"Өздүгүн жашырууга аракет кылган". Facebook кимдин цензурасынан өтөт?

© AFP 2023 / JUSTIN SULLIVANКишилер Facebook конференциясын учурунда. Архив
Кишилер Facebook конференциясын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Facebook пикирлерди, кээде аккаунттарды да өчүрөт. Көбүнесе эмнеге экени түшүнүксүз, бирок көпчүлүк бул аталган аянтчадагы постторду "тизгиндегендердин" саясий тандоолоруна байланыштуу деп эсептешет.
Өзгөчө айрым темалар "өчүрүлүп же бөгөт коюлушу" турулуу иш. Анткен менен модераторлор украиналык улутчулдарга жан ачып турганы айкын. РИА Новости агенттиги социалдык медиада бизге колдонуучулардан мурун кимдер тынымсыз көз саларына кызыгып көргөн.

Анонимдик адилеттик

Жакында эле россиялык-израилдик публицист жана тарыхчы Артем Кирпичёноктун экинчи баракчасын жаап салышты. Өзү бул Беларустагы абал тууралуу жазган постунан улам экенин белгилейт.
"Кыйла активдүү блогермин. Facebook тармагына 2017-2018-жылдары ЖЖдан (Live Journal) өткөм. Башта эч кандай эскертүү болгон эмес, кийин баракчамды бир күнгө, кийин бир аптага жабышты. Көбүнчө Жакынкы Чыгышка байланыштуу".
Кайсы бир тарыхый документтен мисал келтирет, анда мазактоочу лакап ысымдар камтылыптыр. Ал кайсы бир атаандашты ызалантуу үчүн эмес, өткөн мезгилдерде тартынбастан ушундай лексика колдонулганын гана көрсөткүсү келгенин айтат калемгер.
"Андан соң эки ай "эркин", кийин кайра алардан "жүрүш" жасалат. Ошентип Facebook тармагынын "ийгилик мырзасына" айландым", – дейт. Даттанууга аракет кылдым, бирок "сиз айыптуу деп табылдыңыз" деген мазмундагы гана автоматтык жооптор келе берди. Ушундай анонимдик сот адилеттиги бар экен", — дейт блогер.
Кээде пикирлер жөн гана өчүрүлүп калчу. "Евромайдандагы львовдук комсомолду жазалоо эпизодун эске салдым. Баарын өчүрүштү, бирок ырайымсыздык камтылган тасма экени эмес, чындыкка жатпаган маалымат үчүн деген себепти көрсөтүштү. Модерациянын логикасы акылга сыйбайт. Сени байкап калган соң эртеби-кечпи баракчаны жаап тынышат өңдөнөт", — деп боолголойт Кирпичёнок.
WhatsApp мессенджердин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жаңы эрежени кабыл албасаңыз WhatsApp сиздин профилди өчүрөт
Ал дагы бир баракча ачат. "Өзүмдү иврит тилинде тааныштырдым, бирок реалдуу адамдын каттоосу экени көрүнүп турат. Бир күнү эртең менен баш баксам: "Фейсбукту жөнсүз пайдалануунун алдын алуу үчүн убактылуу чектедик", – деген билдирүү турат. Администрация менен байланышууга аракет кылдым, майнап чыкпады". Кирпичёнок дал эмне үчүн анын пост жана пикирлери өчүрүлгөнүн түшүнбөй деле калган.
Украиналык журналист Павел Волков да Facebook баракчасынан куру калды. Ал ультра оңчулдар менен украиналык модераторлордун байланышы тууралуу макаласын жарыялап, бундестагда сүйлөгөн сөзүнүн тасмасын жайгаштырган.
"Топтун эрежелерин бузганымды айтып өчүрүп салышты. Дал кайсы эрежелер экенин алигүнчө билбейм. Албетте, даттандым. Бирок алар абдан амалкөйлүк менен жооп кайтарышат. Ковиддин айынан кызматкерлери аз экенин, өтүнүчүмдү кароо убакыт аларын белгилешет. Так канча убакыт экени да түшүнүксүз", — дейт ал.
Ушул тууралуу эле, тагыраагы, цензорлордун украиналык улутчулдарга жан тартып турары боюнча марттын аягында журналист Андрей Манчук да пост жазат. Аны жалган деп баалап, өчүрүп салышат. Май айында аккаунту өчүрүлөт. Жакында эле анын экинчи каттоосуна да бан коюшту.

ФБР да аралашканбы?

