Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) экс-чемпиону Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен болгон беттештен кийин

Макгрегордун Порье менен таймашта сынган бутуна операция жасалды

1277
(жаңыланган 17:32 12.07.2021)
Атактуу спортчу операция ийгиликтүү болгонун, алты апта таяк менен жүрүп, кыска убакытта эле спортко кайра келерин айткан.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) экс-чемпиону Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен болгон беттеште сынган бутуна операция жасатты. Бул тууралуу мушкер өзүнүн Twitter баракчасына жазганын Р-Спорт билдирди.

Порье менен Макгрегордун таймашы UFC 264 мелдешинин алкагында 11-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп, техникалык нокаут менен америкалык мушкер уткан. Биринчи раунддун аяк ченинде ирландиялык атлет бутун кызыл ашыктын үстүнөн сындырып алган. Беттеш мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, Макгрегорду октагондон замбил менен алып кетишкен.

"Азыр эле операциядан чыктым. Баары жакшы өттү, өзүмдү мыкты сезип турам. Алдыда алты апта таяк менен жүрсөм, анан кайра спортко келем", — деген 38 жаштагы ирландиялык атлет.

Мушкердин менеджери Оди Аттар экс-чемпиондун жото жилигиндеги жоон жана ичке сөөктөрүнө үч сааттык операция жасалганын билдирди. Дарыгерлер ал акырындап толук бойдон калыбына келет деп ишендирди. Анын октагонго кайра чыгарын күтөбүз", — деген Аттар Twitter баракчасынан.

11-июлдагы таймаш атактуу мушкерлердин ич ара үчүнчү беттеши болду. Алгач 2014-жылы Конор Порьени нокаут менен уткан. UFC атлеттери быйыл 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кармашып, анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап жеңип алган. Бул ирландиялыктын карьерасында алгачкы жолу нокаутка түшүп утулган беттеши болгон.

1277
Белгилер:
UFC, Конор Макгрегор, жаракат, операция
Тема боюнча
Конордун сынган буту, Жалгастын жеңиши. UFC турниринин видео топтому
Дастин Порье утту. Конор Макгрегор бутун сындырып алган видео

Устат Изабеков Токиодо намыска жараган кыздарын канатына калкалап... Фотофакт

13
(жаңыланган 19:17 05.08.2021)
XXXII жайкы Олимпиададан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова мелдештен кийин Токио шаарында түшкөн сүрөтүн Facebook баракчасына чыгарды.
XXXII жайкы Олимпиададан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова, коло медаль алган Мээрим Жуманазарова жана алардын машыктыруучсу Нурбек Изабеков
© Фото / Нурпери Садырбекова

Анын ичинен коло медаль алган Мээрим Жуманазарова жана машыктыруучу Нурбек Изабеков үчөөнүн сүрөтү көпчүлүктү суктандырууда. Жаңы тарыхты жазган балбандар устатын ортого алып, ал эми Изабеков кыздарын канатына калкалап түшкөн.

Тыныбекова кечээ Токио Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшү боюнча финалдык беттеште бир упайлык айырма менен жеңилип экинчи орунду ээлеген. Ал эми Жуманазарова Кыргызстандын куржунун коло медаль менен толтурду. Муну менен алар эгемен тарыхта кыз-келиндер арасында Олимпиададан медаль алган алгачкы спортчу болуп калышты.

Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада 23-июлда башталган. Олимп оюндары 8-августта аяктайт.

13
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, Нурбек Изабеков, Мээрим Жуманазарова
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиада: эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев индиялык спортчу менен кармашат
Олимпиада: Кыргызстан медаль боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапка чыкты
Айаал Лазарев Олимпиаданын коло байгеси үчүн таймашат
Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт
Бангладештик Рафид Ясардын Бактылуу фермер сүрөтү. Архив

Стенин атындагы сынакта онлайн добуш берүү боюнча жеңүүчү аныкталды

14
(жаңыланган 18:37 05.08.2021)
Сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, бүгүнкү күндөгү фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын баштапкы жыйынтыгы чыгып, интернет-колдонуучулардын сүймөнчүгүнө бангладештик Рафид Ясар ээ болду. Ал сынакка "Бактылуу фермер" аттуу эмгегин жөнөткөн.

Сүрөттө түстүү капустанын түшүмүн жыйнап, ага кубанып турган фермер көрсөтүлгөн. Бул кадрга интернет-колдонуучулардын дээрлик 25 пайызы "мыкты" деп добуш берген. Сүрөтчү элдин ишеними ага күч берип, өзү кыялданып жүргөн режиссерлук кесипке жетем деп ишенүүдө.

Фотография Счастливый фермер Рафида Ясара из Бангладеша признана лучшим снимком на международном конкурсе фотожурналистики имени Андрея Стенина
© Фото / Stenincontest / Рафид Ясар
Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын баштапкы жыйынтыгы чыгып, интернет-колдонуучулардын сүймөнчүгүнө бангладештик Рафид Ясар ээ болду. Ал сынакка "Бактылуу фермер" аттуу эмгегин жөнөткөн
"Элдик добуш берүү гран-при эмес экенин түшүнөм. Бирок ар бир добуш - мен үчүн сыймык. Бул сынакта менчелик жеңишке жеткиси келген адам барбы, билбейм. Эң күчтүүсү жеңсин", — деди ал. 

Сентябрь айынын аягында Стенин атындагы сынактын жыйынтыгы чыгып, гран-при тапшыруу аземи онлайн-форматта өтөт. Уюштуруучулар жылдын соңуна чейин жеңүүчүлөрдүн эмгектерин дүйнөлүк турнеге алып чыгууну пландоодо.

Сынак тууралуу

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги негиздеп, Россиянын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын колдоосу менен өтүп келген Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын максаты — жаш фотографтарды колдоо, бүгүнкү күндөгү фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул таланттуу, сезимтал, алдыга умтулган жаш сүрөтчүлөр үчүн мыкты аянтча.

Быйыл башкы маалыматтык өнөктөш Вести.Ru порталы, "Россия-Культура" жана "Москва 24" телеканалдары болду.

Ошондой эле Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, ANA маалымат агенттиги, RT телеканалы жана порталы, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет-порталы, The Paper интернет-порталы, Al Mayadeen медиатүйүнү, Prensa Latina, DBW интернет-порталы жана Telam маалымат агенттиги өнөктөш болду.

14
Белгилер:
Россия, сүрөт, сынак, жыйынтык, жеңүүчү
Тема боюнча
Көргөнгө татыйт! Стенин атындагы сынактагы эң мыкты эмгектер