Афганистандагы талибдер. Архивдик сүрөт

Талибдер Афганистандын дээрлик жарымын каратып алдык деген билдирүү таратты

184
(жаңыланган 00:13 08.07.2021)
Согушкерлердин айтымына караганда, баарынан көп Бадахшан провинциясы каратылып, радикалдык кыймыл ээлик кылган райондордун саны 23кө жеткен. Алардын ичинде Тажикстан менен чектешкен Вакхан району да бар.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Талибан" радикалдык кыймылы Афганистандын 398 районунун ичинен 162син каратып алгандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"Акыркы аптада баш-аягы 162 район "Ислам эмиратынын" бийлигине өттү", — деп журналисттерге кабарлаган талибдердин Катардагы саясий кеңсесинин өкүлү Сухейль Шахин.

Алардын маалыматына караганда, баарынан көп Бадахшан провинциясынан каратылып, саны 23кө жеткен. Алардын ичинде Тажикстан менен 910 чакырымдай жери чектешкен Вакхан району да бар.

Афганистандын Коргоо министрлиги согуштук операциялар менен абадан жасалган соккудан улам ар кайсы аймактан радикалдык кыймылдын 261 мүчөсү өлүп, 200гө жакыны жаракат алгандыгын билдирди.

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" радикалдык кыймылынын согушкерлеринин ортосунда согуш жүрүп жатат. Алар аталган республиканын ири шаарларына тап коюп, бир топ райондорун басып алышты. Афганистандагы туруксуздук АКШ администрациясынын союздаштары менен кошулуп, 11-сентябрга чейин афган жергесинен аскерлерин алып чыгып кетүүгө убада кылгандан бери күчөп жатат. 2020-жылы Вашингтон жана "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Доха шаарында Афганистандагы от күйгөн 18 жылдан бери биринчи ирет тынчтык келишимине кол койгон. Анда 14 айдын ичинде чет элдик аскерлерди алып чыгып кетүү жана туткундарды алмашкан соң афган аралык диалогду баштоо туурасында айтылган эле.

Ушул шаршембиде, тагыраагы, 2021-жылдын 7-июлунда Афганистан өкмөтү менен "Талибандын" өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталды.

184
Белгилер:
жол кыймылы, 'Талибан' кыймылы, Доха, Тажикстан, АКШ, Афганистан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (48)
Тема боюнча
АКШ Афганистандагы аскердик күчтөрүнүн 90 пайызын чыгарып кеткенин кабарлады
АКШ Афганистан боюнча тажик жана өзбек бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
Афганистан: элдешкис талибдер, аскер качкындар, Пакистан менен Түркиянын көлөкөсү
Кабинет в городской клинической больнице имени Е. О. Мухина.

Вирусолог коронавирустун "дельта" штаммынын өзгөчөлүгүн айтып берди

21
(жаңыланган 10:18 26.07.2021)
Адис белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Дельта" штаммы чакырган коронавирус эмнеси менен айырмаланып, дарылоого кандай таасир этерин Sputnik радиосуна Фундаменталдык жана трансляциялык медицина боюнча Федералдык изилдөө борборунун өтө кооптуу инфекциялар лабораториясынын башчысы Александр Чепурнов айтып берди.

Алгач Индияда аныкталган коронавирустун "дельта" штаммы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Россияга тарады.

Адистин айтымында, анын негизги өзгөчөлүгү — оорунун козгогучунун мурдагы түрлөрүнө караганда инкубациялык мезгилинин кыскалыгында. Мындан тышкары, ал бейтаптарда ашказан, ичеги-карындын иштешинин бузулушу сыяктуу белгилерди пайда кылат.

Чепурнов белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

"Дельта" штаммын дарылоо кыйыныраак, анткени "Ухань" варианты көп изилденип, ал үчүн далай нерсе иштелип чыккан. Бул жерде гастроэнтерологиялык компонент жана оорунун өнүгүү темпи өзгөчөлөнүп жатат", — деген вирусолог.

Адис ак халатчандар азыр дарылоо протоколуна өзгөртүү киргизүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалаган. Ошондой эле ПЦР-тесттер да штаммдарды көрсөтпөй турганын, бул үчүн өзүнчө изилдөө жүргүзүлүп жатканын айткан.

21
Белгилер:
ичеги, симптом, штамм, вирусолог, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дун курч фазасынан өткөн адам кандай кыйынчылыкка туш болот
COVID менен ооруганын жашырып хиджаб кийип учкан индонезиялык киши камалды
Адам муштумдарын түйүп жатат. Иллюстративдик сүрөт

КРдин Москвадагы элчилигинде мушташ чыктыбы? Расмий түшүндүрмө

60
(жаңыланган 10:09 26.07.2021)
Элчиликтен билдиришкендей, кыргызстандык аялды коштоп келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратындагы мушташ тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу маалыматты 25-июль күнү Россиянын айрым ЖМКлары жазган. Элчиликтен билдиришкендей, 24-июль күнү кыргызстандык аялга консулдук жардам көрсөтүлүп жатканда, аны менен чогуу келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес. Ошондон улам тараптар мушташа кетип, ал эркек консулдук бөлүмдөн күч колдонулуп сыртка чыгарылган.

Мындан соң ал КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү жана полицияга өткөрүп берилген.

"Сөз болуп жаткан киши Россиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда маалыматтар базасы аркылуу анда Кыргызстандын паспорту дагы бар экени аныкталды. Анын өзүн кандай алып жүргөндүгүн кабылдамада кезек күтүп турган жарандар дагы көрүштү. Кабыл алып, кызмат көрсөтүп жаткан кызматкер ага карата тиешелүү чара кабыл алуусун өтүнүп укук коргоо органдарына арыз жазды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Эгер кызматкер тарабынан катачылык кеткени далилденсе, тиешелүү чара көрүлөт.

60
Белгилер:
мушташ, элчилик, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
РФтеги элчилик кыргыздардын массалык депортациясы тууралуу маалыматты төгүндөдү
Кайгуул милициянын унаасы. Архивдик сүрөт

Ичип алып рулга отургандар көбөйдү. Чүйдөгү рейддин көңүл чөгөргөн жыйынтыгы

21
(жаңыланган 10:54 26.07.2021)
Акыркы убакта Чүй жана Ысык-Көл облустарында адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары катталды. Президент рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырса, ИИМ башчысы кызматкерлер үч смен менен иштээрин айткан.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Чүй облусунда узаган жумада ичип алган айдоочулар андан мурдагы аптага караганда көп аныкталды. Бул тууралуу облустук ЖКККБ билдирди.

Эске сала кетсек, акыркы убакта Чүй жана Ысык-Көл облустарында адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары катталган. Президент Садыр Жапаров жума күнү, 23-июлда, ИИМге мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырган. Ошол эле күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине үч смен менен иштөөгө тапшырма берген.

Редакция узаган жума жана андан мурдагы аптадагы маалыматтарды салыштырып, мыйзам бузуунун эки түрү көбөйгөнүн аныктады. Кеп бир гана Чүй облусу тууралуу сөз болуп жатат.

Мыйзам бузуулардын жалпы саны — 2 258 (эки жума мурда — 1 733), анын ичинен:

  • 32 айдоочу мас болуп рулга отурган (андан мурдагы жумада — 23);
  • 814 айдоочу ылдамдыкты ашыра айдаган (андан мурдагы аптада — 793).
21
Белгилер:
мас, айдоочу, рейд, жол кырсык, ЖКККББ, Чүй облусу
Тема боюнча
Чүйдөгү жол кырсыгында дагы эки киши көз жумду, айдоочунун мас экени аныкталды
Жаңы кол кармашкан жуптар сүрөткө түшөбүз деп "жол кырсыгына кабылды". Видео
Чүйдө жол кырсыгынан төрт адам каза тапты. Таш-талканы чыккан унаанын сүрөтү