Украина дайым Facebook орус сегментинде көп талкууланат (бул өлкөнүн көп жарандары орус тилинде сүйлөшөт эмеспи). Киев же Варшавадан (Чыгыш Европа боюнча штаб-квартирасы ушул калаада) модераторлор россиялык маалыматтык мейкиндикке көп кийлигишет. Март айында Роскомнадзор Фейсбуктан РБК, ТАСС жана "Взгляд" маалымат каражаттарына коюлган бөгөттү алып салууну талап кылган. Материалдар РФ ФСБсынын басма сөз кызматынын маалыматтарына таянуу менен украиналык жаштардын радикалдуу топторунун тарапташтары кармалганы жөнүндө гана жазылган. Америкалыктар бул контентти өчүрүшпөгөнүн, фактчекерлер (фактыны текшерүүчүлөр – ред.) аркылуу жалган деп белгиленсе, ал болгону аз көрсөтүлөрүн түшүндүрүшкөн.
Украиналык фактчекерлер ансыз да Россияга тыкыр көз салат. Facebook тарабынан Украинадагы коомдук саясат боюнча дайындалган Екатерина Крук StopFake ресурсунда иштеген. Ага дейре "Свобода" улуттук партиясынан Жогорку Раданын депутаты Игорь Швайканын жардамчысы болгон. StopFake өзүн: "Биз көз салабыз, фактыларды текшеребиз, россиялык пропаганданын бетин ачабыз" деп таанытат. Ынанымсыз контентти ыктыярчылар гана эмес, күч органдары да аныкташат. 2020-жылдын сентябрында Facebook коопсуздук саясатынын жетекчиси Натаниэль Глейшер "чет элдик мамлекеттик органдын тапшырмасы менен атайын макулдашылып чындыкка коошпогон жүрүм-турумунун негизинде үч түйүндү өчүрдүк", – деген.
"Бул тармактар Россиядан чыгып, Түркиядан Украинага чейинки ар кыл өлкөлөргө көрсөткөн", — деп тактайт ал.
"Платформадан тыш ишмердик" тууралуу маалымат ФБРден түшкөн. "Бул активдүүлүк аркасында турган адамдар өздүгүн жана бири-бири менен өз ара аракеттешүүсүн жашырууга аракет кылышкан. Бирок биздин иликтөө россиялык интернет-изилдөөлөр агенттигиндегилер менен байланыштарын аныктап чыкты", — деп белгилейт коопсуздук саясатынын жетекчиси.
Телефондогу тиркемелер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Өзбекстан Facebook, TikTok, Telegram кызматтарына талап койду
Facebook Алексей Навальный боюнча митинг өтүп жаткан кезде да көп бөгөттөрдү койгон. "Биз 530 Instagram баракчасын атайын макулдашылган анык бир жүрүм-турумга карата биздин саясатты бузгандыгы үчүн өчүрдүк", — деп кабарланат алар тараткан пресс-релизде.
Өчүрүлгөн колдонуучулардын айыбы – маалыматтарын хештег коюу менен таратышкан. Платформанын билдирүүсүндө алар атайын коомчулуктун көңүлүн маанилүү темалардан алаксытуу аракетин көздөгөнү айтылат.
Негизи Facebook модерациясынын эрежелери ачык, бирок так түшүндүрмө жетишсиз. Цензорлор туурасында да маалыматтар бүдөмүк: "Биз азыр айрым гана өлкөлөрдө фактыларды текшерүү боюнча көз карандысыз эксперттер менен кызматташабыз". Бирок эксперттердин ыйгарым укуктары кеңири, алар "кайсы маалыматты текшерүүнү өз алдынча чечишет".
Фактчекер Фактыларды текшерүү боюнча эл аралык түйүндүн сертификатын алууга тийиш. Аталган уюм 2015-жылдан тарта иш алпарат, Пойнтер атындагы журналистика институтунун бир канаты болуп саналат. Ага материалдык көмөк көрсөткөндөрдүн катарында Facebook, Google, Жорж Соростун "Ачык коом" уюму да бар. Ошондой эле америкалык National Endowment for Democracy (NED) уюмунан да гранттар берилет. Демек, Facebook да цензура менен алектенген "көз карандысыз эксперттерди" каржылайт. Айтмакчы, Флоридадагы Сент-Питерсбергде жайгашкан.
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги контентке ким модераторлук кыларын, StopFake уюму калыс иш алып бара алабы жана украиналык ультраоңчулдар менен модераторлордун байланышын кабарлаган журналисттердин аккаунттары кайсы негизде өчүрүлөрүн түшүнүп алуу үчүн Фейсбукка кайрылды. Жообун күтө туралы.
Жаңылыктар түрмөгү
0