ЖККУ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт

Тажикстан Афганистандагы кырдаалдан улам ЖККУ өлкөлөрүнөн жардам сурады

346
(жаңыланган 00:13 08.07.2021)
Тажикстан кырдаал ЖККУ тарабынан кийлигишүүнү талап кылууда деп эсептейт. Мындан тышкары, түштүк чек араны бекемдөө боюнча потенциалды күчөтүү зарылдыгы белгиленген.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Тажикстан коңшу Афганистандагы абалдын кооптуулугунан улам Жамааттык кызматташтык келишим уюму боюнча союздаш өлкөлөрдөн жардам сурады. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазды.

Аталган уюмдун туруктуу кеңешинин жыйынында Душанбенин өкүлү Хасан Султонов Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы эң узун мамлекет экенин белгилеген.

"Тажикстан коңшу мамлекеттен жаралып жаткан кооптуулук менен чакырыктарга каршы туруу жана абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттерди көрүүдө. Бирок түзүлгөн кырдаалдан улам, мындан тышкары, Афганистан менен чектешкен айрым аймактар тоолуу жерде жайгашканына байланыштуу жалгыз күрөшүү оор болуп жатат", — деди Султонов.

Анын айтымында, Тажикстан кырдаал ЖККУ тарабынан кийлигишүүнү талап кылууда деп эсептейт. Султонов түштүк чек араны бекемдөө боюнча потенциалды күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

Эскерте кетсек, ушу тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга багыт алууда. Кооптуу кырдаал АКШнын 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган.

2020-жылы Вашингтон Дохада "Талибандын" өкүлдөрү менен 18 жылга созулган согуштан кийин тынчтык келишимине кол койгон. Анда чет элдик контингенттин республикадан чыгып кетүүсү, туткундарды алмашуу жана афган аралык сүйлөшүүнү баштоо каралган.

ЖККУ катчылыгынын өкүлдөрү аталган аймакка барып, абалды көрүп келишкен. Алар уюмдун кеңешине кырдаал боюнча маалымат берип турмакчы.

346
Белгилер:
Тажикстан, Афганистан, ЖККУ, чек ара, согуш, 'Талибан' кыймылы, жардам
Тема боюнча
Лавров: тажик-афган чек арасында россиялык базанын кызматын колдонушубуз мүмкүн
Талибдер Афганистандын дээрлик жарымын каратып алдык деген билдирүү таратты
Афганистан: элдешкис талибдер, аскер качкындар, Пакистан менен Түркиянын көлөкөсү
Эркек адам. Архив

Өзү 50 жашта. Жапжаш көрүнгөн Британия тургуну сыры менен бөлүштү

11
Жигиттей көрүнгөн киши жумасына үч ирет спорт залга бара турганын айткан. Ошондой эле ал эти жок тамактарды гана жеп, кумшекер, ичимдиктен баш тарткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын 25теги жигиттей көрүнгөн 50 жаштагы тургуну Тристан Ли жаштык сыры менен бөлүштү. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.

Ли 35 жылдан бери терисине жакшылап кам көрө турганын айтып, ошол себептен жаш көрүнөрүн белгилеген. Тристан туура тамактанып, терини жумшартуучу жана күндөн сактаган кремдердин сапаттуусун колдонорун да кошумчалаган.

"Териге кам көрүүдө табигый каражаттарды колдоном жана буга көп деле каражат жумшабайм. Жыты жок каражаттарды табууга аракет кылам. Анткени өтө жыттуулар терини дүүлүктүрүп жибериши ыктымал", — деди ал.

Мындан сырткары, ал күндө жарым сааттык сейилдөөгө чыгып, жумасына үч ирет спорт залга бара турганын айткан. Эти жок тамактарды гана жеп, кумшекер, ичимдиктен баш тарткан.

"Мен абдан жаш көрүнгөндүктөн улгайып калган адамдар кантип баарлашууну билбей, ыңгайсыз боло беришет. Ошол эле учурда канчада экенимди билген жаштар да кыйналат. Ошол себептен баары жакшы эмес", — деген Ли.

Ли сырткы келбетинен улам айрымдар аны алдамчы деп ойлой турганын кошумчалаган.

11
Белгилер:
Улуу Британия, жаштык, жигит
Тема боюнча
Төрөттөн кийин дароо 40 килограммга арыктаган аял сыры менен бөлүштү
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

78
(жаңыланган 14:43 05.08.2021)
Сапардын алкагында Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына (Түркмөнстан) жөнөп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелери, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар талкууланат.

Сапардын алкагында Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчыны коштоп кеткен расмий делегациянын курамы:

  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;
  • ички иштер министри Улан Ниязбеков;
  • энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев;
  • транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев.
78
Белгилер:
Садыр Жапаров, Түркмөнстан, министр, делегация
Тема боюнча
Жапаров Эрдоганга адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты
Хабиб Садыр Жапаров менен жолуккандагы сүрөтүн жарыялады