COVID-19дан сактаган өзгөчө ген барбы? Адистин пикири

© AFP / KHALED DESOUKIСитуация в Египте на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в Египте на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Айрым адамдарга коронавирус такыр жукпайт деген илимий божомолдун далилденип кетерине кепилдик жоктугун бир катар окумуштуулар айтып жатат.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Азырынча кээ бир адамдар генетикалык жактан коронавируска жакын болуп, тез кабыл алат же аны тоготпойт деген бүтүм чыгаруу эртелик кылат. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык генетика боюнча адиси Сергей Куцевдин айтканына таянып жазды.
"Питерде биздин бир кызматкерибиз ушул сыяктуу изилдөө жүргүзгөн. Ал РС тааптыр. РС — геномдогу бардыгы жайында, нормада деген варианттар. Топтолгон статистикалык маалымат боюнча, кеп болуп жаткан заттар коронавирустан коргоону камсыздайт. Анткен менен бул толук түрдө объективдүү деп айтууга азырынча болбойт. Келечекте деле анын далилденип кетерине кепилдик жок", — деген Куцев медициналык генетиктердин коомунун курултайында.
Адис учурда коронавируска жакын же андан сактай турган гендик типтердин табылган же аныкталганы тууралуу айтуу азырынча эрте экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0