Ысыкты көтөрө албай жарым миң киши көз жумду. Канададагы абал

© REUTERS / Maranie StaabАномальная жара в Портленде
Аномальная жара в Портленде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Каза тапкандардын көбү улгайган адамдар болгон. Литхон шаарында күндүн ысыгы 49,6 градуска чейин чыгып, Канада тарыхында рекорд жаратты.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Канадада күндүн катуу ысыганын көтөрө албай акыркы беш күндө 500 адам көз жумду. Бул тууралуу CBC телеканалы кабарлаган. 
Бул кырсык Британдык Колумбия провинциясында көп катталган.
Аймактагы адамдардын өлүмүн иликтеген Лиза Лапоинт маалыматтарды топтогондон кийин алардын саны дагы арбышы мүмкүндүгүн айткан.
"Акыркы беш күн ичинде Британдык Колумбия провинциясында көз жумгандардын саны арбыды. Биздин коронердик кызматка жума күндөн (саат 13:00дөн) тарта капыстан каза болгон 486 учур туурасында маалымат келип түштү", — деген Лапоинт.
CBC телеканалына жергиликтүү полициядан өлүмдүн алдын ала айтылган себеби — күндүн катуу ысып кетиши дешкен. Тартип коргоо органдарынын билдиргенине караганда, көз жумгандардын көбү улгайган адамдар.
Мурдагы күнү Британдык Колумбия провинциясында жайгашкан Литтон шаарында күн 49,6 градуска чейин ысып, Канаданын тарыхында рекорд жараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0