Алтын балыктар. Архив

АКШда аквариум балыктары чоңоюп, көлдөгү башка жандыктарды жеп салууда. Сүрөт

163
Американын үч штатынын бийлиги жарандардан үйдөгү аквариумда кармалган алтын балыктарды көлгө коё бербөөнү өтүнүүдө.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШда жапайы алтын балык болуп көрбөгөндөй чоңойгон. Бул тууралуу НТВ маалымат булагы жазды.

Миннесота штатындагы Бернсвилл шаарынын бийлиги алтын балыктарды жана декоративдүү карптарды дарыяга, көлгө коё бербөөнү өтүнүп, жергиликтүү тургундарга кайрылган. Аквариумда жашаган балыктар чоңоюп, тездик менен көбөйүп, экологиялык баланска жана суу жандыктарына коркунуч жаратууда.

"Айрымдар кооз балыктар жергиликтүү көлгө кошулса эч кандай зыяны жок деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Алар биз ойлогон көлөмдөн да чоңоюп, суудагы өсүмдүктөрдү тамырынан үзүп, суунун сапатынын бузулушуна таасир этет", — деп айтылат штаттын табигый ресурстар департаментинин билдирүүсүндө.

​Буга чейин мындай эскертүүнү Вашингтон жана Виржиния штаттары беришкен. Тыюу салуу Австралия жана Канадада да бар.

163
Белгилер:
аквариум, балык, көл, эскертүү, АКШ
Тема боюнча
Үйүрү менен кайыкка кол салып, рулун талкалаган косаткалар. Видео
Алтайдагы Катунь дарыясы. Архив

Алтайда 25 жаштагы кыргызстандык жигит дарыяга чөгүп каза болду

13
(жаңыланган 19:49 05.08.2021)
Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте жаранды издеп таба албай коюшкан. 10 күндөн кийин сөөгүн туристтер көрүп калган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Алтайда инструктор болуп иштеп жүргөн 25 жаштагы кыргызстандык жигит Катунь дарыясында сүзүп жүрүп чөгүп кетти. Бул туурасында Кыргызстандын Новосибирскидеги башкы консулдугу билдирди.

Окуя 20-июлда Тельдекпень-2 аймагында болгон. Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте издеп таба албай коюшкан.

"30-июлда туристтердин бири Катунь дарыясынын Еланда аймагынан кыргызстандык М.С. аттуу жарандын сөөгүн көрүп полицияга кабарлаган. Кыргыз диаспорасынын көмөгү менен маркумдун сөөгү Кыргызстанга 4-августта жиберилди. Жол чыгымдары үчүн Башкы консулдук тарабынан 70 миң рубль өлчөмүндө мамлекеттик компенсация төлөндү", — деп жазылат маалыматта.

Башкы консулдук окуянын иликтенишин көзөмөлүнө алганы белгиленди. Аны менен катар Россиянын ТИМинин Барнаулдагы өкүлчүлүгүнө, тергөө жана көзөмөл органдарынын жетекчилигине тергөө ишин көзөмөлгө алууну сурап кайрылуу жиберген.

13
Белгилер:
Алтай крайы, Кыргызстан, өлүм, дарыя, сөөк, жеткирүү
Тема боюнча
Экинчи ирет киргенде тапкан. Караколдо милиционер чөккөн өспүрүмдү куткарып калды
Ысык-Көлдө 15 күн мурда жоголгон турист кыздын сөөгү табылды. Сүрөттөр
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив

Айсулуу күмүш алганына карабай дүйнөлүк рейтингде биринчиликтен түшкөн жок

77
Кыргызстандык спортчуну Олимпиаданын финалында жеңип алган атаандашы, япониялык Юкако Каваи экинчи сапка көтөрүлдү.

БИШКЕК, 5-август. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жаңыланган рейтингинде биринчи орунду сактап калды. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жазылды.

Жаңы рейтинг Токио Олимпиадасындагы мелдештер жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Мында Тыныбекова күмүш медалга ээ болгон. Бирок ага карабай 78 упай менен лидерликтен түшкөн жок.

Ал эми финалда жеңишке жеткен атаандашы япониялык Юкако Каваи экинчи сапка көтөрүлдү. Анын чогулткан упайы 68 экени көрсөтүлгөн.

Үчүнчү орунда 44 упай менен украиналык Ирина Коляденко турат.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнүн 62 килограмм салмак категориясында 2019-жылы дүйнө чемпиону болгондон кийин UWW рейтингинде биринчи сапка чыккан. Ошондон бери лидерликти бербей келе жатат.

77
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, рейтинг, дүйнө, күрөш
Тема боюнча
Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү
Оморов: Кыргызстанда аялдар күрөшүнүн өнүгүшүнө Айсулуу Тыныбекова жол ачты
Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт
Олимпиада: Кыргызстан медаль боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапка чыкты