Воловецтеги май куючу жайдын түтүгү. Архивдик сүрөт

АКШ, Россия жана Европа Украинага каршы бирикти

199
(жаңыланган 10:14 09.06.2021)
АКШ президенти Жо Байден акыры ырайым кылып, украиналык кесиптеши менен мурдагы күнү телефон аркылуу сүйлөштү. РФ лидери менен жолугушуусун утурлай Ак үйдүн жаңы кожоюнун тыңдоого умтулган Владимир Зеленский кандай гана басынууга барбады...

Ачыгы, Америка тараптын пикирлерине караганда Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн колдоо сымал сыпайы билдирүүлөрдөн бөлөк сөз деле козголгон эмес. Киев үчүн эң маанилүү жана талуу маселе боюнча жылыш деле болбоптур. "Түндүк агым – 2" долбоору, ага бөгөт коюуга жасалган Украинанын акыркы аракеттери туурасында Сергей Савчуктун макаласынан окуңуздар.

"Түндүк агым – 2" газ түтүгүн куруу аяктап калганы тууралуу кабар Украинаны да кыйгап өтө алмак эмес. Башынан долбоорду токтотууга болушунча тырышып келгени маалым. Киев жамааттык Батышты улам катаал санкция киргизүүгө тынымсыз чакырып келген. Бул далалатын азыр да улантууда. Газ түтүгү украиналык газ-транспорттук тутумунун маанисин кетирип, өлкөнү Европага көгүлтүр оттун транзитинен жыл сайын түшкөн бир нече миллиард доллардан куру калтырарын кайталай доомат коёт. Мында эмне чындык, эмне саясий манипуляция экенин тактоого аракет кылалы.

2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш жана андан кийинки бардык окуялардан бери Украинанын газ-транспорттук тутуму өз маанисин жана баалуулугун пландуу түрдө жоготуп келген. Ал тургай жаңы бийлик бюджетке кепилденген валюталык салымдардын акыркы булактарынын бирин өз колу менен жок кылган. 2019-жылдын аягында "Газпром" менен "Нафтогаз" түзгөн келишим боюнча Россия былтыр 65 миллиард куб метрге дейре, ал эми 2021-2024-жылдар аралыгында ар он эки айда 40 миллиард куб газ алмак. Ошондо Украина келишимде "төлө же газ сордур" деген милдеттүү шартты киргизе алганын жар салып, "бул жетишкендикти" укмуш белгилеген. Бул газ аз сордурулган күндө да "Газпром" толук транзитти төлөөгө милдеттендирилгенин билдирет. Ошондой эле болду.

2020-жылы Украина аркылуу болгону 55,8 миллиард куб метр газ сордурулган. Бул – соңку 30 жылдагы болуп көрбөгөндөй антирекорддук көрсөткүч. Салыштырсак, 2009-жылы Украина аркылуу Европа биримдигине 120 миллиард куб метр көгүлтүр от өткөн. Башкача айтканда, долбоордук күчү 140 миллиардды түзгөн Украинанын газ-транспорттук тутумундагы түтүк жана компрессордук кубаттуулуктун үчтөн эки бөлүгү бош турат. Мындай татаал жана узундуктагы техникалык объектини тынымга да бош коюуга да болбойт, үзгүлтүксүз тейлөө, пландалган алдын алуучу ремонт жана акчалай салымдарды талап кылат.

Экинчи бир учурга токтололу. 2014-жылы "Нафтогаздын" жетекчиси Андрей Коболев Украинанын газ-транспорттук тутумун 25-35 миллиард долларга баалаган. Киев ал кезде болгон күчү менен европалык профилдик компанияларды акция пакетин сатып алууга үндөгөн. Кызыкдар тараптар катары польшалык PGNiG, швейцариялык AOT Energy, италиялык Snam S.p.A. жана словакиялык Eustream a.s. ишканалары аталган. Бирок ошондо да украиналык бийлик амалданбай койбогон.

