Кытай 3 жаштан өйдө курактагы балдарды COVID-19га каршы эмдөөгө уруксат берди

© REUTERS / DANIEL BECERRILSinovac вакцинасы. Архив
Sinovac вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Sinovac Biotech компаниясынын жетекчисинин айтымында, жаңы вакцина үч жаштан 17 жашка чейинки балдардын организминде коронавируска каршы антитело пайда кылат.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кытай бийлиги балдар менен өспүрүмдөрдү коронавируска каршы Sinovac (CoronaVac) вакцинасы менен эмдөөгө уруксат берди. Бул тууралуу өндүрүүчү компаниянын жетекчиси Инь Вайдунга шилтеме берип Reuters эл аралык агенттиги кабарлады.
Эми Sinovac Biotech компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасы менен үч жаштан 17 жашка чейинки балдарды эмдөөгө болот.
"Инь Вайдундун айтымында, препарат клиникалык сыноолордун I жана II фазасынан өттү. Жыйынтыгында вакцина балдардын организминде коронавируска каршы иммунитет пайда кылары аныкталды. Ал эми кыйыр таасирлери билинер-билинбес, жеңил болору белгиленди", — деп айтылат кабарда.
Белгилей кетсек, учурда дүйнө жүзү боюнча вакцинаны 18 жаштан жогорку курактагы адамдар алып жатат. Артыкчылык эл менен көп байланышта болгон кесип ээлерине жана улгайып калган адамдарга берилүүдө.
6-июндагы маалыматка караганда, Кыргызстанда 87 050 киши вакцина алды. Анын ичинен 42 732си препараттын экинчи дозасын дагы алууга жетишти.
Жаңылыктар түрмөгү
0