Талкуулоого даай албай... Мыйзамсыз миграция көйгөйү

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЕвробиримдиктин желеги. Архив
Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Жазылуу
Европа союзунун саммитин утурлай өткөн пленардык жыйындын күн тартибинде "демократия жана прогресстин душмандарын" талкуулоо камтылган. Аталган уюмга мүчө-өлкөлөр андай каршылаш катары Россия менен Беларусту эсептейт.
Беларуска карата санкциялар топтому толугу менен бекитилет, анда Европага беларустук калийдин экспорттолушун чектөө күтүлөт. Бул европалык фермерлер керектөөчү сырьенун төрттөн бир бөлүгүн түзөт, жетпегенин кайдан жана кимден сатып алары белгисиз. Саммитте каралчу санкцияларга Елена Караева токтолуп, макала РИА Новости агенттигине жарыяланган.
Кырдаалды Россиянын "батыштык өнөктөштөрү" тарабынан сунушталган аскердик терминдер менен сүрөттөй турган болсок, чалгындоодо андай түрдөгү жүрүм-турум "көңүлдү арзыбаган бутага буруу" деп саналат. Анткени Европа биримдигине чыныгы кооптуулук эпкини эми Чыгыштан эмес, Түштүктөн "согот". Бул коркунуч ушунчалык олуттуу, аны ачык талкуулоого эч ким даабайт. Себеби баары чочулашат. Анткени соңку жылдардагы мыйзамсыз миграция качан болбосун алоолонуп кете турган чубалгы сымал.
Москва шаарындагы Бирдиктүү миграция борборунун жанында жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Депортацияга жеткирбей: Россия мыйзамсыз мигранттардын көйгөйүн чечеби?
Өзүңүз акыл калчап көрүңүз: маселен, саммитте ЕБ көзгө басар кылып көрсөткүсү бар Түркия Европага кирүүгө ашыгып турган үч миллион потенциалдуу качкынды өз аймагына батырып турат. Брюссель менен келишимди аткарууну улантабы же жокпу, Анкаранын гана эркине жараша. Жер ортолук деңиздин акваториясындагы мыйзамсыз мигранттарды сактаган коммерциялык эмес уюмдар менен баш паанек сурагандарды Түндүк Африка жээгиндеги тамтыгы чыккан кайыктарга салгандардын ортосундагы юридикалык байланыштарга карабай, ЕБге мүчө-өлкөлөрдүн укук коргоо органдары адам сатууга шектүүлөрдү жоопко тартууга эч кандай аракет көрүшпөйт.
Бул ишти италиялык прокуратура терең казып көрдү эле, Түндүк Африкадан үйлөмө кайыктарды жөнөткөндөр, мыйзамсыз мигранттарды бортко алгандарда абдан тыгыз жана жылуу алака түзүлгөн, ал эми телекоммуникациялык технологиялардын бардык жетишкендиктери тигил же булардын кызматында экени аныкталды. Бул туурасында Европолдун докладында да кеңири жазылган. Ошол эле документте сандык көрсөткүчтөр келтирилген. Бир эле мыйзамсыз мигрантты жөнөтүү уюшкан кылмыштуулуктук капчыгына орточо жети миң евро алып келет.
Негизги багыттары:
  • чыгыш маршруту — Греция, андан ары Балкандар аркылуу жана румыниялык, болгариялык, хорватиялык айдоочулардын жардамы менен Германия жана Францияга;
  • батыш багыты — испан порттору жана кайрадан эле алыс жол жүргөн же боору ооруй ала кеткен айдоочулар аркылуу Францияга;
  • ортодогу маршрут (анан да эң кеңири таралганы) — италиялык порттор аркылуу кайрадан эле барар жери – Франция (чанда гана Германия).
Жыл сайын Францияга тигил же бул жол менен 350-400 миңдин тегерегиндеги киши жетет (салыштырсак, бул Ниццанын калкына барабар). Франциялык калаалардын көчөлөрү эми француздарга таандык эмес. Аларды аралай сейилдөө күндүзү да кооптуу болуп калды. Байгер жана дүйнөгө моданы жайылткан кварталдарда да аялдардын мойнунан кымбат баалуу чынжырчаларын жула качуу же колун кайрып билериктерин чечип алыш кадыресе көрүнүшкө айланып барат.
Жол чырагы кызыл жанганда токтогон унаалардын терезеси ачык болсо заматта саат, акча, насыялык карталар уурдалат. Метрого түшсөң уюлдук телефонуңду чөнтөкчүлөргө алдырдың дей бер. Полиция сводкаларындагы мындай "майда" мыйзам бузуулар дээрлик гезит беттерине жарыяланбайт, маалыматтык порталдарга чыкпайт. Журналисттер мындай билдирүүлөр чабал жана корголбогон катмарды жек көрүү сезимин тутандырат деген ойду бекем карманышат.
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо
Эрезеге жетип калган жана жаштар арасындагы зомбулук көйгөйлөрүн чечүү менен алектенген таанымал врач-психиатр Морис Берже "Фигаро" басылмасына берген маегинде: "Көзөмөлдөөгө мүмкүн болбогон мыйзамсыз миграцияны бир нече жылга – буга дейре келгендер жашаган өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого тийиш экенине көнгөнчө токтотуп туруу зарыл. Балким муну адилетсиз чечим катары кабылдагандар чыгар, бирок мындан башка аргабыз жок", – деп ачык эле билдирген.
Көзөмөлдөнбөгөн мыйзамсыз миграция — Европа биримдигинин ичинде да катуу пикир келишпестиктерди жараткан бирден-бир фактор. Улам жаңы келген "болочок европалыктарды" жайгаштыруу менен кайрадан мындай "соккуга" кабылган мамлекеттер бар. Брюссель аларга каражат бөлүп же бир жарытарлык колдоо көрсөтпөстөн, бул өз кезегинде коомчулуктун ичинде мыйзамсыз мигранттарды көзөмөлсүз калтырат. Бул туурасында ошол эле Грециянын бийлиги да түз эле айтып келет.
Италия да бул боюнча айтып чыгууга камынып туру. Ошондой эле Венгрия жана Польша: Будапешт менен Варшава Париж, Ницца, Авиньон жана этникалык конуштарга айланган өлкөнүн чет жакаларындагы көрүнүштөрдөн улам "европалык шериктештик" алкагында же кандайдыр каржылык бонустар үчүн да өз өлкөлөрүндө мындай жагдайга жол бергиси жок. Макрондон айырмаланып Орбандын да, Моравецкийдин да колунда дал ушундай саясат жүргүзүүгө коомдук мандаты бар.
Анткен менен ушул тапта Франция президенти да, бөлөк өлкөлөрдүн лидерлери интеллектуалдык көрлүк, идеологиялык таңуулоо, шайлоо алдындагы майда конъюнктурага алдырып, европалык биримдиктин душманы катары мыйзамсыз миграцияны эмес, Россияны эсептегени өкүнүчтүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0