ЖМК: Кабулда айт намаз учурунда президенттик сарайдын жанына ракета ташталды

© Sputnik / Саид Закерия / Медиабанкка өтүүАвиабаза в Баграме
Авиабаза в Баграме - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Бүгүн айт намаз учурунда Кабул шаарынын борборуна ракеталар ташталганы айтылууда. Бирок жабырлануучулар боюнча маалымат бериле элек.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кабулдагы президенттик сарайдын жанына айт намаз окулуп жаткан учурда бир нече ракета ташталды. Бул тууралуу жергиликтүү Tolo News телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, айт намаз маалында ракеталар ташталып, үч ирет жарылуу угулган. Бирок жабырлануучулар боюнча маалымат бериле элек.
Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Афганистанда талибдер менен түрктөр салгылашабы?
Учурда Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген "Талибан" өкмөттүк күчтөр менен тирешүүдө.
17-июль күнү Катар мамлекетинин Доха шаарында Афганистандын тирешип турган саясий күчтөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду башталганы айтылган. Ага өкмөт тараптан Улутту элдештирүү боюнча жогорку кеңештин башчысы Абдулла Абдулла, ал эми талибандардын башында бул кыймылдын Катардагы кеңсесинин жетекчиси Барадар Ахунд катышкан.
*Талибан – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.
Жаңылыктар түрмөгү
0