2030-жылы катуу суу ташкындары күтүлөт. Окумуштуулар себебин түшүндүрдү

© REUTERS / RUPAK DE CHOWDHURIНаводнение Западной Бенгалии в Индии
Наводнение Западной Бенгалии в Индии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, Айдын термелүүсүнүн цикли 18,6 жылга созулат. Жарымында толкундар азайса, экинчи жарымында дайыма көтөрүлүп турат.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. 2030-жылдардын ортосунда суу ташкыны Ай циклинин жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кескин көбөйөт. Мындай жыйынтыкты Американын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NАSA) чыгарганын Nature Climate Change журналы жазды.
Ай цикли климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүн күчөткөнү айтылат. 2019-жылы Атлантика океанынын жана АКШнын Мексика булуңунун жээгиндеги көптөгөн шаарларда 600дөн ашуун суу ташкыны болгон.
"Деңиз деңгээлине жакын жапыз аймактар барган сайын коркунучка кабылып, суу ташкынынын көбөйүшүнөн жапа чегип жатат, бул дагы күчөй берет. Айдын тартылуу күчү, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана климаттын өзгөрүшүнүн айкалышы биздин жээктерде жана дүйнө жүзү боюнча жээктердеги суу ташкындарын күчөтөт", — деген NАSA космикалык агенттигинин администратору Билл Нельсон.
Гавайи университетинин кызматкерлеринин айтымында, Айдын термелүүсүнүн цикли 18,6 жылга созулат. Жарымында толкундар азайса, экинчи жарымында дайыма көтөрүлүп турат. Бул ирет окумуштуулар суу ташкындары көбөйөрүн болжолдогон.
Жаңылыктар түрмөгү
0