Франциянын президенти Эммануэль Макрон. Архив

Эл менен жолугуп жаткан Эммануэль Макронду бирөө жаакка чапты. Видео

178
(жаңыланган 10:20 09.06.2021)
Франция президенти чогулган элдин жанына басып келген. Ошол маалда топтошуп тургандардын бири аны колунан тартып туруп чаап жиберген. Бул ирмемдер видеого түшүп калды.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макронду өлкө ичиндеги иш сапарларынын биринде катардагы жаран жаакка чапты. Бул тууралуу BFMTV телеканалы кабарлады.

Окуя президент Дром аймагына барган учурда болгон. Кадрда көрүнүп тургандай, Макрон чогулуп турган элдин жанына барып, бир киши менен кол алышып учурашууга аракет кылат. Ошол учурда ал президентти колунан кармап туруп жаакка чабат. Жан сакчылар көз ирмемчелик убакытта президентти ары алып кетип, ага кол көтөргөн кишини кармашкан.

Көп өтпөй РИА Новости агенттигинин Dauphiné басылмасына шилтеме берип жазганына караганда, Эммануэль Макрон бул окуяга көңүл буруп, көбүртүп-жабыртуунун зарылдыгы жок экенин айткан.

"Мен эч нерседен кооптонгон жокмун, өз элим менен жолугушууларды уланта берем. Мындай эл чогулган жерлерде агрессивдүү адамдар дайым болуп келген. Муну көбүртүп-жабыртып, көңүл чордонунда кармабайлы. Алар буга татыктуу эмес. Андан көрө чындап элди бушайман кылган олуттуу көйгөйлөрдү сүйлөшүп, чечүү жолун издейли", — деди Макрон.

Маалыматка караганда, полиция президентке кол көтөргөн киши менен биргеликте дагы бир жаранды кармаган.

178
Белгилер:
жолугушуу, жаран, Эммануэль Макрон, Франция
Тема боюнча
Жоокерлер сүрөткө түшүп, Байден тизелеп... Видео

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

118
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

118
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу

193
(жаңыланган 19:02 23.06.2021)
Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.

"National Geographic Россия" сайты Крюгер паркында болгон окуя тууралуу жазды.

Ал жердеги туристтер биринчи мозамбик кобрасын байкашкан. Жылан көздөп турган олжосуна дароо кол салбай, бир аз байкоо салып турган. Кыймылсыз жаткан кескелдирик качууга аракет кылып секиргенде кобра андан да катуу ылдамдык менен муунта, бекем оролуп алганга жетишкен.

Берки жаныбар канчалык аракет кылып чабалактаганы менен баары бир кутула албай, акыры жем болгон.

Видеодон алгач кумдуу жерде экөө кармашып, бирок баары бир кобра артыкчылык кылып, бир нече убакыттан кийин кескелдирикти толугу менен жутуп, андан соң чөптү аралай сойлоп кеткендигин көрүүгө болот.

193
Белгилер:
уу, кескелдирик, кобра, Крюгер паркы
Тема боюнча
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео
Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео