жана Кытай менен болжолдуу куралдуу жаңжалда эми негизги көзүрлөрү болгон авиациясы жана аскердик флотуна таяна албай турганынан кабар берет. Бул эки каршылашы тең америкалык учак жана кемелерге "жалындаган жолугушууну" уюштурууга жөндөмдүү өнүккөн заманбап каражаттарга жана кемеге каршы ракеталарга ээ экени маалым. Демек, болочоктогу согуштардагы негизги роль коопсуз аралыкта туруп коргоо каражаттарын талкалап коё алчу, жерге ыңгайлашкан алыска атылуучу куралдар жана кургактагы күчтөргө өтөт.

Анткен менен келечектүү артиллериядагы америкалыктардын соңку ийгиликтери Москва менен Пекиндин бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрүнө жетпейт. Мурдатан пайдаланууга берилген россиялык "Искандер" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекс америкалык PrSM көрсөткөн жыйынтыктан жүз чакырымга артыкчылык кылат. Жапжаңы "Коалиция-СВ" гаубицасынын да ок атуу ыраактыгы Кошмо штаттардын M1299нан кыйла узак, ошондой эле ок тийүү ылдамдыгы да жогору. Гиперүндүү курал жаатында кеп кылсак, америкалыктарда бир дагы сериялык чыгарылышы азырынча жок, ал эми россиялык армия дароо бир нече үлгүсү менен куралданган.

322
Белгилер:
Пентагон, комплекс, армия, жооп, курал-жарак, Россия, АКШ
Тема боюнча
Аскердик кубаттуулукту арттырууга чыгым өсүүдө. Дүйнөлүк тенденцияга сереп
Москванын көчөсүндө маска кийген айдоочу менен жүргүнчү бара жатышат. Архив

Москвада чет элдик айдоочулук күбөлүк менен таксиде иштөөгө тыюу салынды

292
(жаңыланган 18:52 17.06.2021)
Мындан ары такси кызматында Россиянын же Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө болот. Мындан сырткары, орус тили расмий тил катары эсептелген мамлекеттердин жарандарына дагы таксист болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Москвада такси агрегаторлоруна чет элдик айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочуларды ишке алууга тыюу салынды. Бул тууралуу Москва мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай талапты Москва административдик жол инспекциясы (МАДИ) койгон.

"Быйыл МАДИнин инспекторлору чет элдик айдоочулук күбөлүк менен жүргөн 1,7 миң айдоочуну каттоого алышкан. Алар үч жылга жетпеген тажрыйбасы менен ири сервистерден заказ алып турушкан. Бул учурдагы мыйзамдарды бузууга жатат", — дешти МАДИден.

Мыйзам бузгандарга айып салынып, агрегаторлорго көйгөйдү жоюу талабы коюлган.

Мындан ары такси кызматында россиялык же кыргызстандык айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө болот. Андан сырткары, орус тили расмий тил катары эсептелген мамлекеттердин жарандарына дагы таксист болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген. Айдоочулук тажрыйба үч жылдан кем болбошу керек.

292
Белгилер:
кызмат, Кыргызстан, күбөлүк, такси, Москва, Россия
Тема боюнча
Путин Россияда мигранттардын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартып берди
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жалпы жарандык паспортту элчиликтен ала алат
Гаитинин курама командасынын дарбазачысы Жосуэ Дюверге оюн учурунда

Башын мыкчып... Гаитинин дарбазачысы өзүнө гол киргизип алган видео

178
(жаңыланган 16:29 17.06.2021)
Голкипердин оңтойсуз аракетинен атаандаш команда упай алып кетти. Гаити менен Канада 2022-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын алкагында беттешкен.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Гаитинин курама командасынын дарбазачысы Жосуэ Дюверге өзүнө гол киргизип алганын Eurosport жазды.

Тайпанын коргоочусу дарбазачыга топту тээп берген. Ал топту токтотом деп бутунун ортосунан өткөрүп жиберген, анан кайра аны сыртка чыгарам деп тоголонуп бараткан топко буту жетпей калган.

​Гаити Канада менен 2022-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын алкагында беттешкен. Жыйынтыгында Канада 3:0 эсеби менен утту.

178
Белгилер:
видео, гол, дарбазачы, футбол, Канада, Гаити
Тема боюнча
45 метрден тебилген гол менен дарбазачы кошо кирип... Евро–2020нын видеосу
Түнкүсүн Бишкектин борборунун көрүнүшү. Архив

Бишкектин жарымы жарыксыз калды. Энергетика министринин түшүндүрмөсү 

0
(жаңыланган 22:38 17.06.2021)
Жарык Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө жок болгон.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарык Казакстандын энергосистемасында авариялык кырдаал жаралгандыктан өчтү. Бул тууралуу "Улуттук электр түйүн" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.  

Буга чейин ордо калаанын тургундары соцтармакка жарык өчкөнүн жазышкан. Ал тургай электр жарыгы Жогорку Кеңештин имаратында да жок болгон. Анын себебин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймурзаев өлкө боюнча жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткени менен түшүндүргөн.  

"Коңшу мамлекетте авария болуп, Токтогул ГЭСи былтыркыдай кырдаалды  жөнгө салды", — деди ал.  

Ишкананын маалымат кызматы саат 19:28те "Л-514 Фрунзенская-Шу" линиясында авария болгонун билдирди.  

"Борбор Азиянын бириктирилген энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан өзүнчө бөлүнүп чыккан. Өлкө боюнча автоматтык түрдө жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткен. Саат 20:26лар чамасында "Фрунзенская-Шу" линиясы транзитке кошулуп, саат 20:55те жарык берилди", — деди Саргашкаева. 

Электр кубаты Чүйдүн Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө жок болгон

0
Белгилер:
себеп, жарык өчүрүү, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу