Мясников: антибиотикти туура эмес колдонуу ичеги рагына кептеши мүмкүн

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүДарыгер жана алып баруучу Александр Мясников. Архив
Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Дарыгер онкологиялык ооруну алдын алуу үчүн туура тамактанып, дары-дармекти этияттык менен колдонуу керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Өзү билемдикке салып антибиотик менен дарылануу ичегиде көйгөй жаратып, жыйынтыгында онкологиялык же жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келиши ыктымал. Бул тууралуу дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников билдиргенин РИА Новости жазды.
Адис антибиотиктерди дарыгер жазып берген учурда гана ичүү керектигин эскерткен.
"Болбосо ичегидеги микрофлораларга (пайдалуу бактериялар) зыяны тийип, инфаркт, инсульт, рак ооруларына алып келиши мүмкүн", — деди адис.
Кулинарная экобитва Сыроеды против вегетарианцев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2019
Ичеги-карындын иштешин эмне бузары айтылды. Иликтөө
Мясников микрофлора башка дагы учурларда жабыркап калышы мүмкүн экенин кошумчалаган.
"Микрофлора бир тараптуу тамактанууну жактырбайт. Ошондуктан түрлөп тамактануу кажет", — деген дарыгер.
Адистин айтымында, микрофлоранын жардамы менен канга пайдалуу заттар сиңет. Ал ичегиде оору чакырган бактериялардын пайда болушун да алдын алат. Ошол себептен тамактанууга жана дары-дармек колдонууга адам өзгөчө көңүл буруусу зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0