Афганистандын аскер кызматкерлери

ЖМК: АКШ Афганистандан 12,5 миң жаранды алып кеткени жатат

252
АКШ бийлиги Афганистанда жергиликтүү калк арасындагы тарапташтарын коргоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн алар үчүн убактылуу башпаанек сураган эле.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. АКШ Афганистандан алып чыгууну пландап жаткан 2,5 миң жергиликтүү жаранды мурда пландалгандай үчүнчү өлкөлөргө эмес, түз эле өзүнүн аймагына киргизет. Бул тууралуу NBC News телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Буга чейин АКШ бийлиги аларга жардам берген афганистандыктарды Америкада туруктуу жашоого уруксат кагаздары даярдалганга чейин үчүнчү өлкөлөрдүн аймагына киргизип туруу маселесин карап жаткан. Бул арада сөз болуп жаткан адамдардын бардыгы коопсуздук боюнча текшерүүдөн өтүп, эми үй-бүлө мүчөлөрү менен түз эле АКШга кетмей болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, АКШ менен иштешкен 10 миң киши Американын башка өлкөлөрдөгү аскер базаларына же үчүнчү өлкөлөргө чыгарылып турат.

Учурда Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген "Талибан" өкмөттүк күчтөр менен тирешүүдө. Буга тынчсызданган АКШ бийлиги жергиликтүү калк арасындагы тарапташтарын коргоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн алар үчүн убактылуу башпаанек сураган эле.

252
Белгилер:
Афганистан, АКШ, Аскер, жаран, коргоо
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (56)
Тема боюнча
Өкмөт Тажикстанда турган этникалык кыргыздарды кабыл алууга камданып жатат
Афганистанда талибдер менен түрктөр салгылашабы?
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Төрага Мамытов жана депутаттар Ирандын президентинин инаугурациясына катышты

17
(жаңыланган 16:32 05.08.2021)
Спикер ирандык кесиптешине Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы октябрда шайланарын айткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жана депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов Тегеранда Ирандын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына катышты. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында Мамытов Ирандын Ислам Кеңеши межлисинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушкан.

"Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, туризм, инвестициялар, медициналык туризм, инженердик-техникалык кызматтар жана башка чөйрөдөгү кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле спикер чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын элин жаңы мамлекет башчысын ийгиликтүү шайлап алышы менен куттуктады. Андан соң ал Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы быйыл октябрда шайланарын билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Бизде да, сиздерде да саясий процесстер активдүү өнүгүп жатат, бирок, муну менен катар эле соода-экономикалык мамилелерибизди да өнүктүрүүгө тийишпиз. Тилеке каршы, пандемия көп пландарыбызды ишке ашырууга жолтоо болду. Учурда биздин өлкөлөрдүн темир жол уюмдары Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирдикте кызматташууну баштады. Ал Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берет", — деп айткан Мамытов.

Ирандык кесиптеши анын сөзүн кубаттап, чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш сапардын алкагында ЖК төрагасы Ирандын жетекчилери, ошондой эле инаугуруацияга келген чет элдик делегациялардын башчылары менен дагы жолугары пландалууда.

17
Белгилер:
Иран, инаугурация, Талант Мамытов, спикер, депутат, жолугушуу
Тема боюнча
Босого 5%, аялдардын квотасын азайтуу. Парламент жаңы шайлоо мыйзамын колдоду
Эркек адам. Архив

Өзү 50 жашта. Жапжаш көрүнгөн Британия тургуну сыры менен бөлүштү

47
Жигиттей көрүнгөн киши жумасына үч ирет спорт залга бара турганын айткан. Ошондой эле ал эти жок тамактарды гана жеп, кумшекер, ичимдиктен баш тарткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын 25теги жигиттей көрүнгөн 50 жаштагы тургуну Тристан Ли жаштык сыры менен бөлүштү. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.

Ли 35 жылдан бери терисине жакшылап кам көрө турганын айтып, ошол себептен жаш көрүнөрүн белгилеген. Тристан туура тамактанып, терини жумшартуучу жана күндөн сактаган кремдердин сапаттуусун колдонорун да кошумчалаган.

"Териге кам көрүүдө табигый каражаттарды колдоном жана буга көп деле каражат жумшабайм. Жыты жок каражаттарды табууга аракет кылам. Анткени өтө жыттуулар терини дүүлүктүрүп жибериши ыктымал", — деди ал.

Мындан сырткары, ал күндө жарым сааттык сейилдөөгө чыгып, жумасына үч ирет спорт залга бара турганын айткан. Эти жок тамактарды гана жеп, кумшекер, ичимдиктен баш тарткан.

"Мен абдан жаш көрүнгөндүктөн улгайып калган адамдар кантип баарлашууну билбей, ыңгайсыз боло беришет. Ошол эле учурда канчада экенимди билген жаштар да кыйналат. Ошол себептен баары жакшы эмес", — деген Ли.

Ли сырткы келбетинен улам айрымдар аны алдамчы деп ойлой турганын кошумчалаган.

47
Белгилер:
Улуу Британия, жаштык, жигит
Тема боюнча
Төрөттөн кийин дароо 40 килограммга арыктаган аял сыры менен бөлүштү