ДССУ башчысы жаңы пандемияларга даярданууга чакырды

© REUTERS / Fabrice Coffrini / Pool /File PhotoДүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Гебрейесустун айтымында, жаңы эпидемияларды алдын алып, аны эрте аныктоо үчүн башынан даярдык көрүп, колдон келген аракеттин баарын жумшоо зарыл.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус дүйнө коронавирус пандемиясынан сабак алып, жаңы эпидемияларга даярдык көрүшү керектигин белгиледи. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Анын айтымында, жаңы эпидемияларды алдын алып, аны эрте аныктоо үчүн башынан даярдык көрүп, колдон келген аракеттин баарын жумшоо зарыл.
"Азыркы пандемия бизге сабак болушу шарт", — деген Гебрейесус.
Индияда Амритсар шаарындагы аялдар балдары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Индияда балдардын коронавирустан кийинки оорусу жаралды
Гебрейесус коронавирус пандемиясы тууралуу айтып жатып, жалпылап алганда вируска каршы бардык вакциналардын 77 пайызы дүйнө жүзү боюнча болгону 10 мамлекетке гана туура келерин кошумчалаган.
Ошондой эле ал кирешеси көп мамлекетте калкынын аялуу жана тобокелчиликке кирген катмарын эмдөө үчүн мурдагыдай вакцина жетишсиз болуп жатканын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0