Жакарта шаарындагы ооруканаларынын бириндеги бейтаптар. Архивдик сүрөт

ДССУ: дүйнө пандемиянын эң кооптуу учуруна жетти

192
(жаңыланган 13:33 03.07.2021)
ДССУ дүйнө коомчулугун вирус менен өз алдынча күрөшпөй, бири-бирине дары-дармек, тест системалары жана жасалма дем алдыруучу аппарат жагынан жардам берүүгө, эмдөөнү тездетүүгө чакырды.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. "Дельта" штаммынын айынан дүйнө ушул тапта коронавирус пандемиясынын эң оор стадиясында турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди

Анын айтымында, бул штамм дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндө табылып, дагы деле мутациясын токтотпой жатат.

"Дельта" штаммы дүйнөнүн көп өлкөсүндө үстөмдүк кылып турат. Бирок медицина ага гана "байланбай", коронавирустун жаңы, мындан дагы кооптуу болушу мүмкүн болгон штаммдарын карап, алар менен күрөшүүгө даяр турушу керек. Учурда вирусту эрте аныктоо, ооругандарды обочолонтуу боюнча иштерди күчөтүү зарыл. Антпесе дүйнө өтө кооптуу абалда турат", — деди ДССУ жетекчиси.

Мындан тышкары, Гебрейесус дүйнө коомчулугун каргаша менен өз алдынча күрөшпөй, бири-бирине дары-дармек, тест системалары жана жасалма дем алдыруучу аппарат жагынан жардам берүүгө, эмдөөнү тездетүүгө чакырды.

192
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Дүйнө, пандемия, абал, штамм
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1498)
Тема боюнча
COVID: Бишкектеги жана шаар четиндеги стационарлардагы бош орундар. Тизме

1 500 аскер катышууда. Россия менен Өзбекстандын аскердик машыгуусу видеодо

68
Россия менен Өзбекстан коңшу өлкөнүн Термез шаарындагы полигонунда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жатат.

Видеону Россиянын Коргоо министрлиги жүктөдү.

Күжүрмөн окуунун алкагында атайын даярдыктагы бөлүктөр Ми-171 жана Н-215 тик учактарынан секирип түшүп, "куралдуу топторду жок кылышты". Ошондой эле аскерлер 15 чакырымга жүрүш жасап, жолдо катар татаал сыноолордон өттү.

Машыгууга эки тараптан кеминде 1 500 миңдей аскер катышууда.

68
Белгилер:
Россия, Өзбекстан, Аскер, машыгуу, видео
Тема боюнча
Афганистанга жакын аймакта Тажикстан, Россия, Өзбекстандын машыгуусу башталды
Алтайдагы Катунь дарыясы. Архив

Алтайда 25 жаштагы кыргызстандык жигит дарыяга чөгүп каза болду

63
(жаңыланган 19:49 05.08.2021)
Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте жаранды издеп таба албай коюшкан. 10 күндөн кийин сөөгүн туристтер көрүп калган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Алтайда инструктор болуп иштеп жүргөн 25 жаштагы кыргызстандык жигит Катунь дарыясында сүзүп жүрүп чөгүп кетти. Бул туурасында Кыргызстандын Новосибирскидеги башкы консулдугу билдирди.

Окуя 20-июлда Тельдекпень-2 аймагында болгон. Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте издеп таба албай коюшкан.

"30-июлда туристтердин бири Катунь дарыясынын Еланда аймагынан кыргызстандык М.С. аттуу жарандын сөөгүн көрүп полицияга кабарлаган. Кыргыз диаспорасынын көмөгү менен маркумдун сөөгү Кыргызстанга 4-августта жиберилди. Жол чыгымдары үчүн Башкы консулдук тарабынан 70 миң рубль өлчөмүндө мамлекеттик компенсация төлөндү", — деп жазылат маалыматта.

Башкы консулдук окуянын иликтенишин көзөмөлүнө алганы белгиленди. Аны менен катар Россиянын ТИМинин Барнаулдагы өкүлчүлүгүнө, тергөө жана көзөмөл органдарынын жетекчилигине тергөө ишин көзөмөлгө алууну сурап кайрылуу жиберген.

63
Белгилер:
Алтай крайы, Кыргызстан, өлүм, дарыя, сөөк, жеткирүү
Тема боюнча
Экинчи ирет киргенде тапкан. Караколдо милиционер чөккөн өспүрүмдү куткарып калды
Ысык-Көлдө 15 күн мурда жоголгон турист кыздын сөөгү табылды. Сүрөттөр
Pfizer вакцинасы. Архив

Кыргызстанга күзүндө Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө

0
(жаңыланган 00:32 06.08.2021)
Өкмөттүн өкүлүнүн билдиришинче, Pfizer вакцинасынан тышкары, күзүндө кайтарымсыз түрдө Sinopharm препараты келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Moderna вакцинасын колдонуу планы бар.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанга COVAX линиясы аркылуу коронавируска каршы Sinopharm жана Pfizer препараттары келиши мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

"Ушул жылдын сентябь айынын этегинде Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө берилери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүп жатабыз. 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши мүмкүн", — деген Бакашова.

Анын айтымында, министрлер кабинети дипломатиялык каналдар аркылуу вакциналарды алуу боюнча иштерди улантууда.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, коронавирус, вакцина
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Дарыгер COVID-19дан айыккандар жана эмделгендер качан кан тапшырса болорун айтты
Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу
Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды