Коронавирустан вакцина алуу. Архивдик сүрөт

Вакцина алган соң кыздардын төшү чоңоюшу мүмкүн. Дарыгердин түшүндүрмөсү

227
(жаңыланган 10:37 10.07.2021)
Норвегиялык кыз COVID-19га каршы эмделгенден кийин көкүрөгү чоңоюп кеткенин социалдык тармакка жазган. Башка кыз-келиндер да ушундай көрүнүшкө туш болгонун айтышкан.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Норвегиянын жашоочусу коронавируска каршы вакцина сайдыргандан кийин эмнегедир төшү чоңоюп кеткенин жазган. Бул туурасында NRK басылмасы кабарлады. 

17 жаштагы Эмманын айтымында, эмделгенден кийин организминдеги өзгөрүүлөр кадимкидей байкалган.

"Бул мен үчүн, мындайча айтканда, кризис эле болду. Бир размерге чоңураак төш кап сатып алганга туура келди", — деп билдирген ал кыз.

Эмма аны TikTok тармагындагы аккаунтуна да чыгарган. Ал эми комментарий калтыргандардын арасында мындай көрүнүшкө кабылгандар да болгон.

Дарыгер Генрих Бакманндын айтымында, бул вакцинадан кийин боло турган кадимки эле процесс. Адис эмделген аялдардын болжол менен 10 пайызында колтук жагындагы лимфа түйүндөрү убактылуу чоңоёт. Андан улам эмчек "бир аз алдыга чыгып калат" да, көлөмү өзгөрүп кеткендей сезиле берет.

227
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Норвегия
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (188)
Тема боюнча
Кыргызстанда төрт күндө 6000ге чукул адам коронавируска каршы вакцина алды
Эмдөөдөн кийин антитело калыптанбаса эмне болот. Адистин пикири
Шахта. Архивдик сүрөт

Тажикстан: Исфарадагы көмүр шахтасында жарылуу болду, каза тапкандар бар

38
(жаңыланган 00:28 25.07.2021)
Алдын ала берилген маалыматта, бир адамдын көз жумуп, дагы сегиз кишинин жарадар болгону айтылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согду облусуна жакын жердеги Исфара көмүр шахтасында катуу жарылуу болгондугун Sputnik Тажикстан жазды. 

Кырсык Согду облусундагы Шураб аймагынын жанындагы кенде болгон.

"Шураб" шахтасындагы жарылуу газдын чыгышынан улам болгонун айтышты", — деди Исфара мэриясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шомадов.

Алдын ала берилген маалыматка таянсак, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлердин жүргөнү айтылды.

Шураб кени Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири кендердин бири. Ал Түркстан кырка тоолорунун этегинде жайгашкан. Бул жерден алынган көмүрдү негизинен медициналык жана билим берүү жайлары колдонот. Бийликтин билдиргенине караганда, мындай кырсык ондогон жылдардан бери болгон эмес.

38
Белгилер:
жарылуу, шахта, көмүр, Тажикстан
Тема боюнча
Дубайда катуу жарылуу болду. Видео
Кабул шаары. Архивдик сүрөт

Афганистандын дээрлик бардык аймагына коменданттык саат киргизилди

40
(жаңыланган 23:13 24.07.2021)
Маалыматта коменданттык сааттын болгону үч — Кабул, Нангархар жана Панжшер провинцияларына тийиштүү эмес экендиги айтылган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Афганистан бийлиги "Талибан" кыймылынын аракеттерин кармап туруу үчүн 34 провинциянын ичинен 31ине коменданттык саат киргизди. Бул тууралуу РИА Новости Tolo News телеканалына шилтеме кылып кабарлады.

Телеканал Афганистан ИИМ жетекчилигине таянып кабарлаган. Маалымат булагынын айтымына караганда, талиптердин кыймылын ооздуктаганга аракет кылган бул чектөө жергиликтүү убакыт боюнча 22.00дөн таңкы 04.00гө чейин киргизилген.

Маалыматта коменданттык саат болгон үч - Кабул, Нангархар жана Панжшер провинцияларына тийиштүү эмес экендиги айтылган.

Ал арада РИА Новостинин соңку маалыматтарында, Пакистан аскерлери "Талибан" көзөмөлгө алган Афганистандын аймагы – Кандагарга киргенин айтылды.

Афганистандын RTA телекомпаниясы Кандагардын Назар деп аталган коопсуздук постунан тартылды деген видеону тараткан.

Эске салсак, бүгүн Россия лидери Владимир Путин да Өзбекстан, Казакстандын президенттери менен Афганистандагы абалдын Борбор Азияга таасирин талкуулаган.

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

Өткөн жылдын сентябрында Катар өлкөсүндө афгандардын сүйлөшүүлөрү башталган. Бирок дээрлик он ай убакыт өтсө да тараптар жолугушуунун күн тартибин аныктай элек. Тараптар өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы согушту токтотуу боюнча орток пикирге келе албай жатышат.

40
Белгилер:
коменданттык саат, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Пакистан, Афганистан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Тажикстан Афганистандан 100 миң качкын кабыл алууга даяр экенин айтууда
Рахмон армиясын текшерип, тажик-афган чек арасына 20 миң аскер жөнөттү
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар
Путин Өзбекстан, Казакстан президенттери менен афган кооптуулугун талкуулады