Негизи европалык оюнчулар Украинанын газ-транспорттук тутумун сатып алууга даяр эле. Ошол менен россиялык газ транзитинин ынанымдуулугу боюнча маселе биротоло чечилмек. Бирок Киев акциялардын көзөмөлдөөчү пакетин сатуудан айнып, 49 пайызды гана сунуштаган. Жыйынтыгында тендерлердин баары сатып алуучулардын жоктугунан үзгүлтүккө учураган. Мезгил өткөн сайын аталган системанын жагдайы начарлады. 2018-жылы ошол эле Коболев улуттук газ-транспорттук тутумдун наркын 14 миллиард доллар деп аныктады. Ал эми 2019-жылы транзитти узартуу маселеси көтөрүлгөндө майдаланган компаниянын транзит үчүн жооп берген оператору "Укртрансгаз" 1,45 миллиард долларга бааланган. Мындай баа да асмандан алынган эмес. Киев аудит жана баалоо үчүн атайын британиялык Ernst & Young консалтингдик компаниясын чакырган. Киев системанын азыркы абалы жана мындан кийинки келечегин түшүнбөйт деп ойлоого болбойт.

Газ куурунун биринчи биринчи түтүктөрүн жаткыруу аяктаганы боюнча Владимир Путиндин билдирүүсүнөн бир күн оболу Украина президенти HBO аттуу маалыматтык гиганттын курамындагы Axios ресурсуна маек курган. Анда Владимир Зеленский АКШ Москвага санкциялык кысымдан баш тартканын, Украинанын газ-транспорттук тутумуна каражат салбаганын, бул жалпысынан Украинанын коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына түз коркунуч келтирерин айтып даттанган. Өзү жана өзүнөн мурунку президент өлкөнү кептеген абалдын татаалдыгын аңдаган Зеленский НАТОдон Украинаны өз курамына тезинен кабыл алууну талап кылгандай эле болуптур.

Москва менен Киевдин алакасы Кошмо Штаттар тымызын көкүтүп, алар тарабынан каржыланган акыркы Майдан окуяларынан улам кескин начарлаган. Андан кийинки башаламандыктарда америкалык маалымат каражаттарынын баамында, бийликте турган демократтар Украина аркылуу кеминде эле алты миллиард долларды адалдап алган. Дал ошол мезгилде ал жакта Хантер Байден пайда болот. Ага газ алуучу Burisma компаниясын табышташат. Кошмо Штаттардын болочок президенттин уулу менен Украинага бир топ кеңешчилер келет. Алар украиналык бийликтин дээрлик бардык деңгээлдерин аралайт. Америкалык адистер айрыкча энергетика тармагы жана Европага газ транзитине тыкыр көңүл бурушкан. Эске салсак, Владимир Зеленскийдин ант берүү аземине АКШдан ошол убактагы энергетика министри Рик Перри келген. Бүгүнкү күндө Кошмо Штаттарда жаңы президент, Украина үчүн жети жыл мурда жазылган сценарий көз алдыбызда ишке ашырылууда.

Америкалыктарга Украинанын газ-транспорттук тутуму дале кызык. Себеби жөпжөнөкөй, анткени "Түндүк агым — 2" толук иштей баштаган күндө да украиналык транзит өз маанисин жана актуалдуулугун жоготпойт. Нидерландынын расмий билдирүүсүнө таянсак, келерки жылы жайында Гронинген бассейнинин чегинде жаратылыш газын казуу толук токтотулат. Башкача айтканда, Европада Голландиянын түндүгүнөн алып турган 25 миллиард куб метр газ тартыштыгы жаралат. Мындай эбегейсиз таңсыктык бир гана шартта – украиналык транзитти камтып, Россиядан газ алууну улантуу жана жогорулатуу менен гана бүтөлөт.

Эшикте саратан, адаттан тыш ырайын көрсөтпөгөн кадимки жай мезгили. Анткен менен европалык хабдардагы көгүлтүр от миң куб метрине үч жүз доллардан кармалып турат. Бул рекорд эмес, бирок аз да эмес. Европада жылытуу маалы башталчу 15-октябрга карата табигый газдын наркын болжоого эч ким даай албайт. Бирок адистер пандемиядан кийин дүйнөлүк экономиканын калыптануу жылында баа кыйла жогору болорунан шек санашпайт.

Эми окуяларды көздөн бир өткөрөлү, Киевдеги төңкөрүш, украиналык президенттин инаугурациясындагы энергетика министри, өлкө бийлигинин бардык бутактарында америкалык кеңешчилер, европалык оюнчуларды украиналык транзитке жолотпоо, Украинанын газ-транспорттук тутумунун акырындап нарксызданышы, Жо Байдендин "Түндүк агым – 2" долбооруна каршы жаңы санкцияларды киргизүүдөн баш тартышы...

