АКШ Афганистан боюнча тажик жана өзбек бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

© AFP / NOORULLAH SHIRZADAТалибдер. Архив
Талибдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин тиреши жүрүп жатат. Ушул тапта талибдер аймактардын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алган.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. АКШ Афганистандан аскерин чыгарып кеткен соң аралыктан туруп жардам көрсөтүү аракеттери боюнча коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирбиге шилтеме берип РИА Новости жазды.
Өткөн аптада Вашингтонго Өзбекстан менен Тажистандын тышкы иштер министрлери барып келген. Шейшемби күнү Пентагон жетекчиси Ллойд Остин Афганистан темасы боюнча түркиялык кесиптештери менен сүйлөшөт.
"Сүйлөшүүлөрдү майда-чүйдөсүнө чейин айта албайм. Бирок АКШ Афганистанга коңшу мамлекеттер менен диалогун улантат. Алар афган аскер күчтөрүнө кандай жардам бере алары талкууланат", — деди Кирби.
АКШнын Афганистандагы аскер күчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
АКШ Афганистандагы аскердик күчтөрүнүн 90 пайызын чыгарып кеткенин кабарлады
5-июль күнү Россия президенти Владимир Путин тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу тажик-афган чек арасындагы оор кырдаалды талкуулап, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана эки тараптуу кызматташтыктын негизинде Тажикстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Эртеси күнү Путин бул маселени Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу талкуулаган.
Эске салсак, АКШ Афганистандагы аскердик күчүнүн 90 пайызын чыгарып кеткен. Ошол эле учурда Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин тиреши жүрүп жатат. Ушул тапта талибдер аймактын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, ири шаарларды басып алууга аракет кылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0