Израиль биринчилерден болуп аң тери буюмдарын сатууга тыюу салды

© Sputnik / Виктор Драчев / Медиабанкка өтүүНорканын терилери. Архив
Норканын терилери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Мыйзам бузгандарга 75 миң шекель (23 миң доллардай) өлчөмүндө айып пул салынат же бир жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Израиль биринчилерден болуп аң тери буюмдарын сатууга тыюу салды. Бул тууралуу National Geographic жазды.
Жапайы жаныбарларды коргоо жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сурамжылоого катышкандардын 86 пайызы колдогон. Ал 2021-жылдын декабрь айында күчүнө кирет. Тиешелүү документке өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гимлиэль кол койгон.
Пил. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2019
Африкада пил аң уулап жүргөн браконьерди өлтүрүп, сөөгүн арстандар жеп алды
Израилде мындан ары аң терилеринен тигилген кийимдер менен алардан жасалган буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга лицензия берилбей турганы айтылат. Мыйзам бузгандарга 75 миң шекель (23 миң доллардай) өлчөмүндө айып пул салынат же бир жылга чейин эркинен ажыратылат.
Бирок мыйзамда бир нерсеге уруксат берилген: аң терилери илим-изилдөө иштеринде жана диний жөрөлгөлөрдө колдонулат. Бул хасид жамааттары (штраймл) кара териден тигилген баш кийим кийгендери менен байланыштуу.
Дүйнөлүк уюмдар бул кадамды "тарыхый жеңиш" деп атаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0