Он алтынчы июнда Женевада россиялык жана америкалык президенттер кезигет. Украина жана Европага газ жеткирүү темасы да козголору турулуу иш. Байдендин санкциялык чечкинсиздиги диалогго чакыруу болушу мүмкүн деп болжоп көрөлү.

Эгер АКШ Украинаны транзит схемасынан чыгарып, газ жеткирүүнү түздөн-түз көзөмөлдөсө, Европа биримдигинин саясатына гана таасир этпестен, дурус да пайда көрөт. Бул, албетте, жоромол гана, бирок ушундай схема ар бирине пайдалуу. Гронингендеги кен жабылып жатканда Евробиримдик өз фабрикалары жана жылытуу ишканаларын көгүлтүр от менен камсыздоо зарыл. Кошмо Штаттар да дипломатияда эквилибристикадан улам каржылык жана геосаясий упай топтой алары ажеп эмес. Бул стратегиянын ишке ашырылышында жеңилген жалгыз тарап Украина болот. Ошентсе да бул анын аң-сезимдүү тарыхый тандоосу.

199
Белгилер:
транзит, Түндүк агым - 2, газ, мамлекеттик төңкөрүш, Владимир Зеленский, Украина, Европа, Россия, АКШ
Тема боюнча
Арктикадагы запас: Россия АКШны Европадан сүрүп чыгарууга даярданып жатат
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин: Россия өзүнүн жана коңшулардын коопсуздугу үчүн баарына даяр

21
Владимир Путин Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясында Россия президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн эл аралык мамилелер жаатындагы позициясын эске сала кетти.

РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Путин Россия өз элинин коопсуздугу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.

"Кечээ өлкө тарыхындагы эң өкүттүү даталардын бирин белгиледик. Туура 80 жыл мурда фашисттик Германия биздин мамлекетке кол салган. Бул окуя бизге чоң сабак болгон. Андыктан Россия өз элинин коопсуздугу үчүн колдон келген аракетин жасайт. Куралдарыбызды күчтөндүрөбүз, дипломатия жолу менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз, кызыкдар тараптар менен диалогго барабыз", — деди Путин.

Ошол эле учурда президент Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык маселелерди саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин айтты.

"Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабайт. Дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечишүүгө салым кошкубуз келет. Россия жаратмандыкты колдойт", — деди РФ лидери.

Мындан тышкары, Путин Россия коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү экенин эч качан унутпасын белгиледи.

"Коңшулар менен ажырагыс тарыхый жана маданий байланышыбыз бар. Биз алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилигибизди унутпайбыз. Биздин жалпы континентибиздеги тынч жашоо жана ачык асман үчүн аймактык чыр-чатактарды басаңдатууга салым кошо бермекчибиз", — деди ал.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы — коргоо мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт эксперттердин башын бириктирип, коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү форум.

21
Белгилер:
диалог, коопсуздук, регион, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Массалык жок кылуучу куралдын жайылуу коркунучу. Путин Москва форумунда сүйлөдү
Россия президенти Владимир Путин. Архив

Путин: туруктуулук үчүн саясий эрк жана компромисс зарыл

12
(жаңыланган 18:06 23.06.2021)
СНВ-3 келишими 2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген. Анын шарты боюнча тараптар өзүнүн өзөктүк арсеналын кыскартып, тийиштүү көлөмдө кармап турушу керек.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Стратегиялык туруктуулук жаатында ийгилик жаратуу үчүн саясий эрк жана компромисске баруу жөндөмү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясында сүйлөп жатып айтты.

РФ лидери өлкө буга чейин коопсуздуктун жаңы механизмин иштеп чыгууну сунуштаганын эске салды.

"Система стратегиялык туруктуулукка таасир тийгизе турчу бардык факторлорду камтышы керек. Саясий эрк жана компромисске бара билүү жакшы натыйжасын берерине ишенебиз", — деди Путин.

Анын айтымында, буга Россия менен АКШнын стратегиялык жана чабуул коюучу куралдын (СНВ-3) көлөмүн 2026-жылга чейин кыскартуу тууралуу келишиминин узарышы ачык далил.

