70 градус ысык! Кувейтте болуп көрбөгөндөй ысык болууда

© AFP / YASSER AL-ZAYYATАномальная жара в Кувейте
Аномальная жара в Кувейте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Бул эмираттагы акыркы 70 жылдагы эң ысык жай болууда. Синоптиктер мындай температура түндүк тропикке жакын тургандыктан жаралууда дешти.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кувейтти акыркы күндөрү болуп көрбөгөндөй ысык каптап, аталган мамлекет планетадагы эң аптаптуу аймактардын катарына кошулганын Gulf News басылмасы жазды. 
Маалыматтарга караганда, Кувейтте ысык 70 градуска чыгып, ал эми көлөкөдө + 53,3 градусту көрсөтүп жатат. Бул эмираттагы акыркы 70 жылдагы эң ысык жай болууда. Синоптиктер мындай температура түндүк тропикке жакын тургандыктан жаралууда дешти.
Кувейт бийлиги элди электр кубатын үнөмдүү пайдаланып, эски желдеткич-кондиционерлерди энергосистемага күч келтирбегендерине алмаштырууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0