Инфекционист коронавирустун башкы максатын айтып берди

© AP Photo / Emilio MorenattiРок концерт в Барселоне
Рок концерт в Барселоне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Профессор Владимир Чулановдун айтымында, коронавирустун улам жаңы чыккан штаммдары болушунча тез жана көбүрөөк тараганга аракет кылууда.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Коронавирустун мындан аркы штаммдары адамды өлтүрүүгө эмес, болушунча көбүрөөк жайылууга аракет кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси, профессор Владимир Чулановдун пикирине таянып РИА Новости жазды.
"Коронавирустун улам жаңы чыккан штаммдары болушунча тез жана көбүрөөк тараганга аракет кылууда. Ошол эле учурда былтыркыга салыштырмалуу өлүмдүн саны азыраак. Мындан улам вирус адам баласын жок кылууга эмес, өзү көбөйүүгө аракет кылып жатат деп ишенимдүү айтсак болот. Бизди өлтүрүп салуу анын өзүнө пайдалуу эмес", — деди дарыгер.
Анткен менен адис коронавирус болбой эле гриппке салыштырмалуу көбүрөөк адамдын жанын алып жатканын кошумчалады. Тагыраагы, ал пайда болгон бир жарым жылдан ашык убакыттан бери дүйнө жүзү боюнча коронавирустан расмий түрдө 4 миллиондон ашык кишинин өлүмү катталды.
Ошондой эле Чуланов бул вирустун кесепеттери дагы оорураак экенин эске салып, дагы деле сак болууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0