Гаити президентинин өлтүрүлүшү: кол салган төрт киши жок кылынды

© REUTERS / Estailove St-ValУбийство президента Гаити Жовенеля Моиза
Убийство президента Гаити Жовенеля Моиза - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Доминикан Республикасында Гаити президентине жети түштүк америкалыктан турган топ кол салышы мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салууну жергиликтүү баңгизат сатуучулар уюштурган.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Гаити полициясы президент Жовенель Моизди өлтүрүү үчүн жалданган төрт кишини жок кылып, экөөнү колго түшүрдү. Бул тууралуу RTNH телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Мамлекеттик резиденцияга кол салуудан кийинки иш-аракеттер боюнча полициянын жетекчиси Леон Шарль маалымат жыйын өткөрүп, анда барымтага алынган үч полиция кызматкери бошотулганын айтты.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозеф өлкөдө кырдаал көзөмөлгө алынганын белгилеп, элди тынчтанууга чакырды.
Президент Гаити Жовенель Моис  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Гаити элчилиги президенттин жубайы көз жумду деген маалыматты төгүндөдү
Коңшу Доминикан Республикасында Гаити президентине жети түштүк америкалыктан турган топ кол салышы мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салууну жергиликтүү баңгизат сатуучулар уюштурган.
Эске салсак, 7-июлга караган түнү Гаити башчысынын резиденциясына кол салуу болуп, натыйжада мамлекет жетекчиси жубайы менен алган жараатынан улам каза болгону айтылган
Кийин Гаитинин Доминикан Республикасындагы элчилиги биринчи айым көз жумду деген маалыматты төгүндөгөн. Бирок ал ооруканада, абалы оор экени кошумчаланып, үч жерине ок тийгени маалымдалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0