Кардиолог: ысыктын күнү айрым дарылар зыянын тийгизет

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРекордная жара в Санкт-Петербурге
Рекордная жара в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Адис жайкысын дары-дармек ичип жүргөн учурда күндүз колдон келишинче сыртка чыкпай эле коюуну сунуштайт.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кардиолог, медицина илимдеринин кандидаты Анна Кореневич ысыктын күнү айрым дарылар адамды шишитерин айтты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
"Жайында көбүнчө жүрөк-кан тамыр ооруларына ичкен препараттар дене бойду шишитип салат. Мындай учурда паникага алдыруунун кереги жок, бирок дарыгер менен кеңешип, дарыны башкасына алмаштырып алган туура", — деди Кореневич.
Ошондой эле адис жайкысын дары-дармек ичип жүргөн учурда күндүз колдон келишинче сыртка чыкпай эле коюуну сунуштайт. Чыгууга туура келсе, көлөкө менен басып, күнгө калбаш керектигин эскертет.
Жаңылыктар түрмөгү
0