Гастроэнтеролог жемиштердин пайда-зыяны тууралуу айтып берди

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүВыращивание клубники в Краснодарском крае
Выращивание клубники в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, бардык жер-жемиштерде кычкылтек көп болот. Бул ичеги-карын оорусу барларга залакасын тийгизиши мүмкүн.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Врач-диетолог, гастроэнтеролог Марина Хорол RT телеканалына берген маегинде сезондук мөмө жана жер-жемиштин пайдасы тууралуу айтып берди.
Адистин жемиштерди белгилүү бир өлчөмдө гана жеп тим болбосо, кээ бир адамдарда көйгөй жаралышы ыктымалдыгын эскертти.
"Ичеги-карынды сезгентип албаш үчүн кулпунайды канча кааласаң, ошончо өлчөмдө гана жеш керек. Негизи бардык жер-жемиште жана кычкыл мөмө-жемиште кислота көп болот. Жемиштин кычкылы ичеги-карындын былжырлуу катмарына залакасын тийгизет. Аталган органы ооругандар муну эске алышы керек. Жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди чийки жеген өтө пайдалуу. Бирок жоон ичегиси сезгенген жана аллергияга реакциясы бар адамдарга сунушталбайт. Албетте, адамдын саламаттыгы жайында болсо чийки жемиштерди жеп, витаминдердин ордун толуктап турганы жакшы", — деп айткан Хорол.
Ошондой эле дарыгер аллергиясы барларга жаңыдан сыгылган сок зыян экенин эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0