АКШ президенти Жо Байден жана Кытай лидери Си Цзиньпин. Архивдик сүрөт

Байден: Си Цзиньпин Кытай Америкага 15 жылда ээлик кыларына ишенүүдө

201
Буга чейин коргоо министринин биринчи орун басары Кытай менен АКШ ортодогу мамиленин курчуп кетишинен алыс болууга аракет кылышы керектигин айткан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден аскерлерге Кытай лидери Си Цзиньпин жакынкы 10-15 жылда "Америкага ээлик кылууга" даяр экенине ишенерин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Байдендин сүйлөгөн сөзү Ак үйдүн сайтына жарыяланган.

"Мен башка дүйнө лидерлерине караганда Кытайдын башчысы Си менен көп убакыт өткөрдүм. 24 саат бою котормочусу аркылуу баарлашып, бул жакта жана Кытайда миңдеген чакырым жерди басып өтүп саякаттадык. Ал 2030-2035-жылдары Кытай Америкага ээлик кыларына ишенет, себеби автократтар (чексиз бийликке ээ адам — ред.) тез чечим кабыл алышы мүмкүн", — деген Байден.

Буга чейин АКШнын коргоо министринин биринчи орун басары Кэтлин Хикс Вашингтон менен Пекин атаандашкан көп тармак бар экендигин билдирген. Алар эл аралык тартиптин эрежелери, экономика жана башкалар. Бирок ал мамлекеттердин кызматташа турчу чөйрөлөр дагы бар экенин белгиледи.

Хикстин айтымында, Пентагон Кытай менен куралдуу жаңжал болот дебейт, бирок мамлекеттер мамилелерди начарлатып жиберүүдөн алыс болушу керек.

201
Белгилер:
мамиле, Си Цзиньпинь, Жо Байден, АКШ, Кытай
Тема боюнча
АКШнын 60 миң аскерден турган жашыруун армиясы. Newsweek иликтөө жарыялады
Медициналык кызматкерлер жансыз денени Делидеги ооруканага жеткиришет. Архив

Индиялык адис: COVID-19дун "дельта-плюс" штаммы өтө тез жугат

3
(жаңыланган 11:06 24.06.2021)
Адистин айтымында, "дельта-плюс" штаммын жуктуруп алуу үчүн байтаптын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле жетиштүү.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Индияда табылган коронавирустун "дельта-плюс" (B.1.617.2.1) деп аталган түрү өтө бат жугары аныкталды. Бул тууралуу Бүткүл индиялык медициналык илимдер институтунун директору Рандип Гулерияга шилтеме берип India Today басылмасы жазды.

Анын айтымында, ооруну жуктуруп алуу үчүн байтаптын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле жетиштүү.

"Жаңы штамм мурдагыларга салыштырмалуу өтө бат жугуп жатат. Ага кабылган адамдын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле вирустун жайылышына алып келет. Бул штаммдын антитело менен иммунитетти тоготпогону адистердин тынчсыздандырууда", — деди адис.

Учурда "дельта-плюс" штаммын индиялык окумуштуулар изилдеп, учудагы вакциналар ага канчалык туруштук бере аларын аныктоого аракет кылууда.

"Дельта" штаммы мутациясын улантууда. Өткөн аптада бул штамм Махараштра штатында табылган. Башкалардан ооруп айыккандардын антителосун жана эмделгендердин иммунитетин төмөндөтүп кое алгандыгы менен айырмаланат. Индияда бул штаммга кабылган 22 учур катталды.

3
Белгилер:
коркунучтар, штамм, коронавирус, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID: Республикалык штаб министрликке жаңы тапшырмаларды берди
Индияда коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону айтылды
Россия менен Даниянын курама командаларынын ортосундагы Европа футбол чемпионатынын матчында орусиялык Артём Дзюба (сол жакта) жана даниялык Андреас Кристенсен

Евро-2020: плей-офф оюнунун убакыт-сааты

23
(жаңыланган 10:28 24.06.2021)
Sputnik Кыргызстан расписание Бишкек убактысы менен түзүлгөнүн эскертет. Оюндар 26-июнда башталат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Европа чемпионатынын плей-офф оюнунун бардык катышуучулары аныкталды.

Жакында эле тайпалык этаптын акыркы оюну болуп, кийинки стадияга тайпада биринчи, экинчи орунду алган 16 команда өттү. Мындан сырткары, үчүнчү орунду алган төрт мыкты курама команда да плей-офф оюнунда мелдешет.

Мелдештин убакыт-сааты (Бишкек убактысы менен):

  • 26-июнь 22:00, Уэльс — Дания ("Амстердам-Арена", Амстердам);
  • 27-июнь 01:00, Италия — Австрия ("Уэмбли", Лондон);
  • 22:00, Нидерланддар — Чехия ("Пушкаш Арена", Будапешт);
  • 28-июнь 01:00, Бельгия — Португалия ("Олимпико де Севилья", Севилья);
  • 22:00, Хорватия — Испания ("Паркен", Копенгаген);
  • 29-июнь 01:00, Франция — Швейцария (Улуттук стадион, Бухарест);
  • 22:00, Англия — Германия ("Уэмбли", Лондон);
  • 30-июнь 01:00, Швеция — Украина ("Хэмпден Парк", Глазго).

Чейрек финал 2-3-июлда, ал эми жарым финал 6-7-июлда өтөт. Европа биринчилигинин башкы оюну Лондон шаарында 11-июлга пландалган.

Дагы бир жолу расписание Бишкек убактысы боюнча түзүлгөнүн эскертебиз.

23
Белгилер:
Расписание, оюн, футбол, Евро-2020
Тема боюнча
Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео
Роналдуну тааныбай документин текшерген күзөтчү. Будапешттин стадионундагы видео