Коронавируска кабылган бейтап ооруканада. Архивдик сүрөт

ДССУ башчысы: жаңы штаммдар вакцинадан озуп кетип жатат

68
Гебрейесус кычкылтек, дары-дармек Азия, Африка, Латын Америкада жетишсиз болуп, өлүм учурлары көп катталып жатканын белгилеп, адамзатты пандемия менен биргелешип күрөшүүгө чакырган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Эгер мамлекеттер ортосунда дары-дармек, вакцина бирдей бөлүштүрүлбөсө, коронавирус менен күрөшүү боюнча илимий жетишкендиктер бир тыйынга татыбай калат. Бул тууралуу ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус айтканын РИА Новости жазды.

"Вакцина өндүрүү жана таратуу бирдей болбой жаткандыктан, коронавирустун жаңы штаммдары вакцинадан алдыга озуп кетүүдө. Бул экономикалык жактан бутка туруп, кайра калыпка келүүгө коркунуч туудурат", — деди Гебрейесус.

Ал коронавирустан көз жумгандар дүйнөдө 4 миллиондон ашканын айтып, бул сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

"Калкынын басымдуу бөлүгү эмделген айрым мамлекеттер пандемия бүтүп калгандай чектөөлөрдү ала башташты. Башка өлкөлөргө вакцина бирдей жетпей жаткандыктан, ал мамлекеттерде ооругандардын саны өтө көп болуп жатат", — деген ДССУ башчысы.

Гебрейесус кычкылтек, дары-дармек Азия, Африка, Латын Америкада жетишсиз болуп, өлүм учурлары көп катталып жатканын белгилеп, адамзатты пандемия менен биргелешип күрөшүүгө чакырган. Муну менен бирге ал G20 мамлекеттерин пандемияны токтотуу үчүн тез арада чара көрүүгө үндөдү. Гебрейесус сентябрга чейин бардык мамлекеттин калкынын 10 пайызын, ушул жылдын аягына чейин 40 пайызын, ал эми кийинки жылдын ортосуна чейин 70 пайызын эмдөө ДССУнун башкы максаты экенин эске салган.

68
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1488)
Тема боюнча
Жакында коронавирустун очогуна айланат делген өлкө аталды
Коронавируска каршы вакцина алчулар үчүн маанилүү 8 суроого жооп
Индияда дарбыз саткан сатуучу. Архивдик сүрөт

Индияда көчөдө соода кылган 250 адам миллионер болуп чыкты. Жашырган сыр ачылды

81
Айрымдары байлыгын жашырып, мүлктөрүн туугандарына каттатып алса, кээ бирөөлөр түрдүү схемаларды пайдаланышкан.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Индиянын Канпуре шаарында 250 миллионер салык төлөөдөн качып, көчө соодагери сымал жүргөн. Бул тууралуу "Популярная механика" басылмасы жазып чыкты. 

Арасында мөмө-жемиш саткан, аптека күркөсүнө ээлик кылган, эски буюмдарды чогулткандары бар. Алар мындай ыкма менен көп жылдар бою салык төлөбөй келишкен.

Салыкчылар белгилегендей, байлыгын жашыргандар жалпысынан 37,5 миллион рупий (487 миң доллар) топтоп, аны кыймылсыз мүлк алууга гана сарпташкан. Маалым болгондой, айрым темир чогулткандар үчтөн автоунаанын ээси болуп чыккан. Көпчүлүгүндө гектарлаган айыл чарба жерлери бар экени аныкталды.

Бул миллионерлер салык органдарында байлыгын жашыргандарды аныктоого жардам берген чоң маалымат программасы болгонго чейин мүлктөрүн катып келишкен. Бери дегенде азык-түлүк саткан 65 дүкөндүн ээлери жана фармацевттер бизнестерин каттаткан эмес. Айрымдары байлыгын жашырып, сатып алынган мүлктөрдү үй-бүлө мүчөсүнө жаздырса, кээ бирлери түрдүү схемаларды пайдаланган.

81
Белгилер:
мүлк, байлык, салык, Индия
Тема боюнча
Декларация тапшырбаган кызматкерлердин тизмеси жарыяланды
Шахта. Архивдик сүрөт

Тажикстан: Исфарадагы көмүр шахтасында жарылуу болду, каза тапкандар бар

100
(жаңыланган 00:28 25.07.2021)
Алдын ала берилген маалыматта, бир адамдын көз жумуп, дагы сегиз кишинин жарадар болгону айтылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согду облусуна жакын жердеги Исфара көмүр шахтасында катуу жарылуу болгондугун Sputnik Тажикстан жазды. 

Кырсык Согду облусундагы Шураб аймагынын жанындагы кенде болгон.

"Шураб" шахтасындагы жарылуу газдын чыгышынан улам болгонун айтышты", — деди Исфара мэриясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шомадов.

Алдын ала берилген маалыматка таянсак, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлердин жүргөнү айтылды.

Шураб кени Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири кендердин бири. Ал Түркстан кырка тоолорунун этегинде жайгашкан. Бул жерден алынган көмүрдү негизинен медициналык жана билим берүү жайлары колдонот. Бийликтин билдиргенине караганда, мындай кырсык ондогон жылдардан бери болгон эмес.

100
Белгилер:
жарылуу, шахта, көмүр, Тажикстан
Тема боюнча
Дубайда катуу жарылуу болду. Видео
Сууга түшкөн балдар. Архивдик сүрөт

Күн кайрадан ысыйбы? Бир жумага аба ырайы

0
Синоптиктердин маалыматына караганда, аптанын басымдуу бөлүгүндө күн ачык болот. Экинчи жарымында айрым жерлерде өткүн өтүп, ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал жүрөт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Бишкек шаары

Борбор калаада 30-июлда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Калган учурда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-июлда күндүз 14 метрге жетиши күтүлүүдө.

Чүй облусу

Апта бою негизинен күн ачык болот. Болгону 30-июлда күндүз жана 31-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Талас облусу

Талас өрөөнүндө жуманын көпчүлүк күндөрүндө күндүн көзү бузулбайт. Анткен менен аптанын аягында шамал болору күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 29-30-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүгүндөгү облустарда аба ырайы бирдей болору божомолдонууда. Аптанын басымдуу бөлүгүндө күн ачык болуп, 30-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 31-июлда түнкүсүн көпчүлүк райондордо, күндүз тоолуу аймактарда гана өткүн өтөт.

Ысык-Көл облусу

29-30-31-июль күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүп жатат.

Нарын облусу

25-26-июлда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. 28-30-31-июлда кээ бир райондордо өткүн өтөт.

0
Белгилер:
ысык, аба ырайы, жай, Кыргызстан
Тема боюнча
Мээ кайнаткан ысык болобу? Августка карата аба ырайы