Тибеттин руханий лидери Далай-лама. Архив

Далай-лама ден соолукта болуу үчүн канча саат уктоо керектигин айтты

267
Тибеттин руханий лидеринин айтымында, ачууланып, эмоцияга алдыруу адамдын жалпы абалына таасир этет, анын ичинде тынч уйку бербейт.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. 110-113 жашка чейин өмүр сүрүүнү тилек кылган Далай-лама XIV ден соолукта болуу үчүн канча саат уктоо керектигин айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, 6-июль күнү 86 жашка чыккан тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама көптөгөн адамдардын достук мамилеси жана каалоосу менен 110-113 жашка чейин жашоого ниеттенип жаткандыгын билдирген.

"Биз ачууланып, өзүбүздү ар кандай эмоцияларга алдырсак ал жалпы абалыбызга да таасир этерин билишибиз керек. Мисалы, кан басым көтөрүлгөндө жакшы уктай албай кыйналабыз. Мээ тынч болсо денибиз да сак болот. Өзүм тууралуу айтсам, акыл-эсим тынч, ошондуктан 9 саат бир калыпта уктайм. Мындай уйку терең мааниге ээ", — деген Далай-лама.

Буддисттердин руханий лидери саясатчылардын бири күнүнө 4-5 саат гана уктай тургандыгын, жакшы эс алууну самап жүргөнүн айткандыгын эскерип өттү.

"Бөтөнчө саясатчы менен ишкерлер үчүн жетиштүү, бекем жана тынч уйку зарыл. Бул психикалык абалга жана дененин бардык элементтеринин иштешине оң таасирин тийгизет", — деген Далай-лама.

Ал тогуз сааттык терең уйкудан кийин бир нече саат медитация кыларын кошумчалаган.

267
Белгилер:
акыл, тынчтык, уйку, өмүр, ден соолук, Далай-лама
Тема боюнча
Далай-лама дүйнөнү аялдар башкарышы керектигин айтып, себебин түшүндүрдү
Пекин шаарындагы аскердик парад. Архив

ЖМК: Кытай өзөктүк курал үчүн 110 шахта куруп жатат. Сүрөттөр

17
Кытай бийлиги мындай шахталарды куруп жатканы тууралуу маалыматтар коммерциялык спутниктер аркылуу алынганы айтылат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда континенттер аралык баллистикалык ракета учуруучу 110 шахта курулуп жатат. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.

Кытай бийлиги мындай шахталарды куруп жатканы тууралуу маалыматтар коммерциялык спутниктер аркылуу алынганы айтылат. Аларды АКШнын окумуштуулар федерациясы карап чыгып, бул шахталар өзөктүк курал үчүн экенин айтышкан.

"Курулуш иштери Хами шаарынан болжол менен 100 чакырым аралыктагы чөлдүү аймакта жүргүзүлүп жатат", — дешкен адистер.

Басылма бул нерсе жалпысынан Пекин өзөктүк курал арсеналын бекемдеп жатканынан же кытай бийлигинин АКШ менен Россиянын катышуусундагы курал-жаракка көзөмөл кылуу келишимине аралашууга даярдыгы катары кабылдаса болорун жазган.

17
Белгилер:
АКШ, курулуш, өзөктүк курал, Кытай
Тема боюнча
Россияда өзөктүк куралдардын согушу болуп кетсе колдоно турган учак жасалат
Кабул шаарындагы убактылуу лагерде жайгашкан жарандар. Архив

Тажикстандын ТИМи афганистандыктарды кабыл алуу боюнча үн катты

65
(жаңыланган 14:55 27.07.2021)
Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Америкалык аскерлер менен иштешкен афганистандыктарды Тажикстандын чек арасына кабыл алуу тууралуу маселе каралган эмес. Мындай маалыматты Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин РИА Новостиге айтып берген.

"Америкалык аскерлер менен иштешкен афганистандыктарды Тажикстандын чек арасына кабыл алуу тууралуу маселе каралган эмес", — деген министр РИА Новостинин суроолоруна жооп берип жатып.

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

2020-жылы Вашингтон менен "Талибан" кыймылы Доха шаарында дээрлик 18 жылдык согуштан кийин тынчтык жөнүндө алгачкы келишимге кол коюшту. Анда Афганистандан чет элдик аскерлерди 14 айдын ичинде чыгарып кетүү жана туткундарды алмаштыргандан кийин афгандар ортосундагы сүйлөшүүнү баштоо каралган.

65
Белгилер:
Афганистан, Тышкы иштер министрлиги, Тажикстан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандын дээрлик бардык аймагына коменданттык саат киргизилди
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар