Instagram көпчүлүк күткөн функцияны ишке киргизди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүInstagram социалдык түйүнүнүн логотиби. Архив
Instagram социалдык түйүнүнүн логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Ал арада жаңы опцияны жактырбагандар да чыгууда. Анткени бул алардын популярдуу контенттерди аңдуусуна жол бербейт.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Instagram тиркемеси лентадагы постторго басылган лайктарды жашыра турган масштабдуу функцияны ишке киргизди. Бул тууралуу "Известия" маалымат булагы жазды.
Кыз смартфон менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн ыңгайлуу тиркеме иштелип чыкты
Instagram тармагынын белгилешинче, көптөгөн юзерлер социалдык басымдан арылуу максатында аталган функцияны киргизүүнү өтүнүшкөн. Муну менен катар айрым колдонуучулар лайк эсептегичтердин жашырылышына тескери көз карашын билдиришкен. Анткени бул көрүнүш алардын популярдуу контенттерди аңдуусуна жол бербейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0