Ойкуп-кайкып, суктандырып! Асман бетин бербеген жапайы тоту куштардын видеосу

© AFP / PHILIPPE HUGUENТоту куштар. Архив
Тоту куштар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Жапайы тоту куштар негизинен Австралиянын жарым-жартылай ээн калган жерлерине уясын салып, көбөйүшөт.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Адамдар бирден же түгөйлөштүрүп үйүндө кармаган кадимки тоту куштардын жапайы түрүнүн асман бетин бербей миңдеп учуп жүргөн видеосу интернетке жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kangaroo Sanctuary 🦘 (@thekangaroosanctuary)

Аны борбордук Австралиядагы The Kangaroo Sanctuary коругуна барган эс алуучу тартып алган.
Бүркүт дронго чабуул жасаганда... Кыргызстандын тоолорунан тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2020
Бүркүт дронго чабуул жасаганда... Кыргызстандын тоолорунан тартылган видео
Кадрдан миңдеген канаттуулардын асманды каптап, кайра алыс кетип, ойкуп-кайкып, чурулдап учуп жүргөнүн көрүүгө болот.
"National Geographic Россия" сайтынын жазганына караганда, видеодогу тоту куштар Австралияда кеңири таралган куштардын түрү. Алар тынчы жок, шок, үнүн чыгарып көп сайрашат. Негизинен материктин жарым-жартылай ээн калган жерлерине уя салып, көбөйүшөт. Кээде алар миңдеп эмес, тобу менен чогулганда миллиондоп асманга көтөрүлөрүн айтып келишет.
"Мен жерде отурганда дал төбөмдөн миңдеген тоту куштар учуп, мени да айланып, ал тургай бутума конуп, кайра көтөрүлүп жүрүштү. Мен жай отуруп алып аларга көз салып турдум", — деп жазган видеонун автору.
Сайттагы маалыматтарга караганда, азыр бул куштардын эркиндикте жүргөндөрүнө караганда адамдардын колунда кармалгандарынын саны көптүк кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0