"Индия" штаммынын жаңы жагдайлары: ашказаны ооругандарды да жөн калтырбайт

© AFP / DIEGO RAMOSМедициналык кызматкерлер ооруканада COVID-19 менен ооруган бейтаптарды текшерип жатышат
Медициналык кызматкерлер ооруканада COVID-19 менен ооруган бейтаптарды текшерип жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Дарыгер "индия" штаммынын дагы бир ачылышы — адамдын кулагынын укпай калышына себепкер болорун билдирди.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Коронавирустун "индия" штаммы ичеги карын-ашказан оорусу барларга да көйгөй жараткан учурлар кездешүүдө. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты Зухра Павлова Sputnik радиосуна айтып берген.
"Эгерде ашказан, ичеги жакта көйгөй болсо, вирус сөзсүз таасирин тийгизет. Иммундук ткандын 80 пайызы ичегилерде экендигин эске алсак, бул системанын жөн калбашы турган иш", — деген ал.
Павлова мындай көрүнүш былтыр да кездешкендигин айтты.
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы вакцинасы менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Пандемия басаңдашы үчүн канча киши эмделиши керек? Россиялык вирусологдун маеги
"Ичеги карын, ашказанына (вирус – ред.) таасир эткендер да кездешкен, бирок алар жыт менен даам билбей калгандарга караганда аз болгон", — деди медик.
Дарыгер "индия" штаммынын дагы бир ачылышы — адамдын кулагынын укпай калышына себепкер болорун билдирди. Анткен менен мындай маанайдагы билдирүүнү мурдараак башка окумуштуулар да айтышкан эле.
Жакында Москванын социалдык өнүктүрүү боюнча мэри Анастасия Ракова "индия" штаммы каптагандан тарта коронавирустун жыт, даам сезбей калуу, кургак жөтөлүү сыяктуу белгилери аз кездеше баштагандыгын белгилеген эле.
"Дельта" деген аталышка ээ болгон коронавирустун "индия" штаммын былтыр, октябрь айында, Индиядан аныкташкан. Эми ал дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да тарап, миллиондогон адамдарды кооптондуруп жатат.
Анткен менен Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург "Спутник V" вакцинасы берген антителонун запасы бүгүнкү күндөгү бардык штаммдардан сактоого жетишерин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0