Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди

© REUTERS / DENIS BALIBOUSEРоссинын президенти Владимир Путин Женевада АКШнын президенти Джо Байден менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүү учурунда
Россинын президенти Владимир Путин Женевада АКШнын президенти Джо Байден менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Лидерлердин жолугушуусу алгач беш саатка созулат деп пландалган. Анткен менен Россия лидеринин маалымат кызматы сүйлөшүүлөр төрт саатка созулганын билдирди.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. АКШ лидери Жо Байден менен жолугушуу конструктивдүү нукта өттү. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин жолугушуудан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.
“Президент Байден менен жолугушуу жакшы өттү. Эч кандай душмандык маанайда каршылашуу болгон жок. Бирок эки тарап тең принципиалдуу түрдө өз позициясын көрсөтүп, акыры аларды жакындатууга аракет кылды. Сүйлөшүүлөр конструктивдүү болду”, — деди Путин.
Лидерлердин жолугушуусу алгач беш саатка созулат деп пландалган. Анткен менен Россия лидеринин маалымат кызматы сүйлөшүүлөр төрт саатка созулганын билдирди.
Эске салсак, бүгүн эки державанын лидерлери Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жаңылыктар түрмөгү
0