Медициналык кызматкер COVID-19дан каршы эмдөө учурунда. Архив

Bloomberg элинин басымдуу бөлүгү вакцина алган алдыңкы 5 өлкөнү атады

95
(жаңыланган 10:34 05.07.2021)
Эмдөө боюнча Бириккен Араб Эмирлиги Сейшел аралдарынан алдыга озуп кеткен. БАЭде калкынын 72,3 пайызы эмделген.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Bloomberg агенттиги коронавируска каршы эң көп вакцина алган алдыңкы мамлекеттерди атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Агенттиктин иликтөөсүнө ылайык, эмдөө боюнча Бириккен Араб Эмирлиги Сейшел аралдарынан алдыга озуп кеткен. БАЭде калкынын 72,3 пайызы эмделген. Тагыраагы, 15,5 миллион адам коронавируска каршы вакцина алган. Ал эми Сейшел аралдарында вакцинанын 138 миң дозасы колдонулган. Бул калктын 71,7 пайызына жетиши керек. Рейтингдин үчүнчү сабына Бахрейн илинген. Аталган мамлекетте калктын 69,7 пайызы эмделип, 2,07 миллион вакцина колдонулду.

Бешилтикке Мальта (683 миң доза вакцина, эмделгендер 69,1 пайыз) жана Кайман аралдары (89,6 миң доза, 68,9 пайыз эмделгендер) кирген.

95
Белгилер:
Бириккен Араб Эмирлиги, вакцина, коронавирус, рейтинг, Bloomberg
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1488)
Тема боюнча
Пандемия басаңдашы үчүн канча киши эмделиши керек? Россиялык вирусологдун маеги
"Индия" штаммынын жаңы жагдайлары: ашказаны ооругандарды да жөн калтырбайт
Индияда басылбаган жаандын кесепети

Индияда басылбаган жаан менен жер көчкүдөн 138 киши каза болду

6
Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп, каза болгондордун саны бери дегенде 138ге жетти. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Нөшөрлөгөн жамгыр токтобой, жер көчкү жүргөндүктөн 138 жергиликтүү жаран каза тапты. Мындан тышкары, 84 миң киши коопсуз жайларга көчүрүлдү", — деп жазылат кабарда.

Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Басылбаган жаандан улам электр энергиясы менен таза суу шаардыктарга берилбей калды.

6
Белгилер:
жаан, өлүм, жаратылыш, Индия
Тема боюнча
Таласта сел көпүрөнү алып кетип, элди жүктөгүч менен алып чыгышты. Видео
Кыргызстандын атынан алгачкылардан болуп мылтык менен ок атуу мелдешине катышкан Каныкей Кубанычбекова

Жыйынтык көрсөтө албай калдым. Каныкей Кубанычбекованын Токиодон кайрылуусу. Видео

43
(жаңыланган 20:30 24.07.2021)
Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калды.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Олимпиада-2020 оюндарында Кыргызстандын атынан алгачкылардан болуп мылтык менен ок атуу мелдешине катышкан Каныкей Кубанычбекова Токиодон мекендештерине кайрылды. Спортчу кыздын кайрылуусун Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Өз сөзүндө бул кадам Олимп оюндары кийинки ийгиликтерине жол ачат деген ишенимин билдирди.

"Бүгүн алгачкы ирет Олимпиадалык мелдешке катыштым. Жакшы деңгээлде өттү. Мен тилекке каршы, буга чейин көрсөтүп келген жогорку жыйынтыгымды Олимпиада мелдешинде кайталай албай калдым. Ири жетишкендиктерди камсыздоого даярданган болчумун, эмнегедир жыйынтык көрсөтө албадым. Алгачкы Олимпиадамдан чоң тажрыйба алдым. Мен үчүн алдыдагы мелдештерге жаңы мотивация болду", — деген ал.

Мерген кыз ошондой эле Кыргызстандын элине кайрылып, ар тараптуу колдоолорду сезип турганын айтып, ыраазычылык билдириди.

Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калган.

43
Белгилер:
олимпиада, Токио, ок атуу, Каныкей Кубанычбекова
Тема боюнча
Кыргызстандык суучул Петрашов Олимпиадада 27-орунду ээледи