Афганистан: АКШ аскерлери чыгары менен Баграм авиабазасы талоондо калды

© WAKIL KOHSARАвиабаза США в Баграме
Авиабаза США в Баграме - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, АКШ аскерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Баграмдан чыгып кетип жаткандыгы тууралуу маалымат бербегендиктен, имаратты эч ким кайтарууга алган эмес.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. АКШнын аскерлери Афганистандагы Баграм авиабазасынын имаратынан чыгып кетери менен ал жакты мародёрлор тоношту. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. 
Маалыматка караганда, АКШ аскерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Баграмдан чыгып кетип жаткандыгы тууралуу маалымат бербегендиктен, имаратты эч ким кайтарууга алган эмес. Адистер бул америкалыктар өлкөдөн чыгып кеткенден кийин болчу башаламандыктын алгачкы гана белгиси деп эсептөөдө.
Талибан террордун кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Талибдер Афганистандын түндүгүн "тегиздеп", Борбор Азияга "чок таштаганы" турабы?
Эске салсак, АКШ Афганистандан аскерлерин быйылкы жылдын 11-сентябрына чейин толук чыгарып кетиши керек. Учурда алар четинен кете башташты.
Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы куралдуу күчтөрүн Афганистандан чыгарып жатканына байланыштуу бул өлкөнүн америкалыктарга жардам берген тогуз миңдей жаранына баш калкалоо берүүнү Борбор Азия өлкөлөрүнөн суранган. Вашингтон өз жардамчыларын Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттерине жайгаштырууну көздөп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0