АКШнын азыркы лидери Жо Байден менен мурунку президент Дональд Трамп. Архив

Таптакыр башка... Путин Байден Трамптан эмнеси менен айырмаланарын айтты

129
(жаңыланган 11:32 12.06.2021)
Путин АКШнын азыркы президенти мурункусунан айырмаланып, бүт тепкичти басып өткөн саясатчы экенин айткан.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин NBC телеканалына берген маегинде АКШнын азыркы лидери Жо Байден мурунку президент Дональд Трамптан таптакыр айырмаланып турарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Телеканалдан билдиришкендей, Россиянын лидери Владимир Путин Байден Трамптан бүт жагынан айырмаланып турарын, себеби ал бардык тепкичти басып өткөн саясатчы экенин, күлгүн курактан берки өмүрүн саясатта өткөргөнүн айткан.

Ошондой эле Путин Байден менен андан мурунку президент Трампты салыштырып жатып, "ал таптакыр башка адам, мунун артыкчылыгы да, кемчилиги да бар. Бирок мен азыркы президент кандайдыр бир күтүүсүз кадамдарды жасап жибербейт деп үмүт артам" деген пикирин билдирген.

129
Белгилер:
Владимир Путин, Жо Байден, Дональд Трамп, салыштыруу, саясатчы
Тема боюнча
Байден "Путиндин курьерине" айланып бара жатат. Кырдаалга сереп
АКШлык балбан Аделина Грей. Архив

Дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат! Айперинин атаандашы тууралуу эмне белгилүү

2
(жаңыланган 14:31 01.08.2021)
Кыргызстандык спортчу кыз Олимпиаданын жарым финалына чыкты. Алдыда аны өтө олуттуу атаандаш күтүп турат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиадалык оюндардын жарым финалында АКШлык Аделина Грей менен беттешет.

Америкалык спортчу дүйнөнүн беш жолку жана Панамерикалык мелдештердин бир нече жолку чемпиону. Денверде туулуп-өскөн, учурда 30 жашта.

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун кыз-келиндер күрөшү боюнча рейтингинде 76 килограмм салмак чени боюнча биринчи орунда турат. Медет кызы бул тизмеде азырынча сегизинчи баскычта.

Экинчи жарым финалда япониялык Хироэ Минагава Сузуки (UWW рейтингинде үчүнчү орунда) менен германиялык Aлин Роттер-Фоккен (экинчи орунда) чыгат. Белгилей кетсек, 2019-жылкы дүйнө чемпионатында Грей дал ушул япониялык спортчу менен беттешкен.

Олимпиада оюндарынын 1/8 финалында АКШлык Грей Тунистен келген атаандашын 8:0, андан соң түркиялык Ясемин Адарды 6:4 эсебинде уткан.

2
Белгилер:
АКШ, Айпери Медет кызы, беттешүү, Олимпиадалык оюндар, Аделина Грей
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Бали! Айпери Медет кызы олимпиада чемпионун утуп, жарым финалга чыкты
Эсеп 8:1. Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарындагы алгачкы беттешин жеңди
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив

Диетолог суу тууралуу мифтерди жокко чыгарды

30
Дарыгер суу тууралуу азыр айтылып жүргөн айрым нерселерди жокко чыгарып, анын себептерин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Учурда суу жана анын адамдын организмине тийгизген таасири тууралуу айтылып жаткан нерселердин көпчүлүгү жөн гана миф. Бул тууралуу "Прайм" агенттигиндеги маегинде эндокринолог, диетолог Ульяна Румянцева айткан.

"Мисалы, бир күндө 2 литр суунун өзүн ичиш керек деп айтылып жүрөт. Бул туура эмес, ар кайсы организм уникалдуу, баарына 2 литр суу керек деген түшүнүк жок. Экинчиден, сөз болуп жаткан көлөм бир гана суудан турушу керектигин дагы эч ким далилдеген эмес. Ага чай, кофе, шире, шорпо кошула берет. Болгону алкоголь ичимдиги менен газдалган суусундуктарды эсептебеш керек", — деди дарыгер.

Адис логикалык жактан ойлонуп көргөндө деле элдин баарына 2 литрден суу ичүү системасы туура келбесин белгилейт. Таргыраак айтканда, эркектин организми аялдыкына караганда сууну көбүрөөк  талап кылат.

Ал эми толук адамдар учурдагы салмагына эмес, жашына жана боюна жараша идеалдуу деп эсептелген салмакка ченеп ичиши керек.

"Адам ооруп турган учурда, инфекция жуктуруп, дене табы көтөрүлгөндө болушунча көбүрөөк суу ичкени жакшы. Башка ооруларга чалдыккан учурларда ашыкча суу терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн", — деди диетолог.

Сөзүнүн аягында адис бардыгы индивидуалдуу экенин кошумчалады.

30
Белгилер:
суу, дарыгер, миф, ден соолук, адам, норма
Тема боюнча
Канадада жасалма уруктандыруу үчүн өз уругун пайдаланып жүргөн дарыгер кармалды