Үйлөнүдө турган келин. Архив

Түштүк Африка өкмөтү аялдарга бир нече күйөөгө тийүүгө уруксат берүүнү сунуштады

166
(жаңыланган 14:41 11.07.2021)
Бул өлкөнүн Конституциясы жарандарынын жеке жашоосуна бир топ эле эркиндик берген. Мисалы, көп аялдуулук жана бир жыныстагы адамдардын баш кошушуна мыйзам каршы чыкпайт.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Түштүк Африка Республикасынын өкмөтү аялдарга бир нече эркекке турмушка чыгууну мыйзамдаштырып берүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ВВС жазды.

Маалыматка караганда, бул өлкөнүн Конституциясы жарандарынын жеке жашоосуна бир топ эле эркиндикти берген. Мисалы, көп аялдуулук жана бир жыныстагы адамдардын баш кошушуна мыйзам каршы чыкпайт.

"Учурда гендердик тең укуктуулукту көздөгөндүктөн өкмөткө аялдарга дагы бир нече күйөлүү болууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылып, министрлер кабинети бул сунушту коомчулукка алып чыкты. Эл арасында бул боюнча эки ача пикирлер айтылып, каршы болгон тараптар көптүк кылууда", — деп айтылат макалада.

Полиандрия (аялдын бир эле учурда бир нече эркекке турмушка чыгышы) көрүнүшү боюнча Түштүк Африкада изилдөөлөрдү жүргүзгөн профессор Коллис Мачоконун айтымында, коомчулукта ачык айтылбаганы менен мындай никеде жашап жүргөндөр жок эмес. Болгону коом тарабынан бул нерсе кабыл алынбагандыктан, эч ким ачык айтып, жемеге калгысы келбейт.

Эл арасында дагы бир маселе жаратып жаткан нерсе, мындай үй-бүлөлөрдө кайсы баланын атасы ким экенин аныктоо кыйынга туруп, ДНК анализ жасатууга туура келери айтылууда.

166
Белгилер:
нике, укук, эркек, аял, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
Эл качан бузулат? Салт менен кааданын айырмачылыгы тууралуу маек
ДССУ штаб-квартирасы. Архив

ДССУ: жакынкы жылдары рактын үч түрүн жеңе алышыбыз мүмкүн

26
Аялдарда жатын моюнчасынын рагын пайда кылган папиллома вирусуна (ВПЧ) каршы иштелип чыккан вакцина ооруну азайтууга көмөктөшөрү айтылат.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистеринин пикиринде, жакынкы 10 жылда залалдуу шишиктин үч түрүн жеңүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

ДССУ өкүлү Мелита Вуйнович көпчүлүк аялда кездешип жаткан жатын моюнчасынын рагын азайтууга жакшы шарттар түзүлгөнүн билдирген. Биринчиден оору жакшы изилденсе, экинчиден, аны козгогон адамдын папиллома вирусуна (ВПЧ) каршы кооптуу жана натыйжалуу вакцина иштелип чыкты.  

Ошондой эле адамзат өпкө рагын да жеңүү алдында турат. Бирок ал үчүн чылымдан баш тарткандар көп болушу керек. ДССУ адистери тамеки чеккендер болбосо залалдуу шишик жаралбайт эле деген оюн айтышкан. Рактын бул түрүнө чылым 90 пайыз себеп экени белгиленет.  

Адистер эскерткендей, тамекинин түтүнүндө ракты чакырган 60тан ашуун канцероген бар, ал эми никотин нерв системасынын ишин төмөндөтөт.  

Мындан сырткары, боор рагынан арылууга да мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн ичимдикти таштап же кескин азайтуу керек. ДССУнун адистеринин изилдөөсүнө ылайык, былтыр 740 миң кишинин рак оорусу спирт ичимдиги менен байланыштуу болгон. Бейтаптардын 75 пайызын эркектер түзөт.  

Адистер рактын бул түрлөрүн жеңүүгө жана алдын алууга багытталган иштерди жүргүзүүнү улантууда.

26
Белгилер:
боор, өпкө, жатын, шишик, рак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема боюнча
Адамдын тили рак болгондо кездешчү белгилер айтылды
Көпчүлүгүбүздө бар. Рак илдетин пайда кылчу 7 вирус аталды
Киши лупа аркылуу доллар купюраларды карап жатат. Архив

Дүйнөдөгү карызы асман чапчыган мамлекеттер аталды

125
Эксперттин айтымында, Япониянын мамлекеттик карызынын суммасы өлкөнүн ички дүң продукциясынан 234 пайызга көп.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Япония дүйнө боюнча мамлекеттик карызы эң көп өлкө аталды. Бул туурасында РИА Новости Стратегиялык иштеп чыгуулар институтунун инвестициялык анализ жана макроэкономикалык изилдөө борборунун жетекчиси Даниил Наметкинге шилтеме берүү менен жазды.

Карызынын көлөмү боюнча кийинки орундарда Улуу Британия, АКШ жана Еврозона (евро валютасын колдонгон өлкөлөр) турат. 

Эксперттин айтымында, Япониянын мамлекеттик карызынын суммасы өлкөнүн ички дүң продукциясынан 234 пайызга көп. Ал эми Улуу Британияныкы 144 пайызга, АКШныкы 160 пайызга, Еврозонаныкы 120,4 пайызга көп.

Ошондой эле ал коронавирустук кризистен улам макроэкономикалык шарттар начарлап кетсе дүйнөлүк банктар каржы системасындагы туруктуулукту сактоо үчүн рыноктун өзгөрүшүнө карап адаттан тыш кадамдарга барууга даяр экенин көрсөткөнүн белгилеген.  

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын суммасы 5 миллиард доллардын тегерегинде.

125
Белгилер:
эксперт, мамлекет, Дүйнө, карыз, Япония
Тема боюнча
Мамлекеттик карыз боюнча рекорд жаңыланды
Эл көп алган автоунаалардын баасы кандай болуп өзгөрдү. Инфографика 
Медициналык кызматкер ооруканада бейтап менен. Архиа

Коронавирус дагы 12 кишинин өмүрүн алды. 26-июлдун статистикасы

0
(жаңыланган 09:45 26.07.2021)
Соңку статистикалык маалыматтарды кошкондо пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны 2 261ге жетти.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирустан 12 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Өлүм катталган аймактар:

  • Бишкек шаары – 8;
  • Чүй облусу – 4.

Соңку статистикалык маалыматтарды кошкондо пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны 2 261ге жетти.

0
Белгилер:
өлүм, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот 
Коронавирус адамды бат карытат. Процессти кантип жайлатуу керек