Лавров: АКШ Россия менен сүйлөшүүдө үстөмдүккө аракет кылса жаңылышат

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Владимир Путин менен Жо Байдендин алгачкы жолугушуусу Швейцарияда 16-июнь күнү өткөн. Жыйынтыгында тараптар жолугушуу конструктивдүү маанайда болгонун айтышкан.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Вашингтон Москва менен диалогдо үстөмдүк кылабыз деп ойлосо жаңылышат. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров индонезиялык "Ракьят Мердека" гезитине маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Думшандык аракеттерге чечкиндүү жана так кесе жооп кайтарабыз", — деди министр.
Лавровдун айтымында, Женевадагы саммитте Россия президенти Владимир Путин кандай гана диалог жана кызматташуу болбосун Россия кызыкчылыктардын балансына жана тең ата мамилелерге артыкчылык бере турганын баса белгилеген.
Россиянын президенти Владимир Путин түз эфир учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Владимир Путин менен болгон түз эфирдин урунттуу учурлары
Ошондой эле министр эки өлкөнүн президенттери жолугуп жатканда АКШ "каршылык" көрсөтпөгөнү менен көп өтпөй баягы эле позициясын улантып жатканын кошумчалады.
Владимир Путин менен Жо Байдендин алгачкы жолугушуусу Швейцарияда 16-июнь күнү өткөн. Жыйынтыгында тараптар жолугушуу конструктивдүү маанайда болгонун айтышкан. Эки лидер айрым маселелер боюнча бир пикирде экени аныкталып, стратегиялык туруктуулук үчүн мындан ары дагы сүйлөшүүлөрдү уланта турганы белгилүү болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0