F-35A Lightning II учагы. Архив

Пентагон эмнеге F-35A истребители жана Reaper учкучсузунан баш тартууда?

154
Россия менен Кытайдын жогорку технологиялык куралдарынын мүмкүнчүлүктөрүн талдап көргөн соң АКШ Коргоо министрлиги жогорку интенсивдүүлүктөгү жаңжалдарда пайдасыз экени аныкталган куралдарын жарактан чыгарууга аргасыз болуп отурат.

Атап айтсак, бул тизмеге "жапжаңы" F-35A көп буталуу истребители жана укмуштай даңазаланган MQ-9 Reaper чалгындоо-сокку уруучу учкучсуздары кирген. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар аталган державанын жарактан чыгарылчу куралдарын талдап көргөн.

Кошмо Штаттарда бешинчи муундагы F-35 истребителдеринин кейиштүү тагдыры тууралуу талкуу дале уланып келет. Мурда АКШ Аскердик-аба күчтөрү бул долбоор ийгиликсиз болгонун моюнга алган. Өкмөттүк аткаминер Дэн Грейзердин да: "F-35 жапырт өндүрүшкө берилген кымбат прототиптен башка нерсе боло албады", - дегени бар.

Америкада алгачкы модификациядагы F-35A көзгө көрүнбөс истребители өнүккөн душман менен кармашта жараксыз деп табылды. Жакында куралдануудан алынышы ыктымал.

Reaper MQ-9 учкучсуздары да АКШ Аскердик-аба күчтөрүнүн купулуна толбой калды, анткени Россия, Кытай, ал түгүл Иран жана Түндүк Кореянын абадан коргонуу тутумдарына туруштук бере алышпайт.

Технологиялык жактан өнүккөн душман менен салгылашта Reaper учкучсуз аппаратынын жөндөмсүздүгү жөнүндөгү расмий тыянактан соң Пентагон Аскердик-аба күчтөрүндө алардын санын (ушул тапта катарда 300гө жакын бирдик бар) көбөйтүүдөн баш тартып, Калифорния штатындагы General Atomics өндүрүштүк топтомун жабууга 172 миллион доллар сурады.

Штабдардын жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Милли бөгөттөрдөн эч буйдалбай өтө ала турган аскердик платформа, чалгындоо жана байкоо салуу тутумдарына инвестиция кылуу керектигин билдирди. Эске салсак, АКШ Аскердик-аба күчтөрү дүйнөдөгү эң эски флоттордун бирин пайдаланат, учактардын орточо курагы 28 жылдан ашуун. Бул чек эмес. Мисалга, бешинчи муундагы F-22 америкалык истребителин 2030-жылы жарактан чыгара баштайт.

Аскердик-аба күчтөрүнүн жетекчилиги бир нече жылдан бери эскирип калган системалардан баш тартууну кайталап келет, анткени 2020-жылдардын аягында Next-Generation Air Dominance (NGAD) учактарын, ал эми 2030-жылдары MR-X көп буталуу истребителдерин сатып алууга каражат үнөмдөөнү көздөйт. Ошол себептен келерки каржылык жылдын бюджетин талкуулоо алкагында Куралдуу күчтөрдүн бул бутагы 2026-жылга чейин 421 эски истребителди жарактан чыгарып, алардын ордун 304 жаңы бирдик менен толуктоо өтүнүчү менен Конгресске кайрылууга ниеттенет. "Коркунучтардан артта калбоо" үчүн гана АКШ Аскердик-аба күчтөрү жылына кошумча 6-7 млрд доллар сурайт.

Апрелде Ак үй эмдиги каржылык жылы 753 млрд бөлүнгөн коргоо бюджетинен Пентагон 717 млрд доллар алмакчы, бул 2021-жылдагыга караганда 10 млрд долларга көбүрөөк. Аскердик чыгымдар жогорулап, бирок технологиялар артта калууда.

"Көзгө көрүнбөстөрдү" жарактан чыгаруу

F-35 Lightning II конструкторлору башында майнаптуу, кымбат жана текшерилбеген технологиялардан көптү топтоп алып, эбегейсиз акчага (бирдигине орточо – 100 миллион доллар) алардан бүгүнкү күндө жалаң көйгөй жараткан учакты жасап чыгышкан. Аларды тизмектесек:

  • крейсердик үндөн ыкчам ылдамдыкты форсажсыз көтөрө албайт (болбосо бул – бешинчи муундун маанилүү мүнөздөмөсү), ал эми форсажда борт кыйрай баштайт;
  • заманбап кооптуулук жана абадан коргонуу тутумдарына туруштук берүүдө майнаптуулугу тастыкталган эмес;
  • олуттуу 870, анын ичинде эң кооптуу 10 (учкучтун өлүмү же учактын жоголушуна алып келчү) мүчүлүштүгү бар;
  • өз маалында техникалык тейлөө үчүн жабдууларды автоматташтырылган ыкмада жеткирүү көйгөйү учак паркын аскердик даярдыкта кармап турууга жол бербейт (ALIS булут тутуму иштебейт, өчүрүп салынган).

Баарынан кызыгы: учуп-конушу стандарттык F-35A технологиялык жактан жөнөкөй эң алгачкы модификациясы салгылашта жөндөмсүз, бирок чыгымы арбын. Алар үчүн ок-дарыга жетүүнүн жолу татаал. Эске салсак, F-35B модификациясы кыскартылган, ал эми F-35C вертикалдык нукта учат. F-35A истребители негизинен учкучтарды окутууда пайдаланылат.

