Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив

CNN, New York Times, Twitter, Amazon. Дүйнөгө белгилүү сайттар иштебей калды

94
(жаңыланган 18:15 08.06.2021)
Алдын ала маалыматтар боюнча, иштин үзгүлтүккө учурашына Fastly провайдеринен кеткен мүчүлүштүктөр себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Дүйнөгө белгилүү бир катар ири сайттар, анын ичинде алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын электрондук версиясы иштебей жатат. Бул туурасында беделдүү интернет-ресурстарга байкоо салган Downdetector порталы маалымдады.

TechCrunch порталынын билдиришинче, Twitter, Twitch соцтармактары, Paypal төлөө системасы, Spotify, Reddit жана Amazon сервистеринин иштебей жатканы туурасында даттануу түшкөн. Ошондой эле CNN менен ВВС телеканалдары, New York Times, Guardian, Financial Times жана Independent гезиттери сыяктуу Американын жана Британиянын ири ЖМКларынын интернет-версиясы ачылбай жатат. Аталган сайттарга киргенде серверде көйгөй жаралганын көрсөткөн 503 катасы чыгууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, иштин үзгүлтүккө учурашына Fastly провайдеринен кеткен мүчүлүштүктөр себеп болушу ыктымал.

94
Белгилер:
портал, Дүйнө, ЖМК, сайт, интернет
Тема боюнча
Трамптын аккаунту блоктолгондон кийин Twitter тармагынын акциясы арзандады
Массалык түрдө көмүлгөн балдардын сөөгү табылган Канададагы католиктердин мурдагы мектеп-интернатынын аймагы

Канаданын мектеп-интернатынын аймагынан 751 баланын сөөгү табылды

173
(жаңыланган 12:36 25.06.2021)
Буга чейин Канаданын Британия Колумбиясы провинциясында жайгашкан жергиликтүү элдин балдары үчүн курулган мурдагы мектеп-интернаттан 215 баланын сөөгү табылган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Канададагы католиктердин мурдагы мектеп-интернатынан массалык түрдө көмүлгөн балдардын сөөгү табылды. Бул тууралуу National Post басылмасы жазды.

Балдар мүрзөсү Саскачеван штатындагы Мариеваль шаарында жайгашкан индейлердин балдарынын мектеп-интернатынан табылган. Окуу жай 1899-1997-жылдары иштеген.

Артиллеристы готовятся к боям на Орловской и Курской дугах. Орловско-Курская дуга. Июль 1943 год. Репродукция
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Маалыматка караганда, балдардын сөөгү табылган мүрзөлөрдүн ичинен мунусу рекорд койду. Расмий маалымат боюнча, мында 751 баланын сөөгү көмүлгөн.

Бул жер Реджайна шаарына караштуу Саскачеван провинциясынын борборунан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан жер алдындагы радардын жардамы менен табылган.

Май айынын соңунда Канаданын Британия Колумбиясы провинциясында жайгашкан жергиликтүү элдин балдары үчүн курулган мурдагы мектеп-интернаттан 215 баланын сөөгү аныкталган. Түрдүү маалыматтар боюнча, Канаданын түпкү жашоочуларынын мектеп-интернаттарында (XIX кылымдын ортосунан 1960-жылдардын соңуна чейин) балдардын 3,2 миңден 6 миңге чейин сөөгү табылган.

173
Белгилер:
мүрзө, сөөк, бала, Канада
Тема боюнча
Жалал-Абадда изделген аялды өлтүрүп, таштандыга көмүп коюшкан. Видео
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмблемасы. Архив

ДССУ: коронавирустун "дельта" түрү дүйнөнү бир топ мүшкүлгө салышы мүмкүн

61
(жаңыланган 09:55 25.06.2021)
Окумуштуу "дельта" штаммын алып жүргөн бейтап эки, төрт, алты, ал тургай сегиз кишиге илдет жуктурушу ыктымал экенин белгилеген.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" варианты дүйнөнүн баш ооруткан штаммы болушу мүмкүн, ал мурдагы SARS-CoV-2ге караганда эки эсе жугуштуу. Бул туурасында РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы илимий  кызматкери Сумия Сваминатанга таянып жазды.

Анын айтымында, алгач "дельта" штаммы Индияда катталган. Бирок азыр ал 85 мамлекеттен ашык өлкөгө кулачын жайды.

"Аталган штаммдын башкы кесепети — жок эле дегенде баштапкы штаммга салыштырмалуу эки эсе жугуштуу", — деген Сваминатан.

Окумуштуу "дельта" штаммын алып жүргөн бейтап эки, төрт, алты, ал тургай сегиз кишиге илдет жуктурушу ыктымал экенин белгилеген. Анын айтымында, ошол себептен коронавирусту бир үй-бүлө толугу менен жуктуруп алган учурлар көп катталып жатат.

"Көңүл жылыткан жаңылык — вакциналардын көбүнүн натыйжалуу болуп жатканы. Эмделген киши дартты жеңилирээк көтөрөт", — деген ДССУ өкүлү.

Адис эмделгенге карабай коронавирустун бардык штаммы менен күрөшүү үчүн эл бет кап тагынып, аралыкты сакташы керектигин эскерткен.

ДССУнун маалыматына караганда, коронавирустун "индиялык" штаммы же болбосо "дельта" деп аталган түрү 2020-жылдын 5-октябрында Индиянын Нагпур шаарында биринчи ирет аныкталган.

61
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, штамм, коронавирус, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19ду бир маалда көп адамга жуктурган кубулуш аныкталды
Индиялык адис: COVID-19дун "дельта-плюс" штаммы өтө тез жугат
Аттестаты особого образца Алтын тамга для выпускникам школ. 25 июня 2021 года

Бишкектик 99 бүтүрүүчү жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестатын алды. Сүрөт

0
(жаңыланган 15:07 25.06.2021)
Мектепти жакшы баа менен аяктагандарды шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектеги билим берүү мекемелерин аяктаган 99 балага жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестаты тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Салтанаттуу иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Мектепти жакшы баа менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды. Ал эми бүтүрүүчүлөр шаар башчысына өз колдору менен жасаган белекти беришкен. Анда шаардын символу болгон илбирстин сүрөтү кийизге түшүрүлгөн.

Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

0
Белгилер:
тапшыруу, аттестат, бүтүрүүчү, Бишкек мэриясы