Белгилей кетсек, СНВ-3 келишими 2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген. Анын шарты боюнча тараптар өзүнүн өзөктүк арсеналын кыскартып, тийиштүү көлөмдө кармап турушу керек. Башкача айтканда, жети жылдан кийин жана андан аркы убакытта континенттер аралык баллистикалык ракеталардын, суу алдындагы бомбардировщиктердеги баллистикалык ракеталардын саны 700дөн ашпашы керек. Мындан тышкары, ракета огу 1500,  орнотмолор 800дөн көп болбошу шарт.

Келишим максатына жетип, тараптар арсеналын тийиштүү көлөмдө кармап турат. 2021-жылдын башында, бийликке Жо Байден келери менен, макулдашуу эч өзгөрүүсүз дагы беш жылга узартылды. Буга чейин администрация келишимди узартууну маалкатып, бүтүндөй стратегиялык туруктуулук системасына коркунуч жаратып келди.

12
Белгилер:
система, курал-жарак, коопсуздук, конференция, Владимир Путин
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Путин менен Байдендин жолугушуусунан кийин дүйнөлүк саясат кандай өзгөрөт
Путин белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл койду. Видео
Рустам Раджапов жубайы Татьяна менен Душанбе шаарындагы Бакыт үйүндө экөө баш кошкону жөнүндө күбөлүккө кол коюп жаткан учур

"Тажикстандыктардын көбү Кыргызстанга качып аман калган". Жарандык согуштун каары

0
Коңшу Тажикстанда жарандык согуш токтоп, тынчтык орногонуна быйыл 24 жыл болду. 1992-жылы бул коңшу өлкөдө ар түрдүү социалдык-экономикалык жана диний себептерден улам беш жылга созулган кандуу тиреш башталган.

Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга Россия менен Кыргызстан зор салым кошкон. Тарыхый процессттин катышуучулары менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.

Кыргызстандын мурдагы вице-президенти Феликс Кулов: демилге ишке ашпай калган

— 1991-жылы 26-декабрда Советтер Союзу урагандан кийин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек араны Россиянын чек арачылары кайтарган. Ал эми Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен чек ара тарап каралбай калды, өлкө чек ара кызматын түптөй элек болчу. Эки өлкөнүн жарандары такталбаган чек ара тилкелеринде үй салып жатышты. Ал кезде мен вице-президент болчумун. Өлкөбүздүн түштүк аймактарынан чыккан ишкерлерди чогултуп, казынада акча жок экенин, аталган мамлекеттер менен чектешкен чөлкөмдөрдө социалдык жана экономикалык көйгөйлөр чечилбей жактанын, ошол себептен Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара меселеси абдан курч экендигин түшүндүрдүм.

Ишкерлерге Ош облусуна караган Баткен тараптагы такталбаган чек ара тилкелердин жанына кафе, автоунаа оңдоочу жайларды же ишкана салып, алардын аталыштары сөзсүз кыргыз тилинде болушу керек дедим. Мындан сырткары, бул үчүн беш жылга чейин салыктан бошотуу тууралуу жарлык чыгаруу жөнүндө сунуш киргизеримди белгиледим. Ишкерлер дароо эле колдоп кетишти. Акаевге кирип айтсам сунушума макул болду. Бизнесмендерди президентке киргизип, бул бейрасмий коомду "Улуттук ар-намыс болсун" деп атамай болдук. Жарлык чыкты.

Вице-президент США Альберт Гор встречается с премьер-министром Кыргызстана Турсунбеком Чынгышевым и вице-президентом Феликсом Куловым (первый справа) во время официального визита в Кыргызстан. Бишкек, 1992 г.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
АКШнын вице-президенти Альберт Гор Кыргызстандагы расмий иш-сапарында КРдын премьер-министри Турсунбек Чыңгышев жана вице-президенти Феликс Кулов (оң жактан биринчи) менен таанышып жаткан учур. Бишкек, 1992-жыл

Жигиттер долборлорун түзүп, ишке ашырууга билек түрүнө киришти. Бирок үч айдан кийин жогоруда сөз болгон жарлыкты Аскар Акаевич жокко чыгарып салды. Мындан улам ишкерлердин бийликке ишеними жоголду. "Жарлыгыңызды эмнеге жокко чыгардыңыз?" деп сурасам, Акаев көзүн ала качып, кеңешчиси Леонид Левитин чек ара маселеси абдан курч болгондуктан жарлыктын кереги жок деген кеңеш бергенин айтты. Левитинге жолуксам, ал да ар түрдүү шылтоо айтып артын качырды. Ошентип мамлекетибиз үчүн бул стратегиялык маселе чечилбей калган. Анын айынан жакында Тажикстан Кыргызстанга кол салып, бейкүнөө жарандарыбыз каза болуп, жараат алып, турак жайы менен мүлкүнөн ажырашты.

Жогоруда айтылган демилгени азыркы бийлик колдонсо болот. Кыргызстандык ишкерлер менен чет элдик инвесторлор Баткен аймагында аскердик, социалдык багыттагы объектилерди жана ишканаларды курса, өкмөт аларды беш жылга салыктан бошотуш керек. Анткени бүгүнкү күндө деле мамлекеттин казынасында андай объектилерди курууга каражат жок.

Тажикстандык качкын Александр Нарочный: Кыргызстанга жеткендер аман калган

— 1974-1996-жылдары апам Татьяна, карындашым Лидия жана мен Душанбе шаарында турчубуз. Бир жана эки бөлмөлүү эки батирибиз бар эле. Мындан сырткары, шаардын чок ортосунда дагы төрт бөлмөлүү чакан үй төрт сотых жери менен бар болчу. Ал эми таятамдар Бишкекте жашачу. 1988-жылы орто мектепти Душанбеден бүтүп, армияга чакырылдым. 1989-1993 жылдары Нижегород облусундагы Дзержинск шаарында аскердик кызматымды өтөп, кайра Душанбеге кайткан учурда Тажикстанда жарандык согуш жүрүп жаткан. Бириккен тажик оппозициясынын тарапкерлери өздөрүн "вовчик" деп аташты. Ал эми расмий бийликтин жактоочулары "юрчик" деген атка конушту. Булар максатына жетиш үчүн карапайым элди курмандыкка чалды. Түн ичинде "вовчиктер" жана "юрчиктер" жай тургундардын үйүнө кирип талап-тоноп, аларды суроо-сопкутсуз эле өлтүргөн учурлар көп болду. Ошондуктан колунан келгендер Россияга качты. Көпчүлүгү эптеп Кыргызстанга жетип, жанын аман алып калышты. Ал эми Өзбекстан чек арасын жаап, качкандарды кабыл алган жок. Расмий Ташкент айрым учурда гана чек араны ачып турду.

Александр Нарочный на службе в Советской Армии. Нижегородская область, город Дзержинск. 1990 г.
© Фото / из личного архива Александра Нарочного
Александр Нарочный Советтик армияда аскердик кызматын өтөп жүргөн учур. Нижегород облусу, Дзержинск шаары. 1990-жыл

Согушка да айла жок көнөт экенсиң. Кээде балконго чыгып, кимиси экени белгисиз, Душанбеге чабуул коюп, танк менен шаарды аткылаганын көрчүмүн. Мунун натыйжасында калаа тургундары ачка калды. Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын жоокерлери БТР менен келип шаардын калкына нан таратып берчү. Эл нан алганча жанындагы паркта "вовчиктер" менен "юрчиктер" салгылашып жаткан болот, тургундар буга да көңүл бурбай токоч алып жатканын көрүп жаныман түңүлгөм. Далай классташтарым менен теңтуштарым кандуу тиреште каза болду. Ошол учурда таажездем Николай Емцов Душанбеде жашачу. Жаш кезинде Фрунзе шаарынын "Алга" футбол командасынын белгилүү оюнчусу эле. Бирок ден соолуктун айынан майып болуп, коляскада отурчу. 1996-жылы аны Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын аскерлеринин жардамы менен БТРге салып темир жол вокзалына жеткиздим. Какаганга муштаган болуп, ал жерде расмий Душанбенин аскерлери менен согушкерлер салгылашып жатыптыр. Буга карабастан таажездемди россиялык жоокерлердин көмөгү менен Өзбекстанга кетип жаткан акыркы поездге отургузганга зорго үлгүрдүм. Ал коңшу мамлекет аркылуу Бишкекке келди. Ишенесизби, эки батирди эмереги менен 800 АКШ долларына сатып, колубузга болгону документтерди алып чыгып кеттик. Душанбенин чок ортосундагы төрт бөлмөлүү үйүбүздү сатканга жетишкен жокпуз. Ыраматылык досум Леонид Пивнев да энесин Бишкекке узатып, биз сыяктуу батирин арзыбаган акчага сатканга мажбур болгон. Леониддин "Москвичине" апам, карындашым болуп үчөөбүз түшүп, төртөөбүз араң Өзбекстанга өтүп Кыргызстанга таенем Лидия Нарочновага келдик. Ошондо "өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет" деген макалдын түпкү маанисин түшүндүм.

1990-жылдары Бишкекте тажикстандык качкындар көп болчу. Бардыгы мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан жардам алып турушту. Документтерди калыбына келтиргенге расмий органдар чоң көмөк көрсөттү. Кыргызстандын жарандыгын алганча "качкын" деген макам менен жүрдүк. 2005-жылы Кыргызстандын жарандыгын алдым. Менин жеке пикиримде Тажикстандагы согушту токтотконго Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясы менен чек арачылары жана Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальону ат көтөргүс эмгек кылды. 1997-жылы май айында Кыргызстан расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясын элдештерип, Тажикстанда тынчтык орнотууга зор салым кошкон.

КР армиясынын запастагы полковниги Рустам Раджапов: согуш кызып турганда той өткөргөнбүз

— 1996-жылы февраль айынын башында Новосибирск шаарындагы жалпы командалык аскердик окуу жайдын чалгын факультетинде окуп жүргөн маалда кышкы өргүүгө Душанбеге келдим. Бала чагым Тажикстанда өткөн. Анда ата-энем менен бир туугандарым Душанбеде жашачу. Ошол убакта атам Абдрахим Раджапов Тажикстандагы Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн штабында Кыргызстандын Коргоо министирлигинин өкүлү болчу. 1996-жылдын 10-февралында өмүрлүк жарым Татьяна экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз болду. Ал Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын катарында кызматын өтөп жүргөн кези эле. Ошол маалда расмий бийликтин душманы белгилүү полковник Махмуд Худойбердыев Регар калаасындагы алюминий заводун курчоого алган. Худойбердыевдин мүдөөсү тажик өкмөтүнөн акча алуу болчу. Дал ушул себептен улам атам үйлөнүү тоюбузду өткөргөнгө Тажикстандын ажосу Эмомали Рахмондон уруксат сурап, макулдугун алган. Анткени кандуу тирешүүгө чейин атам аны жакшы таанычу. Анын үстүнө Эмомали Шарипович атамды расмий Бишкектин өкүлү катары аябай сыйлачу.

Рустам Раджапов и его жена Татьяна подписывают свидетельство о браке в доме Бакыт в Душанбе. 10 февраля 1996 г.
© Фото / из личного архива Феликса Кулова
Рустам Раджапов жубайы Татьяна менен Душанбе шаарындагы Бакыт үйүндө экөө баш кошкону жөнүндө күбөлүккө кол коюп жаткан учур. 1996-жыл 10-февраль

Баш-аягы тоюбузда алты жүздөй конок болду. Меймандардын арасында расмий Душанбенин аткаминерлери, аскер кызматкерлери, Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн жана Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын офицерлери болду. Мындан сырткары, Регар шаарын расмий бийликтин каршылашы полковник Худайбердыевден коргогон тажик армиясында классташтарым жана теңтуштарым бар эле. Алар нөөмөтүн башка жоокерлер алмаштырган учурда келип куттуктап, кайра окопторго кайтып жатышты. Ырчыларды жалдаган эмеспиз. Ошон үчүн ким ырдай алса сахнага чыгып ырдап жатты. Мындан сырткары, Бириккен тажик оппозициясынын катарындагы үч классташым да тойго катышты. Алар ресторанга кирер алдында автоматтарын таштап, аскердик формасын чечип тойго кийчү кийимдерин кийип келишти. Азыр согуш учурунда апам Мавлия кантип дасторкон жайып, ушунча конокту кантип тосконун эстеп таң калам. Энем 6-разряддагы ашпозчу болгондуктан үлпөт тоюбуз мыкты өттү. Согуш кызып турганда үйлөнүү тойду өткөрүү бул тарыхта сейрек болчу окуялардан болсо керек.

0
Белгилер:
Аскар Акаев, качкын, той, согуш, Россия, Кыргызстан, Тажикстан
Тема боюнча
Аскар Акаев: Тажикстандын бийлиги менен оппозициясын үч күн дегенде эпке келтиргенбиз
Дипломаттын жубайы Эдиса Намазбекова: бөтөн жерде өлүп калабызбы деп коркчумун