Ал ортодо Россия "Небо-М" жаңы радиолокациялык станциялар түйүнүн түздү. Булар 5-муундагы F-22 жана F-35 стелс-учактарын 600 чакырым аралыктан көрө алышат. С-400 "Триумф" зениттик-ракеталык тутумдары да ушундай эле аралыктан "көзгө көрүнбөстөрдү" таап, ракетанын баштапкы чекитинен 400 чакырым чегинде жок кыла алат. РФ С-400 зениттик-ракеталык системаларын дүйнөнүн булуң-бурчуна экспорттоп келет. Согуштук кырдаалдарда Американын технологиялык жактан артта калуусу эмнеге кептей турганын түшүндүрүштүн кажети жоктур. Пентагон Lightning II тагдырын чечүүнүн бир нече жолун, анын ичинде пайдалануудан алып салып, металлга кесип өткөрүп, ошондой эле F-35A биринчи модификацияларын союздаштарына колдонууга берүү жагын да карайт.

Моралдык жактан эскилиги жетип калган "көзгө көрүнбөстөр" НАТОдогу чыгыш европалык союздаштарына сатылышы да толук мүмкүн. Алар азырынча советтик өндүрүштөгү МиГ-29 (Болгария, Польша), МиГ-21 (Румыния) истребителдери менен учуп, жаңыдан гана аларды үчүнчү жактан сатып алынган F-16ларга акырындап алмаштырууда.

Кынтыксыз боло албады

АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнүн MQ-9 Reaper учкучсуз аппараттарын сатып алгысы жок. Пентагондун АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы катары Жакынкы Чыгыштагы операцияларынын куратору, деңиз пехотасынын генералы Кеннет Маккензи жогорку класстагы душмандарга каршы күрөштө MQ-9 жөндөмсүз экенин айткан.

Кошмо Штаттардын Аскердик-аба күчтөрү 2030-жылдары MQ-9ду аскердик мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири диапазонунда иштей ала турган учкучсуз учуучу аппараттар тобуна толугу менен алмаштырууну пландайт.

Өз кезегинде өндүрүүчү General Atomics MQ-9дун заманбапташтыруу потенциалы кыйла жогору, ошондуктан андан баш тартуунун кажети жоктугун, "бул эксперименттер үчүн кынтыксыз платформа" экенин кайталайт.

Чалгындоочу-сокку уруучу MQ-9 Reaper 2007-жылы Predator сокку уруучу учкучсуз аппараттын ордун баскан. 2009-жылдан тарта Иран, Пакистан, Йемен жана башка өлкөлөрдөгү "Аль-Каиданын"* объектилерин жок кылган. Аппарат AGM-114 Hellfire таамай ракеталары, GBU-38 түз аракеттеги ок-дары жана лазердик мээлөөчү GBU-12 бомбасы менен куралданган. MQ-9 Reaper аппараттарын "аба – аба" тибиндеги AIM-92 Stinger ракеталары менен жабдуу да долбоордо камтылган. 2020-жылдын январында Багдад аэропортунда ирандык генерал Касем Сулеймани кайсы типтеги ок менен өлтүрүлгөнү так эмес, бирок ошол чабуулга дал ушул учкучсуз аппарат платформа болгону белгилүү.

Быйыл жазында америкалык MQ-9 учкучсуздары чалгындоо жана байкоо салуу үчүн Румынияга жайгаштырылган. Андан мурда алар Польша жана Эстонияда пайда болгон. Ошентсе да MQ-9 Reaper негизинен абадан коргонуу системалары жок жихадчыларга каршы күрөшүүгө адистешкен. Ал эми технологиялык жактан теңата каршылашка, анын ичинде россиялык, кытайлык жана түндүк кореялык аскердик авиация жана абадан коргонуу каражаттарына америкалык учкучсуз аппарат туруштук бере албайт.

Military Watch басылмасынын маалыматында, Кытай дүйнөдө биринчилерден болуп гиперүндүү учууга жөндөмдүү учкучсуз аппараттарды түзүп чыкканын маалымдаган. Россияда жасалма интеллект орнотулган сокку уруучу "Охотник" оор учкучсуз аппараты да ишенимдүү талпынып турат. Аскердик бөлүктөргө ал 2024-жылы берилмекчи.

Батышта "Охотник" (Hunter) аппараты толук масштабдуу аскердик жаңжалдарга, абада бешинчи муундагы истребителдерди, жерде болжолдуу душмандын корголгон стратегиялык объектилерин кыйратууга багытталганын дароо белгилешти. Тескелүүчү тартылуу вектору, реактивдүү кыймылдаткычы бар анча байкалбас учкучсуз саатына 1000 чакырымга чейинки ылдамдыкта учат. 6 тоннага дейре аскердик жүк ташып, абадан коргонуу тутумдары бир топ каршылык көрсөтүп турган шартта да иштей алат. Пентагондо буга окшогон бирдик жок, АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн сокку уруучу X-47B учкучсузунун долбоору он жыл аралыгында учуучу танкердин деңгээлине чейин түшүп кеткен.

Кошмо Штаттардын Аскердик-аба күчтөрү 2020-жылдын июнь айында эле аэрокосмостук тармактан "автономдуу, машиналык окутуу, жасалма интеллекти" бар учкучсуз чалгындоо-сокку уруу платформасы жөнүндө маалымат берүүнү өтүнгөнү анык.

Reaper аппараттары 2031-жылдан эрте алмашары арсар. Мурда жарыялангандай, MQ-9 учкучсуздарынын 70 бирдигин M2DO конфигурациясына чейин жаңыртуу технологиялык революцияны ишке ашырып койбойт. Америкалыктар коргоо тармагындагы техникалык прогрессте өздөрүнө да жараштыра албагандай артта калган – кубалоочунун ролунда калды.

154
Белгилер:
Аскер, учак, Пентагон, АКШ
Тема боюнча
АКШ эмне себептен бардык согуштарда утулууда? Батыштагы басылмага сереп
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды