Индияда үч баштуу ымыркай жарыкка келди. Видео

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРабота ГКБ № 15 им О. М. Филатова
Работа ГКБ № 15 им О. М. Филатова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
Үч баштуу бала төрөлгөнүн угуп, аны көрүүгө келгендердин аягы үзүлө элек. Дарыгерлер анатомиялык бул өзгөчөлүктүн себебин түшүндүрө алган эмес.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Индиядагы Уттар-Прадеш штатынын дарыгерлери сейрек көрүнүшкө күбө болуп, үч баштуу баланы төрөтүшкөн. Бул туурасында DailyStar жазды. 
Аял кош бойлуу кезинде эч кандай деле адаттан тышкары нерсени сезбегендигин, бирок мындай өзгөчө баланын төрөлүшү күтүүсүз болгонун айтып берген.
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2020
Мьянмада жашоодо сейрек кездешкен эки баштуу сиам эгиздер төрөлдү. Сүрөт
ЖМКларга жарыяланган сүрөттөн бөбөктүн кадимки башын жана анын капталына жабышып турган дагы экөөнү көрүүгө болот.
Эне-бала төрөтканадан үйүнө чыгарылган. Дарыгерлердин айтымында, ден соолугунун начарлашы, чыргоолонуп ыйлашы байкалган эмес.
Басылма башкача бөбөк тууралуу мындай кабарды угуп, алыскы жана жакынкы аймактан келгендердин аягы үзүлбөй жатканын жазган. Жергиликтүү элдин "бул Кудайдын жерге келгени" деген ишенимди бекем карманып алып, башкаларга да кабарлаганга ашыккан учурлар болгон.
Дарыгерлер анатомиялык өзгөчөлүктүн себебин түшүндүрүп бере алган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0